Жаз келди... Саясат кайнай баштады...

 

Бийликти узурпациялагандыгын мойнуна алды

 

Адатта цивилдүү өлкөлөрдө жалпы улуттук деңгээлдеги тарыхый окуяларды бийликтегилер менен оппозициячылдар, башка ар кандай багыттардагы, көз караштардагы саясый күчтөр биргеликте белгилешет. Андай окуялар жалпы улутту бириктирүү үчүн кызмат кылат. Тилекке каршы, Аксы окуясын экс-президент Алмаз Атамбаев жана анын айланасындагылар эл менен бийликти кайраштырып, ынтымакты ыдыратып, аймактарды бөлүп жаруу максатында пайдаланышкандыктарына бардыгыбыз күбө болдук.

 

 17-мартта “Форумда” өткөрүлгөн митингде экс-президент А.Атамбаев Аксы окуяларына өз сөзүнүн башталышында эле реверанс жасагандыгы болбосо, бир сааттык баяндамасынын дээрлик бардыгын өзүнүн президенттик мезгилде аткаргандарын мактап, даңазалооого, айрымдары боюнча актанууга, анан мураскору Сооронбай Жээнбековдун аткарып жаткандарын каралап сындоого арнады. Мында алгач белгилей кетчү нерсе, жакшылап көңүл бурушкандарга экс-президент АША өзү мамлекетти башкарып турган убакта бийликти узурпациялап алгандыгын өзү байкабай ачык мойнуна алгандыгы билинип калды. Анткени, бир сааттай сөзүнүн жыйырмадан ашык жеринде саясый, экономикалык жана социалдык маселелерге байланыштуу “мен чечкем, мен кургам, мен кылгам, мен түзгөм, айлыктарды мен жогорулаткам, мен бергем”, “мен...” ,мен...” деген маанидеги сөздөрдү айтты.

 

 Парламентти жаш баланын чимкиригине салыштыргандыгына жалпы кыргыз эли күбө болду. “Жаман көргөндүн бөркү да казанбактай” деген чын. АША үчүн аракеттеги президентти колдогон парламент да бокочодой көрүнүп, уйкусун качырган жадатма идеяга айланып калыптыр. АШАнын ал сөзүндө бурмалоолор, ачыктан ачык калптар, мыйзамга ылайык келбеген билдирүүлөр да аз болбоду. Алардын баары иликтеп-жиликтеп, укуктук так баа берүүнү талап кылат. Анткени, АША 2011-жылдан бери оюна келгенди оттоп, атаандаштарын, жаман көргөндөрүн оозго алгыс сөздөр менен боктоп эле келатат, бирок алардын бири үчүн да жооп бере элек...

 

Кутудагы киши

 

АША “Форумдун” короосунан чыккандан коркуп, элге аралаша албай калгандыгын дагы бир жолу көрсөттү. Жалпы улуттук деңгээлдердеги саясый, тарыхый жана маданий маанилери бар иш-чараларга барбайт, көз карандысыз эркин ЖМКларга интервью бергенден коркот, анткени, алар курч суроолорду берери турган иш. Маалмаал өзүнүн “Форумуна” келип, аны бир взводдой жан сакчыларына ар жагынан тостуруп алып, өзүнүн “Апрель” телеканалына арман-азиреттерин айтып кетет. Бул жагынан ал, мурда бир гезит туура жазгандай, кутудагы адамга айланып алган. Кутуда гана жашырынып жүрөт, андан тумшугун чыгаргандан да коркот. Жанында болсо 3-4 эле адам калды.

 

Акырындап тынчып, аракеттеги президент менен кайра-кайра элдешүүнү издеп жаткан АШАны кайра жаралуу аюудай бакыртып, 17-марттагыдай билдирүүлөрдү жараткандын негизги себептеринин бири – СДПК партиясынын көпчүлүк мүчөлөрүнүн партиянын 3-апрелге курултайын чакыргандыгында болуп саналат. Анда АША акыркы таянычынан ажырап, Равшан Жээнбековго окшогон катардагы көчө саясатчыларынын бири болуп калганы турат. Ага парламентте экс-президенттерден кол тийбестикти алуу боюнча мыйзам долбоору кабыл алынып, президенттин кароосуна жөнөтүлгөнү жатканы да кошумча болду. Эки жактан эсин оодаргыдай сокку жеген АШАнын айласы кетип, чындап ок тийген аюудай бакырып чыккандан башка аргасы калбады. Уурунун бир жери кууш.... Модернизациялоо учурунда Бишкек ЖЭБинен 120 миллион доллар уурдалгандыгы боюнча ЖМКлар нече жолу келтиришти. 386 миллион долларга ЖЭБдин 30 пайызы гана жаңыланган. Андай акчага Арменияда, Тажикстанда кубаттуулуктары Бишкектегиден жогору жаңы ЖЭБдер курулду. Мурда Бишкектеги ЖЭБ 180 мегаватт электр энергиясын өндүрсө, модернизациялангандан кийин ага 150 мегаватт гана кошулду. Же ар мегаваттын баасы 3,4 миллион долларга айланды. Жылуулугуна канча гикакалория кошулгандыгы белгисиз. “Электр станциялары” ААКсы ЕРСтик келишим дегенге кол коюп, модернизациялоону баштаганда Кыргызстандын аракеттеги 10го жакын мыйзамдары бузулган.

