М. Абакиров: Мен сексенге жакындап калдым, алтымыш жыл иштепмин. Кыргызстанды коррупция чырмап, балдардын, неберелердин келечектерин ойлогондо тынчым кеткендигинен улам гана ушул кыймылга кошулдум.
“Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы “чыныгы Чоң Казат жарыялады. Ага мекендин тагдырына кайдыгер карабаган жарандардын бардыгы кошулушу, же коррупцияга каршы күрөш жалпы элдик кыймылга айланышы керек”- дешет “Түбөлүк демократ” Топчубек Тургуналиев жетектеген “Коррупциясыз кыргыз коому” кыймылынын мүчөлөрү.
Бул кыймыл ушул жылдын башталышында түзүлгөн. Мында анын азыркы абалы, көйгөйлөр жөнүндө кыймылдын негиздөөчүлөрү ой бөлүшөт.
Мелис Абакиров, кыймылдын мүчөсү, Кыргыз Эл жазуучусу:
- Коррупция Кыргызстанда системага айланган. Ал көз карандысыздыктан кийинки жылдары калыптанган, башында биринчи президент Акаев турган. Ал эки-үч жыл жакшы эле иштеген, бирок анан Левитин дегенди кеңешчи кылып алып, эл чарбасын талкалады. Анысы университетте ортозаар окутуучу болуп жүргөн неме эле, бирок аны Акаев “буга эч кимиңер жетпейсиңер” деп асмандата мактап, анын, чет элдик гастролёрлордун айткандарын аткарып жүрүп, экономикадагы, социалдык чөйрөлөрдөгү байлыктардын баарын талатып, тонотуп, үй-бүлөсү менен өзү да аларга кошулду. Ошол убакта ар бир майлуу-сүттүү кызмат Акаевдин үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан сатылчу, ставкалары бар эле. Губернаторлуктун ставкасы - 70 миң, чоң райондорго акимдик -50 миң доллардан, республикалык деңгээлдеги кызматтар алардан кыйла жогору болгон. Билимине, тажрыйбасына, жөндөмүнө карашпады, эл чарбасына кошо советтик мезгилде калыптанган кадр системасын да талкалашты. Экинчи президент андай абалды оңдободу, тескерисинче коррупцияга балдары, бир туугандары аралашып кетишти. Ал эми төртүнчү президенттин тушунда айдоочулары, жан сакчылары, катчылары, көңүлдөштөрү да грант- кредиттерди каалагандай ашашты, кадр саясатынын жетекчиси - шопур болду. Алар бизди белчебизден сырткы карыздарга батырышты. Эми бешинчи президент аларды кантип ооздуктарын билбей шайы кетүүдө.
Мен сексенге жакындап калдым, алтымыш жыл иштепмин. Кыргызстанды коррупция чырмап, балдардын, неберелердин келечектерин ойлогондо тынчым кеткендигинен улам гана ушул кыймылга кошулдум. Коррупцияга каршы күрөштү—Кыргызстандын, балдарыбыздын келечеги үчүн күрөш деп түшүнүбүз керек. Айрым коррупционерлер түрмөгө түшсө деле күндө кымыз ичип, казы-карта,чучук жеп, телевизор көрүп, гезиттерди окуп, интервьюларды берип, эркиндикте жүргөндөй жашашарын угуп жүрөбүз. Андай болбошу керек.
Президентке биз жардам беришибиз керек. Жалпы эл кошулмайынча коррупцияны бийликтин күчү менен жок кылуу кыйын. Кимдер коррупционер экендигин эл жакшы билет, анткени, бири - аларга кошуна, экинчиси-- тууган, үчүнчүсү-- бирге иштешет, төртүнчүсү-- жек жаат. Алардын кайдан мыйзамсыз кирешелерди таап жатышкандарын көрүп турушат. Бирок, эл пассивдүү болуп жатпайбы. Ар кимибиз коррупциялык көрүнүштөр боюнча билгенибизди, көргөнүбүздү айтып, ага мажбурлагандарга ачык каршы чыксак эле өзүнөн өзү азаймак. Тилекке каршы, элдин бир бөлүгү ага өздөрү шерик. Бер дегенин каяшасыз эч кимге билдирбей бере коюшат.
Мен спецооруканада жатсам, бир врач оголе көп дарыларды жазып келип, ушуларды аптекадан сатып келиң дейт. Мурда жатканымда антишчү деле эмес. Эсептетсем, бир айлык пенсиям араң жетет экен. Аны башкы врачына айтсам, ал врачын аябай урушкан экен, бөлүм башчысы келип кечирим сурады. Өзүңөр ойлоп көргүлө, Кыргызстанга белгилүү, персоналдык пенсионер деген мага ушундай мамиле кылышса, жер-жерлердеги жөнөкөй адамдардын жөн эле кандарын соруп жатышат да. Эмне үчүн Кыргызстанда бир да мамлекеттик аптека калган эмес? Дарылардын бардыгы советтик мезгилдегиден 3-4 эсе кымбат? Тескерисинче, атаандаштык шарттарда дарылар арзандашы керек эле го. Анткени, тармактын бардыгы коррупциялашкан, аптекалардын көпчүлүгү ошол врачтардын эле өздөрүнүкү. Сен көрүнсөң, өзүнүн же үлүшү бар аптекасына дары алып кел деп жиберет.
Билим берүү системасы бакчалардан ЖОЖдорго чейин коррупциялашкан. Азыр көп жерлерде орто мектепке мугалим болуп кирүү үчүн да пара беришет, антпесе орун жок деп алышпайт. Башка тармактарда деле абирелүү кызмат орундарынын баары сатылат. Бийлик ар кимдин чөнтөгүн, эмне кылып жатканын текшерип отурмак беле. Аларга каршы эл көтөрүлгөндө гана тыйылат.
Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити