Б. Мамырова: Арасына кимдер кирип алганы ачыкка чыгып, шерменделери чыгып жатат.

 

“Кыргызстан” партиясында 11 айдан бери ишке чыкпаган депутаты Насыр Мусаевдин тегрегиндеги маселе көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Ишке келбеген же мандатын тапшырбаган, мамлекеттик ишке кайдыгер караган депутаттын алкагында түрдүү божомолдор айтылууда. Мына ушул жагдайдын себебин билүү, коомчулуктун пикирин угуу максатында, Бөдөш Мамыровага  суроо узаттык.

 

- Конституцияда майыптардын да депутат болгонго акысы бар экени жазылган. Башкача айтканда, алардын квотасы бар. Бирок, мыйзам боюнча 30 күн заседаниеге себепсиз келбесе, иштей турган мүмкүнчүлүгү жок болсо фракция эбак эле чечим чыгарып, БШКга кайрылып, мандатынан ажыратыш керек болчу. Бул жагдайга маани бербей, билмексен болуп жатса, анда фракция ичинде колдонобуз деген өз ара кызыкчылык бар. Же алар үчүн маанилүү болгон каражат маселеси бар. Ошон үчүн иштөөгө таптакыр жөндөмү жок болсо да, билмексен болуп отурушат. Негизи “Кыргызстан” партиясы  чуулгандуу партия болду. Шайлоо бүткөндөн кийин чуусу басылган жок. Арасына кимдер кирип алганы ачыкка чыгып, шерменделери чыгып жатат. Бул партия абдан тез түзүлгөндүктөн  идея үчүн эмес, кызыкчылык үчүн гана биригишкен. Акчалууларга басым коюшкан. Ошон үчүн аялдар БШКнын тизмесинен өтүш үчүн гана керек болгон. Башкача айтканда, тизме БШКга тапшырылганда аялдардын квотасы эске алынып, парламентке келгенде аларды борттон ары ыргытышты. Жыйынтыгында, бир да аялзаты жок фракция болуп калды. Аялдарды жериген саясатын тизме түзүп жатканда эле колдонсо, “Кыргызстан” фракциясы БШКдан өтпөй калмак. Алардын арты менен өтүп алып, аялдарга мандатты ыраа көрүшпөй, адамгерчиликтен да, мыйзамды да тебелешти.  

 

 

     

Аэлита Сатындиева, Булак: “Майдан. kg” гезити