 

Мына ушуларды ж.б. фактыларды көрүп туруп, АШАнын “бардыгы мыйзамдуу болгон” деп бир жылдан бери кайталап, ал кылымдын аферасынын башкы аткаруучусу Сапар Исаковду баш кылып, калгандарын кошо мактап келаткандыгы, элибиз көрүп турганын да танган жан кечтилер жөнүндө айткандай, ал келишимде чоң кызыкчылыгы бар инсан экендигин гана айгинелөөдө.

 

Аларга Улуттук тарых музейин оңдоодогу, Чолпон-Атадагы ат майданын куруудагы уурдалган акчаларды, жогорку чыңалуудагы Датка-Кемин электр энергияларын өткөргүчтөрүн , альтернативдүү Түндүк-Түштүк автожолун куруудагы кымырылгандарды кошкондо, АШАнын тушунда ири долбоорлордон 300 миллион доллар уурдалгандыгын депутат К.Исаев жакында айтты. Башка серепчилер, көз карандысыз эксперттер да аны негизинен ырастап атышат. Мында бир фактыга көңүлүңүздөрдү бургубуз келет. А.Шадиевдин менчик фирмасынын бухгалтери Датка-Кемин долбоорунун да эсепчиси болгон. Ал долбоор аяктагандан кийин А.Шадиевдин ташы өйдө кулабай эле учту десек болот, ЖКга депутаттыгын сактоо менен биринчи-вицепремьер министр болду. Анын ЖКнын кассасынан 30 миң долларды уурдагандыгы аныкталган менен ага Башкы прокурор, АШАнын эң жакын адамдарынын бири Индира Жолдубаева убагында кылмыш ишин козгобогондугунан улам А.Шадиев өткөн жылы жазда АКШга качып кетти. Эмне үчүн АША А.Шадиев жөнүндө таптакыр ооз ачпайт?

 

 Мына ушуларды көрүп туруп “Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” деген макалдын чындыгына дагы бир жолу ынанасың. Албетте, аны күнөөлөрүнө жараша жазага кириптер кылбаса, “колуңардан эмне келет” деп тайраңдап, өлгүчө карганып, эл арасын иритип, аймактарды - бири-бирине, элди - бийликке кайраштырып жүрө берет.

 

АША жанын жеген жалганчыга да айланды

 

АША ал бийликке келген учурда Кыргызстандын саясый, экономикалык жана социалдык жактардан бүлүнүп, чачылып, кыйрап калуу коркунучу алдында тургандыгын, аны кыйроодон өзү сактап калгандыгы жөнүндө көп айтат. Элестүү айтканда, өзүн Мустафа Кемаль Ата Түрктөй, Гейдар Алиевдей, Эмомали Рахмондой улуттун куткаруучусу катарында көрсөтүүгө аракеттенет.

 

 Дайыма өйдүк-сөйдүк сүйлөгөн, өмүрүндө бир жума да ишке толук келбеген, алты жылдык президенттик убактысынын жарымын эс алууларда, дагы бир бөлүгүн “баш жазуулар” менен өткөргөн АША жогоруда аталган инсандардын чыпалактарына арзыр бекен?

 

АШАнын ыйманын жеп калп айтып жаткандыгы анык болот. Кыргызстанда кыйроо коркунучу 2010-жылдын июнундагы түштүктөгү коогалаңдарда жаралгандыгы чындык. Анын жаралышына себепкерлердин бири сепаратисттер менен көз кысышып, аларды оолуктурган АША өзү экендиги да эбак эле айтылбады беле.

 

 Саясый маданият гана эмес, этика, оор басырыктуулук, кеп көтөрүмдүүлүк дегенден эч нерсе жоктугун гана айгинелейт.

Э.Рахмон менен И.Каримов саммиттерде көп кайым айтышкан, түрткүлөшкөн учурлары да болгон, алар ЖМКларга чыккан. Андай нерселерге басым жасап, апырта берүү өлкөлөрдүн мамилелерине гана терс таасирин тийгизет. Тилекке каршы, АША акыркы убактарда Ислам Каримовду жамандоо менен Өзбекстан менен Кыргызстанды кайраштырып гана келатат.

