Кээ бир жарым акыл эркектерге кеңеш эркек болгула!

 

 

Ырчы Мажиттин карындашы, Кызсайкал өздүк баракчасына  кызы менен түшкөн сүрөтүн жүктөп, «Негизи айымдар темир экенбиз. Ата дагы, апа дагы болуп жетишкен айымдар арабызда көп эле болсо керек.Эне деген баланы ойлойт экен э? А эркек эмнени ойлойт? Кээ бир жарым акыл эркектерге кеңеш эркек болгула! Чынын айтсам аялдан айырмаңар жок! Бир аял бир баланы бага албай катын алам деп күйгүзөсүңөр ! Ал алагойгула!!!Аялдарыңар бар мага жазбагыла мен турмушка даяр эмесмин. Кызымды арасат жолго таштап күйөөгө тийгидей, башы жоктор тийип ала беришсин! Бир келген жашообузду эч кимге тебелетпейбиз. Жакында чоң жаңылык болот окшойт»-деп күлгөн быйтыкча аркылуу билдирүү калтырган.

 

Анда интернет колдонуучулар, «Сен күйөөң менен жарашпадың беле?»деген сындуу  суроо калтырса, ырчы Кызсайкал, «Жок жарашкан эмеспиз»-деп жооп жазган.

 

Азыркы тапта Кызсайкал эркектерге карата жазган посттун өздүк баракчасынан өчүрүп койгон.

 

Эске салсак, ырчы Кызсайкал Эрнист аттуу жигитке турмушка чыгып, бир кыздуу болушкан. Учурда эки таттуу түгөйлөр эки ажырым жолду тандашкан.

 

 

 

БУЛАК:  argument.kg