Кыңыр иш кырк жылда...

 

 Социалдык тармактарда кыргыз-тажик чегарасындагы жаңжалга айтылуу тилбезээр Мадумаровдун тиешеси бардыгын аныктаган протоколдун сүрөтү жарыяланды. Андагы маалыматтарга таянсак, Адахан Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган маалда Тажикстандан 275 метр жерди Тажикстандан ижарага алуу тууралуу келишимге кол койгон.

Ошентип ал кыргыз элине тийешелүү жерди тажик өлкөсүнүн пайдасына документтештирип ийген. Кудум эле атасынан калган мурасты берешендик менен бөлүштүрүп ийгендей болуп. Ошол катчынын калпыстыгы, кайсы бир кызыкчылыгын ишке ашыруудагы куралы болуп коңшу мамлекеттин карамагында калган жердин айынан бүгүн эки эл жоолашып жатышат.

Албетте, Адахан Мадумаров муну да жокко чыгарды. Ал эч убакта өз айыбын моюнуна алып көргөн эмес, чечендиги менен караңгыдан жол таап, суудан кургак чыгып кетет. Эчен жылдан бери чыгып эле келатат. Бул сапар да кыргыз жерин коңшу мамлекетке өткөрүү менен кыргызстандыктарга жакшылык кылганын айтты.

 

“Кырдаал татаал болчу. Тажикстан Көк-Таш айылындагы жолго бир тараптуу чегара постун орнотуп алышкан. Бул жол Ош менен Баткенди бириктирип турган жалгыз жол. Кыргызстандыктар өз жеринде кенен жүрө албай калышты, эки жакка көптөгөн текшерүүлөр менен өтүшчү. Мындан улам чегарадагы талаш жерлерди делимитациялоо жана демаркациялоо жыйынтыгын күтпөстөн курч кырдаалда жөнгө салуу зарылчылдыгы жаралды”,- деди саясатчы маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде.

 

Андан ары кыргыз жерин коңшу мамлекетке кармата бергенин “дипломатиялык жеңиш” катары баалаган. Анын негизинде, Кыргызстан Тажикстандан чегарадагы 275 метр жерди 49 жылга бир долларга ижарага алган. Аныгында ал жер Кыргызстандыкы болгонун, Мадумаров бул документке кол коюу менен ал жерге укукту тажиктердин пайдасына бекитип берип койгонун Баткендин экс-губернатору Мамат Айбалаев ачыктады.

 

Эмнеге коңшу мамлекеттердин өкүлдөрү ушул убакка чейин курч кырдаалдарды өз пайдаларына ылайыктап чечишет да, биздин Мадумаров сыяктуу “чоңдорубуз” алардын ыңгайына жараша гана чечим кабыл алышат? Анан дагы бул прокотолдун соцтармактарга тарашын “душмандарынан” көрүп, Баткенде кадыр-баркы жогору экенин, ага ичи тардык кылгандар баткендиктерге жек көрүндү кылгылары келип жатышканын айтып чыгыптыр.

 

 Ар бир кыргыз үчүн өз жери кымбат, айрыкча чегара аймактарында жашаган эл бир карыш жердин барк-баасын өзгөчө билишет. Буга дейре Мадумаровду баткендиктен сыйласа, балким анын саткынчылыгын билбей сыйлап алышкандыр. Эми болсо миң актанса да жерди коңшуларга кармата бергени факт, протоколдо анын колу турат, өчүрүп, жаап-жашырып сала албайт. Калп эле кыргыз жери үчүн жаны күйгөн адам болуп безилдеп сүйлөгөнү бир тең, иш жүзүндө кыргыз жерине “сүйүүсү” канчалык күчтүү экенин далилдеп бергени маанилүү.

 

Негизи, саткындар “мен сатпайм” деп катуу кыйкырат, жалган патриоттор ушинтип көшөгө артында жерди кармата берип, эл алдында “мекенимдин бир тилке жери үчүн өлүп берем” дейт. Тил менен иш айкалышканда гана аны элге күйгөн саясатчы деп атоого болот. А Мадумаров өмүр бою “жер саткан саясатчы” атка калды. Эми канча безилдеп, чеченсинбесин айырмасы жок, жаман аттуу болгондон кийин кайра элге жакшы көрүнүү кыйын.

 

 

 

Булак: “Майдан. Kg” гезити