К. Осмоналиев: Туура түшүнүңүздөр!
“Кыргызстан” партиясында 11 айдан бери ишке чыкпаган депутаты Насыр Мусаевдин тегрегиндеги маселе көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Ишке келбеген же мандатын тапшырбаган, мамлекеттик ишке кайдыгер караган депутаттын алкагында түрдүү божомолдор айтылууда. Мына ушул жагдайдын себебин билүү, коомчулуктун пикирин угуу максатында, айрым инсандарга суроо кайрылдык.
- Ден-соолугун жоготкон инсанды түшүнүү менен кабыл алып, ага айыгып кетүүсүн каалайм! Адам үчүн андан өткөн байлык жок! Бирок, мамлекеттик кызмат деген - бул адамдан көп эмгекти жана кажыбас кайратты талап кылган, түйшүктүү милдет. Ошого жараша укук дагы берилет. Насыр Мусаевди эмне үчүн инвалиддик берип, пенсияга узатышпай жүрүшөт? Бул түшүнүксүз? Мыйзам бузулуп жатпайбы? "Кыргызстан" фракциясынын бул инсандан көп "карызы" бар экендиги билинип эле турбайбы! Кандайдыр бир мөөнөткө чейин депутат болуп жүрө беришине кепилдик берип алышкандай. Башка себеп деле жок да! Өлкөдө миңдеген адамдар ден-соолугуна байланыштуу мыйзамдуу пенсия менен күн көрүп келишет. ЖКнын депутаты өзгөчө статуска ээ болууга укугу жок! Менин пикирим мыйзам чегинде гана айтылды!Туура түшүнүңүздөр!
Булак: “Майдан. kg” гезити