Чебиң неге бек эмес!
Ушул жылдын 13-мартындагы Кыргыз-Тажик чекарасындагы чоң жаңжалдын кесепетинен Баткен облусуна караштуу Ак-Сай айылынын тургуну катуу жараланып, дароо ооруканага жеткирилди. Ал эми тажик тарап дагы “уруш маалында бир кишибиз каза таап, жыйырмадан ашык жараныбыз жараланды” деген маалымат таратты.
Коңшу өлкө расмий түрдө тараткан маалыматка караганда, мерт тапкан 43 жаштагы Хусейн Хакимов Тажикстандын Исфара районунда мугалим болуп иштечү. Анын Кыргыз тараптан атылган октун кесепетинен жеринде эле жан бергендиги айтылууда. “Ок Хусейн Хакимовдун дал төшүнө тийген. Ал канды көп жоготкондуктан улам, акыры каза тапты",- деп жазды “Азаттык” үналгысынын Тажик кызматы аты-жөнүн атабаган өз булагына таянып.
Айтмакчы, эки өлкөнүн жарандарынын тирешүүсү Тажикстандын Тожикон айылынын жашоочулары чек араны демаркациялоо иштери аяктаганга дейре Ворух анклавын айланып өтчү Баткен облусунун Ак-Сай - Тамдык унаа жолунун курулушун сөзсүз түрдө токтотууну талап кылгандан кийин гана курчуган. Анткени, Тажикстандын Ворух анклавынын тургундары Ош-Исфана жолунун Жеке-Өрүктү бөлүгүн биротоло жаап ташташкан. Ошондуктан, аймакта иштеп жаткан жалгыз трактор чек арадан эки чакырым алыстыкта Кыргызстандын аймагында жүргөн. Кыргызстандын Чек ара кызматы жаңжалдашып жаткан тараптарды тынчытуу максатында эки өлкөнүн тең чек арачылары эскертүү иретинде асманды карай ок атышкандыгын дагы ырастады.
- Чек арачылардын Кыргыз-Тажик чек арасындагы чыңалган кырдаалды ырбастпастан жөнгө салуу далбасасына карабастан, эки өлкөнүн тең чектеш аймактарында жашап жатышкан тургундар бири-бирине өтө агрессивдүү мамиле жасашып, мунун айынан тажик жарандары Кыргызстандын жаранынын үйүн каратып туруп өрттөп жиберишкен,- дейт Кыргызстандын Чек ара кызматынын аты-жөнүн атоодон тайсалдаган өкүлү. - Ошентип, жаңжал маалында Кыргызстанга караштуу Таш-Тумшук тилкесиндеги бир үй, Аudi үлгүсүндөгү бир автоунаа, КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаанын бир чиркегичи өрттөнгөн. Өрт өчүрүүчү топту ал жактарга Тажикстандын жарандары таптакыр өткөрбөй коюшкан. Мындан тышкары тажик жарандары Баткендин Ортобоз айылындагы дагы бир сарайды өрттөп салышкан. Андан Кыргызстандын бир жараны жараланып, Баткендин Самаркандек айылындагы ооруканага жеткирилген.
Айтмакчы, 2008-жылы кыргыз-тажик өкмөт өкүлдөрү ар кандай чыр-чатактардын алдын алуу максатында Ворух тажик анклавын аралап өткөн жолдон таптакыр баш тартып, айланма жол курууга өз ара макулдашышкан. Тилекке каршы, тажик тарап кийин позициясын ыкчам өзгөртүп, муну үчүн Ворух анклавын Тажикстандын негизги аймагы менен туташтырган коридор берүүнү дагы катуу талап кылган. Кыргыз Өкмөтү бул талапты таптакыр четке кагып, “Айланма жол курула турган аймак Кыргызстанга гана караштуу”- деген таризде аталган Ак-Сай-Тамдык жолун курууну баштап, бирок, анын курулушу бир нече ирет токтотулуп, а түгүл үзгүлтүккө дагы учураган.
