Ачыгын айтканда...

 

 

 

ӨЗГӨРҮҮЛӨРГӨ ЖОЛ АЧКАН АКСЫ ОКУЯЛАРЫ

 

Жакында Аксы окуясына 17 жыл болот. Анан жыйырма күндүн ичинде биринчи, экинчи революциялардын кезектеги жылдыктары белгиленет. Кыргызстандын жаңы тарыхындагы этаптык мезгилдерден болгон бул үч окуя тыгыз логикалык байланышта же кийинки революцияларды 2002-жылдын 17-18-мартындагы Аксы окуялары шарттаган. Ал болбосо 2005- жылдын 24-мартында биринчи, 2010- жылдын 7-апрелинде экинчи үй-бүлөлүк башкарууга эл активдүү каршылык көрсөтө алмак эмес. Көрсөтсө да бийлик күч менен ырайымсыз басып салмак. Элде өз күчүнө болгон ишеним 2002-жылдын мартынан кийин пайда болгон. Коррупциялашкан биринчи үй-бүлөлүк башкаруу 2002-жылдын мартында биротоло сынгандыгынан улам 2005-жылдын 24-мартында каршылык көрсөткөндүн ордуна алдын артын карабастан качкан. Аксы окуясынын, биринчи революциянын комплекстери колу бутун тушагандыктан улам экинчи революцияда да бийлик качканга аргасыз болду.

 

Демек, Аксы окуясынын биздин жаңы тарыхыбыздагы орду жана ролу абдан чоң. Ошонун жана кийинки революциялардын аркасы менен үй-бүлөлүк башкаруулардан кутулдук. Биринчи президенттин күйөө баласы өлкөнүн бир жагын башкарса, аялы экинчи жагын бийлеп, аларга балдары, балдыздары, аспиранттары, жезделери, жек жааттары ж.б. кошулуп Кыргызстан талоондо калгандыгын, экинчи президенттин бир туугандары тармактарды бөлүштүрүп алышса, “көзү жакшынакай” баласы атасынан бийликти тартып алып, Өкмөт башчысынан отчёт алганга өтө баштагандыгын кантип унутабыз.

 

Аксы окуяларына тынбай ода арнап, “кийинки революцияларды өзүм жасадым”- деп Алмаз Атамбаев жар салып жүрдү. Чын эле Аксы окуялары болбосо, аны биринчи үй-бүлөлүк башкаруу А.Бекназаровдой кылып эле түрмөгө апарып тыгып таштамак. Ал ошол коогалаңдуу окуялардан кийин Түркияда качып жүргөн жеринен Кыргызстанга келген. Толкуган эл көтөрүлүп, Акаев Казакстанга, андан ары Россияга качып кеткен болчу. Экинчи революцияны каржылоого катышкандыгы чын, бирок реалдуу лидерлер коллективдүү болгон.

 

Ө.Суваналиевдин айтымында, 7-апрелде А.Атамбаев бир чет өлкөнүн офицерлеринин кайтаруусунда үйүндө бекинип жаткан. Бирок, маселе кимдин эмне деп айткандыгында, айрым убактарда кайда жүргөндүгүндө эмес, анын андан кийинки кылган иштеринин мазмунунда эмеспи. Бул өңүттөн алганда Алмаз Атамбаев өзү даңазалап келаткан Аксы окуяларынын, 2005-жылы биринчи, шейиттерди көмүп жатканда ыйлап отурган экинчи революциялардын идеалдарын кийин унутуп койгонун айталы.

 

АША ҮЙ-БҮЛӨЛҮК БАШКАРУУЛАРДЫ – КОРРУПЦИЯЛАШКАН КЛАНДЫК БАШКАРУУГА АЛМАШТЫРДЫ

 

Аксы окуяларынын, эки революциянын максаттары - бир адамдын же үй-бүлө мүчөлөрүнүн бийликти узурпациялоосуна, мамлекеттин жана элдин байлыктарынын уурдалуусуна, коррупцияга жол бербей, өлкөнү экономикалык, социалдык жактардан өнүктүрүү, мимикриялык эмес, элдин ой пикири, талабы менен эсептешкен реалдуу демократияны камсыз кылуу болчу. Алмаз Атамбаевдин башкаруусунун тушунда Кыргызстанда алардын бири боюнча да сапаттык алга жылуу болбоду, бардыгы артка кетти. Ал үй-бүлөлүк башкарууларды - өзүнүн айланасынын, кландык коррупциялык башкаруу менен алмаштырды. Ага мисал, азыр анын убагындагы эки премьерминистр, бир нече министрлер түрмөдө отурушат.

 

Ири долбоорлор, тармактар дыкат текшерилсе, жаңы экстер да кошулат. Анткени, Кыргызстанда коррупциялашпаган тармак жок, өзгөчө алар укук коргоо органдарын, саламаттыкты сактоо, билим берүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү тармактарын башынан аягына чейин чырмаган. Алар АШАнын тушунда өзгөчө гүлдөп, өсүп эң жогорку чектерине жетти. АША мамлекеттин башында турганда өзүнөн мурдагы бийликтерди сындап, өзүн тазадай көрсөтүп, элестүү айтканда күн күркүрөп, чагылган чартылдаганын да ошолорго шылтап келсе, ал эми акын Анатай Өмүрканов: ААкаевден алты эсе, Бакиевден беш эсе, Жаман тура бул урган, - деп айткандай, мамлекетке зыян келтирип, тышкы карыздарын көбөйтүү жагынан мурдагы эки бийликтикин бириктирип алгандан да ашып кетиптир.

