К. Романов: Аны Жогорку Соттогу Мазаралиева деген судья жетектеген топ “төмөнкү инстанциядагылардын чечимдери туура, эми кайра каралбайт” деп жаап салды.
“Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы “чыныгы Чоң Казат жарыялады. Ага мекендин тагдырына кайдыгер карабаган жарандардын бардыгы кошулушу, же коррупцияга каршы күрөш жалпы элдик кыймылга айланышы керек”- дешет “Түбөлүк демократ” Топчубек Тургуналиев жетектеген “Коррупциясыз кыргыз коому” кыймылынын мүчөлөрү.
Бул кыймыл ушул жылдын башталышында түзүлгөн. Мында анын азыркы абалы, көйгөйлөр жөнүндө кыймылдын негиздөөчүлөрү ой бөлүшөт.
Кытайбек Романов, Кыймылдын мүчөсү, журналист:
- Соттор мыйзамдын негизинде чечим чыгармайынча коррупция азайбайт. Азыр айрым соттор аракеттеги мыйзамдарга каршы келген чечимдерди деле чыгара беришет. Анткени, соттук системанын ичинде өзүнчө кызыкчылыктагы топтор калыптанган. Райондук, шаардык деңгээлдеги соттор мыйзамга каршы чечимдерди чыгарышса, аларды облустук деңгээлдеги тилектештери колдошот, алардыкын Жогорку Соттун айрым судьялары туура деп табышат. Анан ал мыйзамга каршы болсо да “Жогорку Соттун чечими акыркы, кайра кароого жатпайт” деп жабылып калат.
Бир мисал. Райборборлордогу, шаарлардагы жолдун жээктериндеги жерлерди ошерде жашагандарга убактылуу пайдаланууга уруксат берүү жөнүндө өкмөттүн тийиштүү чечими бар, аны Жогорку Кеңеш да бекиткен, Башкы прокуратура мыйзамдуу деп тапкан. Ага ылайык, чоң жолдордун жээгиндегилер өздөрүнүн үйлөрүнүн тушунда бош жерлер болсо, архитектуранын уруксаты менен ал жерлерге күркө, чакан павильон орнотушса же өздөрү иштетише албаса, башкаларга ижарага беришсе болот. Бирок, аны соттордун мыйзамдуу эмес тапканын көрүп келатамын.Алардын аргументтери боюнча, жолдордун жээгиндеги жерлер ЖМКларгаатайын жарнама жарыяланып, сынактын негизинде гана убактылуу пайдаланууга берилиши керек экен. Өкмөттүн чечиминде ар ким өз үйүнүн тушундагы бош жерди убактылуу пайдаланууга укуктуу деп жазылып турса, ал өзүнө өзү сынак өткөрүш керекпи? Башкалар сынакта жеңип алышса деле ал жерде жашаган адам макул болбой койсо, ал сынак эч нерсеге жарабай турган болуп калат. Буга карабастан Нарын шаарындагы убагында А.Батукаевди түрмөдөн чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алган судья жогоруда айтылган маселе боюнча Жогорку Кеңеш жактырган Өкмөттүн токтомуна каршы чечим чыгарды эле, аны облустук соттогу Дүйшөнбекова деген судья ырастады. Аны Жогорку Соттогу Мазаралиева деген судья жетектеген топ “төмөнкү инстанциядагылардын чечимдери туура, эми кайра каралбайт” деп жаап салды.
Жолдун жээгиндеги жерлер мамлекеттики болуп саналат. Ага ким жарнама бере алат? Ушундай маселелер боюнча айрымдары президентке арызданышса, ал Башкы прокуратурага жолдойт. Андагылар “арыздангандыкы туура, бирок Жогорку Соттун чечими кайра кароого жатпайт” деп алар да жаап коюшууда. Эгерде Жогорку Сот баш болуп төмөндөгүлөр мыйзамсыз чечим кабыл алышкандары анык болсо, эмне үчүн андай чечимдерди кабыл алган судьялар жазаланышпайт?
Кыргызстанда мыйзамсыз чечим чыгарган, мыйзамсыз жарандарды кармап, камаган прокуратура кызматкерлерин көрө элекмин. Кээде баланча судья, тигиндей тергөөчү кармалды деп калышат, бирок ошол айтылгандар элге жеткиче эле жоопкерчиликтен кутулуп кетишет. А.Батукаевди мыйзамсыз чыгарган судья же Т. Тургуналиев,Ф.Куловдон берки саясый туткундарды камоого өкүм кылган сульялар кандай жаза тартышты? Эч кандай жаза тартышкан жок. Кандай бийлик келбесин алгач сотторду тартипке салабыз деп опурулат, бирок кармалган судьялар деле бир күн түрмөгө жатпай бошонуп кетишет.
Соттор өзүнүн билгенин кылып,өтүгүн төргө илген кастага айланып калган.
Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити