Сапар алды
Россия менен Кыргызстандын саясий-экономикалык жааттагы алакасы түшүнүүчүлүк, достук нукта, стратегиялык өнөктөштүктө бараткандыгы дагы бир жолу тастыкталып олтурат. Дегенибиз, өткөн жумада Россия бийлиги ал жакта миграциялык мыйзамдарды бузуп жүрүшкөн кыргыз жарандарына “миграциялык мунапыс” берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Россиянын Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча Башкармалыктын башчысы Валентин Козаков расмий түрдө билдирди.
В.Казаков андай чечим кыргыз-россия келишимдеринин алкагында, Россия президенти В.Путиндин Кыргызстанга жасачу мамлекеттик иш сапарынын алдында кабыл алынганын кошумчалады. Эми аталган чечимге ылайык, Россиянын миграциялык мыйзамдарын бузуп жүрүшкөн кыргыз жарандары 2019-жылдын 22-апрелине чейин тоскоолдуктарсыз Кыргызстанга келишип, кайра эч кандай административдик жоопкерчиликке тартылбай эле Россиянын аймагына кире алышат. Кыргыз жарандарына Россияга ушул жылдын 1-майынан тартып кайрадан кире баштоо сунушталууда.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Россиянын президенти Владимир Путин менен буга чейинки жолугушуусунда аталган маселе боюнча сүйлөшүүсү ийгиликтүү жүрүп, анын натыйжасында Россиянын аймагында мыйзамсыз жашап жүрүшкөн Кыргызстандын 211 миң жаранына “миграциялык мунапыс” берүү макулдашылган эле.
Учурда Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматы Россиянын аймагына кирүүсүнө уруксат берилген Кыргызстандын жарандарынын тизмесин алды. Россияда жашап, иштеп жүргөн ар бир кыргызстандык өздөрүн бул тизмеден карап, текшерип алышса болот.
Буга байланыштуу Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматы менен КРнын Россиядагы элчилиги Россия жергесинде жашап жатышкан кыргыз жарандарына кайрылып, “миграциялык мунапыстан” пайдаланып алууга чакырууда. Бул мунапыстан пайдалануу менен мекендештерибиз өздөрүнүн шарттарын жеңилдетип, Россияда кенен-кесири жашап, иштөөгө мүмкүнчүлүк алат, өздөрүн ар кандай тобокелчиликтерден арылтат.
Булак: “Майдан. kg” гезити