 

И.Каримовду АША бокочосундай көрсө, ал өзүнүн жекече маселеси, бирок кошуна өлкөнүн тарыхында калып, улуттук лидер катарында ардакталган жетекчисин жамандай берүү - эч качан эки өлкөнүн мамилелерине оң таасирин тийгизбейт.

 

Тилекке каршы, АША үчүн бирөө ишенеби, ишенбейби, өзүнүн алты жылдык коррупцияланган кылмыштуу криминалдык башкаруусун актоо үчүн, оозуна келгендерди айта берүүсү да адатка айланып баратат. “Жок армияны мен түздүм” дегени да ошондой өрдөктөрдөн. Армияга 1999-жылдагы Баткен окуяларында эле көңүл бурула баштаган. АШАнын тушунда офицерлер үчүн батирлер салынса эле, армиянын маселеси чечилди деген да чындыкка жакындабайт.

 “Бакиевдин режиминин тушунда да үй-бүлөмө, балдарыма тийишкен эмес болчу, азыр тийишип жатышат” деди.

 

Журналисттер балдарынын электр энергеияларын сатууга ортомчу болуп, жылыга 200 миллион сомдон пайда таап жатышкандыгы жөнүндө ЖМКларга жарыялангандыгы чындык, бирок ага Жээнбековдордун кандай тиешелери бар? Ал тууралуу Ө.Текебаев АША бийликте турганда деле айтып келген, айрым журналисттер аны жаңы өңүттө чагылдырып жатышкандыр.

 

Үй-бүлөлүк башкаруудан да коркунучтуу криминалдык кландык башкаруу

 

Бирок, жекече кызыкчылыктарга гана негизделген коррупциялашкан криминалдык кландык башкарууну орноткондугу чындык. Бул туурасында саясатчы Эмил Жураев эң туура белгилеп айтты. “Атамбаев “бийликке үйбүлөмдү аралаштырган жокмун” деп өзүн көтөрмөлөп, жакшы президент катары көрсөтүп жатат. Бирок ал өзүнүн эң жакын, саясий кызматка туура келбеген кишилерин кызматка койгон. Мунун үй-бүлөлүк башкаруудан айырмасы деле жок”- деди серепчи. Маселен, тармакта бир күн да иштебеген эки айымды Башкы прокурор кылып дайындап, алардын колдору менен атаандаштарын каматты. НПОшница болуп жүргөндү вице-премьерминистр, Билим берүү жана илим министри, жаңжалдан башы чыкпаган дагы бирөөсүн Маданият жана маалымат министри, тармакка тиешеси жок бир кайнисин УКМКнын жетекчиси, экинчисин Энергохолдингдин башчысы, айдоочусун көлөкөдө туруп алып кадрдык маселелерди чече турган президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары кылып дайындады. Анысы туугандарынын 20га жакынын жооптуу чоң кызматтарга алып баргандыгы жөнүндө тизме жарыяланды. Эшик басар катчысы депутат, спикердин орун басары, жан сакчылары Ички иштер министри, УКМКнын жетекчисинин орун басары болушту. Өзүнүн аппаратына мурда ЦАРИИде чемодан ташыгыч болуп жүргөн шылуундарды топтоду. Бул жерде бардыгын санап чыкканга да мүмкүн эмес, алардын ар бири И.Илмияновдой болуп өз тармактарында ондогон адамдарды жооптуу кызматтарга көтөрүштү. Мындай кадрдык маселедеги каржылык кызыкчылыктарга, жекече мамилелерге гана негизделген саясат үй-бүлөлүк башкаруулардан да алда канча коркунучтуу.

 

Эми коррупциялашкан криминалдык кландык башкаруусунун былыктары чылыктарына кошо чубалганда, АША тазасынып, үнү бүткүчө бакырып жатат. Эмне үчүн? Анткени, ал адилеттүүлүктүн, укуктун сыйыртмагы өзүнө жакындап калгандыгын сезип турат. Ошон үчүн Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовду, Албек Ибраимовду жергесууга тийгизбей мактап, актап, өзү адилеттүүлүккө жетишерин айтып, силер мага тиешелүүлөрдү айтпасаңар эле баары жайында болот, мага каршы көрсөтмө бербегиле, силер үчүн мен өмүрүмдү да аябайм” деп сырттан белги берип жатат. Тигилер, албетте, АШАнын эзоптукундай тилин түшүнүшүүдө, бирок көңүл бурушар, угушар бекен? Анткени, 10- 20 жылга эркинен ажыроо деген оңой эмес.

 

 

Автандил БЕЛЕКОВ

Булак: “Майдан. Kg” гезити