 

“Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр” деген ушул. Е.Гуревич деген АКШда үчүнчү жолу камалып жаткан аферист “Бакиевдер Кыргызстан 300 миллион доллар чыгарып кеткен” деп айтып жатат. АШАнын айланасындагы алкымы бузуктар “паханы” менен биргеликте андан чоң көлөмдөгү сумманы арттырганын бөркүңүздөй көрүңүз.

 

Бишкек ЖЭБин модернизациялоодон эле 110-130 миллион долларды урушса, Датка-Кемин электр чубалгыларынын, альтернативдүү Түндүк-Түштүк автожолунун, дагы башка долбоорлордун “шапкелери” канчага барат? ТЭЦ курулушунда келишимдердин бардыгы техникалык экономикалык негиздемесиз, сметасыз, долбоорсуз, адистер, эксперттер катыштырылбай ЕРСтик келишим дегендин негизинде эле түзүлгөндүгү, көзөмөлдүк сандардын бардыгы асмандын алынгандыгы аныкталды.

 

Анысы аз келгенсип, аларга эки компаниянын жетекчилери кол коюшса, шашылыш парламентке басым жолу менен ратификация кылдырганы - мамлекеттик бийликти биротоло узурпациялап алгандыгын айгинелейт. Биринчи фазасынын курулушу эле 800 миллион долларды түзгөн ТүндүкТүштүк альтернативдүү жолун курууну, Бишкек ЖЭБинин 30 пайызын 386 миллион долларга реконструкциялоону, ДаткаКемин электр чубалгыларын 500 миллион долларга курууну АША баш болгон 3-4 адам кабинетте отуруп эле чечип коюшкандыгын башкача түшүндүрүүгө мүмкүн эмес.

 

ӨЛКӨНҮН ТЫШКЫ КАРЫЗДАРЫН ЭКИ ЭСЕ КӨБӨЙТТҮ

 

А.Акаевдин он беш жылдык башкаруусу учурунда өлкөнүн сырткы карызы 1,88 миллиард долларды түзсө, К.Бакиевдин тушунда 730 миллион долларлык, ал эми А.Атамбаевдин тушунда 1 миллиард 700 миллион доллардан ашык карыз алынып, сырткы карыздарыбыздын жалпы көлөмү 4 миллиард доллардан ашты. Алынгандардын сезилерлик бөлүгү уурдалган. Мурда Кыргызстан электр энергияларын экспорттоочу өлкө болсо, АШАнын тушунда импорттоочуга айланды. Мурда экономикалык жактан Тажикстандан алдыда болсок, АШАнын убагында аны алдыга өткөрүп, КМШда эң арткы орунду бекем ээледик.

 

Көз карандысыздыктан бери кен байлыктарын иштетүүгө 1500дөн ашык лицензия берилсе, алардын 70 пайыздайы АШАнын тушунда сатылыптыр, анын жаңжалдары эми ачыкка чыгууда. Эми тынч жатпай дагы бир шойкондорду баштагысы келип атат. Же эл АШАны ушунча убакыт аяса, анын өлкөнү, элди дегеле аягысы жок, эсине келер түрү байкалбайт. Тилекке каршы, “революцияларды фанатиктер ишке ашырышса, үзүрлөрүн шүмшүктөр көрөт” деген чын экен. Аксы окуяларына, революцияларга катышкандардын эр жүрөктөрү окко учушту, жарадар болушту.

 

Эгерде ал окуялар болбосо, биз азыр Акайычты - ата, Майрамын-апа, Айдарын - элдин келечеги, Илимин - өлкөнүн шам чырагы, оолуккан кызын - Кыргызстандын үмүтү деп, алардын этектерине айрымдар тооп кыла башташкан заманда жашамакпыз. Бир кошоматчы анын күйөө баласын “жалпы Кыргызстандын күйөө баласы” деп турганда, ал сөзсүз болмок. Бизди андай көрүнүштөрдөн куткаруунун жолу Аксы окуяларынан башталса, кийинки эки революция аны ишке ашырды. Бирок, алардын эрдиктерине, арбактарына сыйынарын, идеалдарына бек болорун айтып жүрүп 2011-жылы бийликке келген АША кланы менен бирге ал идеалдарды тебелеп тепсеп, мурдагы үй-бүлөлүк кландардан да коррупциялашкан жаңы кланы – өзүнүн мафиялык кланын орнотту. Муну шейит кеткендердин арбактары, тарых кечирбейт. Биз кайра революциялардын идеалдарын кайтарууга, чыныгы тазалануу, шейиттердин идеалдарына бекем болуу жолуна түшүүбүз керек. Бул болсо жаңы бийликтин милдети.

 

 

"Майдан. kg" гезити