Мен айтпасам, ким айтат?

 

Кыргызстандын Орусиядагы Элчилиги Москва шаарындагы Кыргыз диаспоралык коомдук уюмдары менен биргеликте Кыргыз-Орусия эки тараптуу кызматташуусун бекемдөөгө жана “Ак Калпак” күнүн майрамдоого арналган салтанаттуу ишчара өткөрдү. Бул саамалык Москва шаарынын Өкмөт үйүнүн чоң залында жүз берип, ага миңден ашуун мекендештер, Кыргызстандын орусиялык достору, Москва шаарындагы башка диаспоралык коомдук уюмдардын өкүлдөрү чогулушту.

 

Майрамдык салтанат Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдун куттуктоосу менен ачылды. Элчи өз сөзүндө Ак калпак майрамынын тарыхын, Кыргызстан жана Кыргыз эли үчүн улуттук баш кийимдин зор маанисин баса белгилеп, мекендештерге Ак калпакты даңазалоо менен анын руханий баалуулугун дагы чет өлкөдө ыйык сактап келе жаткандыктары үчүн терең ыраазычылыгын дагы ачыктады. Баса, иш-чаранын катышуучуларына, дегеле Орусия аймактарында эмгектенип жатышкан жалпы мекендештерге карата президент Сооронбай Жээнбеков Куттуктоо кайрылуусун жолдогон. Өз Кайрылуусунда мамлекет башчысы Ак калпак кыргыз элинин башкы философиялык символу экендигин жана элдин маданий мурасы болгон улуттук баш кийимди сыйлоо менен, “Ак калпак” күнүн белгилөө элди биримдикке жана ынтымакка гана чакыруучу олуттуу мааниге ээ экендигин ырастаган.

 

Аликбек Жекшенкулов аталган иш-чаранын катышуучуларына достук, стратегиялык өнөктөш принциптерине негизделген Кыргыз-Орусия эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин, ошондой эле президент Сооронбай Жээнбековдун жана Кыргыз өкмөтүнүн кыргызстандык эмгек мигранттарынын укуктук абалдарын жакшыртуу боюнча аракеттерин өзгөчө белгиледи. Орусия Президенти Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына жакында боло турган сапары эки мамлекеттин ортосундагы достукту жана өз ара пайдалуу аракеттерди мындан дагы күчөтөөрүн кошумчалады. Бул иш-чаранын жүрүшүндө ЕврАзия элдеринин Ассамблеясынын Башкы катчысы А.Бельянинов, Орусия элдеринин Ассамблея Кеңешинин төрайымы С.Смирнова, Орусия мигранттар Федерациясынын президенти В. Коженов, ошондой эле Москва, Казань жана Ярославль шаарларындагы Кыргыз диаспоралык уюмдардын өкүлдөрү чыгып сүйлөшүп, маанилүү маселелерди көтөрүштү.

 

Салтанаттын расмий бөлүгүнөн кийин катышуучуларга майрамдык чоң концерт тартууланып, атайын Кыргызстандан чакырылган белгилүү өнөр чеберлери - манасчы, төкмө акын жана ырчылар Т.Асаналиев, К.Дуйшеева, А.Мусабеков, А.Саралаев, М.Баеков, Ж.Калчаева, Э.Осконбаева, И.Айтбаев, Н.Талантбеков, А.Биймырза уулу жана Москвадагы мекендештердин арасынан чыккан өнөрпоздор, Москва Лингвистикалык университетте билим алып, кыргыз тилин үйрөнүп жатышкан студенттер дагы өз өнөрлөрүн үстөккө-босток тартуулашты. Салтанат маалында Орусияда эмгектенип жатышкан мекендештердин атынан Ак калпакты кыргыз элинин маданий, руханий мурас катары сактап, чет өлкөдө сыймыктуу алып жүрүү менен, жалпы мекендештерди ынтымакка, биримдикке, ошондой эле Кыргыз-Орус достугун, Союздаш мамилесин чыңдоого салым кошууга чакырган Кайрылуу дагы кабыл алышты. Салтанат шаңдуу майрамдык маанайда коштолуп, Москва шаарынын Өкмөт үйүнүн чоң залынын фойесинде кыргыз күүлөрү жана обондору жаңырып, боз үй тигилип, кыргыз улуттук буюмдардын көргөзмөсү жана кыргыз жергесинин кооздугун даңазалаган сүрөт көргөзмөсү дагы уюштурулду.  

 

 

 

“Майдан. kg” гезити