Социалдык тармактарда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга саясатчы Адахан Мадумаровдун тиешеси бар экени кызуу талкууланып жатат.

 

Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган маалда кыргыз жеринин бир бөлүгү коңшуларга өтүп кеткенин айтышууда. Баткен облусундагы ызы-чуунун баары дал ушунун айынан чыкканы жазылып, Протоколдун сүрөтүн жарыялашууда. Бирок, ал документтин (сүрөттүн) сапаты өтө начар экенин көрүүгө болот.

 

Бул маалыматты тактоо үчүн Адахан Мадумаров менен байланыштык:

 

— Ал учурда кырдаал татаал болчу. Тажик тарап Баткен менен Ошту бириктирип турган Көк-Таш айылындагы жалгыз жолго бир тараптуу чек ара постун орнотуп алышкан. Кыргызстандыктар көптөгөн текшерүүлөрдөн соң гана өткөрүлүп баштаган. Жада калса, аялдарды жылаңачтап чечинткенге чейин барышкан. Бир килограмм ун же шекерди алып өтүү да бир топ көйгөй жаратчу. Ошондуктан чек арадагы талаш жерлерди делимитациялоо жана демаркациялоонун жыйынтыгын күтпөстөн, бул маселени тез чечүү керек болчу.

 

— Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү оор болду беле?

 

— Абдан татаал болду, бирок биз дипломатиялык жеңишке жетиштик. 2009-жылдын 3-мартында мен Коопсуздук кеңешинин катчысы катары тажик кесиптешим менен бирге ошол Протоколго кол койгонбуз. Кыргызстан чек арадагы 275 метр жерди 49 жылга жылына 1 долларга ижарага алган. Тажик чек ара постун алышып, биздин жарандар өз жеринде эркин жүрүп башташкан.

 

— Протоколдо биздин жерибиздин бир бөлүгү тажик тарапка өтөрү тууралуу пункт бар беле?

 

— Бул болбогон кеп. Балким СССРдин кыйрашы тууралуу же Германия менен Советтер Союзунун ортосундагы согушту токтотуу тууралуу эл аралык келишимге дагы Мадумаров кол койгондур? Юридикалык жактан алганда бул аймактардын баары азыркыга чейин талаш жерлер. Тиешелүү органдар чек араны демаркациялоо тууралуу маселелерди чечмейинче талаш аймак боюнча кала берет.

 

— Интернеттеги Протоколдун сүрөтү жасалмабы?

 

— Албетте. Эмнеге андан эч нерсени көрө албагандай начар сапатта?

 

— Сиздин оюңузча ким сизди дискредитация кылгысы келип жатат?

 

— Ушактын баары Мадумаровдун рейтинги жогору болгон Баткен облусунда чыгып жатканын көрүп жатсаңыздар керек. Мен муну ким жасап жатканын билип турам. Мен теңелгим келбеген алдамчы жана жетиле элек саясатчылар.

 

 

 

Булак: Элгезит