Т. Бектенов: Мыйзам боюнча 5 айдан кийин дарыгердин корутундусу чыгыш керек.
“Кыргызстан” партиясында 11 айдан бери ишке чыкпаган депутаты Насыр Мусаевдин тегрегиндеги маселе көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Ишке келбеген же мандатын тапшырбаган, мамлекеттик ишке кайдыгер караган депутаттын алкагында түрдүү божомолдор айтылууда. Мына ушул жагдайдын себебин билүү, коомчулуктун пикирин угуу максатында Турат Бектеновго суроо узаттык.
- Насыр Мусаев деген депутат бар экенин социалдык желелерден билдим. 11 айдан бери ишке чыкпаган депутатты парламент неге кармап отурат, түшүнүксүз? Оору ар бир пенденин башында бар денизчи, бирок бир жылга тете депутаттык ыйгарым укутарын аткара албаса, Жогорку Кеңеш эмне үчүн дарыгерлердин комиссиясына жөнөтпөйт? Мыйзам боюнча 5 айдан кийин дарыгердин корутундусу чыгыш керек. Ишке жарайт же жарабайт деген. Бул жерде башка маселе бар го дейм. Же бул депутатты бирөөлөр өз кызыкчылыгына колдонуп жатышабы? Угушума караганда, акчалуу депутат экен. Эл өкүлдөрүнүн жүрүм-турумун карачу Регламент комитети тыянак чыгаруусу зарыл. Жалпы парламенттин аброю үчүн уят да!!! Ансыз да парламентке көө жабуулар көп болуп атканда. Коомчулук Насыр Мусаевдин өз позициясын угуп көрүүнү талап кылышыбыз керек. Анткени эл өкүлдөрүн эл шайлаган да...
Булак: “Майдан. kg” гезити