Бул арада Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) алдындагы Чек ара башкармалыгы кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча өзүнүн расмий билдирүүсүн таратты. Анда мындай делет: “13-мартта Кыргызстан Исфара шаарынын Ворух жамаатынын аймагында Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык унаа жолун кура баштаганы жазылган. Кыргыз тараптын бул аракетине чек арага жакын жашаган тажик жарандары нааразычылыгын гана билдиришкен. Бирок, жооп иретинде кыргыздар тараптан кадимкидей ок атылган. Кыргызстандын укук коргоо органдары Исфара-Ворух унаа жолун жаап, ал аркылуу тажик жарандарынын автоунааларын таптакыр өткөрбөй коюшкан. Буга улай Кыргыз чек арачылары “Ак-Сай” чек ара бекетинде “Газель” менен бараткан 30 тажик жаранын дагы барымтага алышкан. Ворух жамаатына Баткен облусунун Ак-Сай айылынын төрага орун басары Эркина Жалчиева 50-60 кыргыз жараны менен келип, Ворухтун жашоочуларына кадимкидей таш жаадырган. Мунун кесепетинен он бир тажик жараны түрдүү даражада жараланып, ооруканага жеткирилген. Мындан тышкары анда Тажикстандын Чоркух айылы тараптан Кыргыз жарандары аңчылык курал менен ок атып, андан Тажикстандын 43 жаштагы тургуну көкүрөк тушуна ок жеп, ооруканада каза тапты. Ошондой эле Кыргыз жарандары Чоркух жамаатынын аймагындагы кампаны жана тегирменди дагы өрттөп жиберишти”. Тажикстандын Чек ара кызматы баса белгилегендей, бул жаңжалдын ырбашына Кыргызстандын Ак-Сай айылдык Кеңешинин төрайымы Роза Усарованын Кожо-Ало айылы менен чектеш аймакты басып алуу аракети түрткү болгон.
Мындан ташкары Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара башкармалыгынын басма сөз кызматы тараткан билдирүүгө таянсак, "Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык" жолунун курулушу Өкмөттөр аралык эки тараптуу келишимди орой түрдө бузуу менен башталган. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын атын атабаган мурдагы мүчөсү Тажикстан чыр чыккан жерди өз аймагы деп тааный тургандыгын кошумчалады: “- 1924-1927-жылдардагы Эл аралык мааниде таанылган документке ылайык, Кыргыз тарап азыр жол салып жаткан жер дагыле Тажикстандын аймагы болуп саналат”, - деди тажик аткаминери.
Ал эми Баткен облусунун биргездеги губернатору, ушул тапта Кыргыз Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Жеңиш Разаков аталган аймакты кыдырып жүрүп кыргыз-тажик чекарасындагы кырдаалды улам-улам курчутуп жаткан чагымчыл күчтөр бар экендигин шардана кылды.
- Баткен облусунда Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаалды улам-улам ырбаткан чагымчыл күчтөр дагыле бар! Ошондуктан, тынч жаткан акыбалды козуткан андай адамдарга жергиликтүү тургундар таптакыр азгырылбашы жана алданбашы кажет! - деди Жеңиш Разаков.
Кыргыз бийлиги чыр-чатакка кабылган Баткен районуна караштуу Ак-Сай айылынан аялдарды жана балдарды Баткен шаарына убактылуу көчүргөн болчу. Төрт жүз чакты адам кичи автобустарга салынып, коопсуз жайларга жеткирилген. Алар Баткен шаарындагы №57-лицейге жана №3-мектепке жайгаштырылып, бүт керектүү нерселер жана азык-түлүктөр менен камсыздалып турду. Сан даярдалып жатканда кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү аяктап, алардын баары өз үйлөрүнө кайтарылгандыгы дайын болду.
Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстандан премьер-министринин орун басары Азим Иброгим баш болгон эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында Баткендин Ак-Сай айылынан буулуп турган Ворух-Исфара жолу дүйшөмбү күнү ачылды. Ош-Исфана жолу да ачылып, каттам кадимкидей жанданды. Буга чейин тажик тарап караманча каршы болгон Аксай-Тамдык жолунун курулушу да улантылмай болду.
Ошентсе да, Баткендин чек арага чектеш аймактарынын тургундары тарабынан коюлган талаптар дале күчүндө. Алсак, алар чек ара сызыктарын зым же дубал менен тосууну, ошондой эле элден кабар албаган, коёндой жашырынып жатып алган Абиш Халмурзаев баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн отставкасын талап кылышкан. Бул багытта бийлик кандай чечим кабыл алат, азырынча белгисиз.
МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ
Расмий маалыматтарга таянсак, кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 чакырымга созулат. Бирок, булардын 504 чакырымы эмдигиче демаркация жана делимитация болуп бүтө элек.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Баткен облусу
Булак: “Майдан. kg” гезити