Т. Саралаев: Кыргызстанда феминисттер ким өзү, алар кандай иш алып барат, кимдер менен дос, кимдер менен кас, кайда-жайда турушат?

 

 

Кыргызстандын саясатын кызтекелер аныктап калганбы?

 

8-мартта аялдардын укугун коргоо шылтоосу менен уюштурулган гей-парад (ичинде сексуалдык азчылык өкүлдөрү, аларды колдогон саясатчылар дагы бар) сизге кандай таасир берди?

 

– Жогору жактагы дүлөйлөр менен сокурлар жөнүндө бир-эки сөз айткым келет… Кептин башы баягы чырлуу ЛБГТдан баштасам болбой калды, түшүндүрүп берем себебин. “Бириң өлүп -бириң кал” деп, ары басып кете берсе деле болот эле, бирок айтчу нерсени айтып калбаса болбойт экен. Артынан катуу сын менен коштолгон феминист маршы, айланып-тегеренип келип шаар башкармасына да ачуу сөздөрдү төктүрдү. Борбордун билермандарын активисттер баш болуп, соцтармактын момун колдонуучуларына чейин кетсин деп да чыгышты. Акыры, көбү, алардын арасынан мен да борбор калаабыздын чоңу гана, маршка уруксат берген соң жагдайдын бир жоопкерчилигин тартыш керек деп көгөрүп туруп алдык. Калайык калк чырылдап бүткөн соң ойлонуп көрсөм, бечара борбордун билермандарынын деле анчалык күнөөсү деле жок экен. Себеби мындай.

 

Биринчиден – шаар башчынын жанында кеңешчилер (расмий жана расмий эмес), анын алдында аппарат, ал жакта бөлүмдөр, андан тышкары толгон-токой коштоп иш кылган ар түркүн район администрациялары, кызматтар, адистер, ж.б. адамдар бар. Экинчиден – борбордун милиция башкармалыгы, б.а. ГУВД, анын алдында көбүбүзгө маалым болгон: НПО, ар түрлүү кыймыл, жаштар, аялдар, диний, саясий ж.б, ж.у.с, коомдук уюмдардын сыртынан дүрбү салган “легендарлуу” 10-чу Башкармалыктын бөлүмү бар. Андан тышкары ошол эле УКМКын Бишкектеги башкармалыгы тынымсыз тынчтыгыбызды сактоонун үстүндө иштемиш этет.

 

Андан тышкары, деги эле бүт колтойгон кызматтардын имараттары деле. аппараттары дагы, министр-зам жана ар түркүн башкармалыктарын “самдары” баары топтолуп бул жерде, Бишкекте. Үчүнчүдөн – жогоруда айткан мэриянын жүздөгөн “ведуший-главный специалист” кызматкерлери, алардын бөлүм башчы, жана башкалары. Борбордогу атайын кызмат менен башка милийсасын кой, “десятканын” офицерлери биригип, өзүлөрүнүн полковник-начальниктерине айтып, алар андан ары Азиз Эмилбековичке чалып – “шепп, ассалам алейкум, 8ине уруксат бербейли, алар 8-мартты жамынып алып, алигилерди чыгарышат анан эл сизди эле кайра сөгөт, көчөдөн гей-парадды көрүп”, деп чала албадыбы? -Суракматовго жетпей эле ошончо адамдыз бири да Кыргызстанда феминисттер ким өзү, алар кандай иш алып барат, кимдер менен дос, кимдер менен кас, кайда-жайда турушат? Марштын уюштуруучулары алар болгондуктан, ошончо кызматтагы миңдеген адамдардын жок дегенде бирине да фенимисттердин сайттарына, баракчаларына кирип, алар ЛБГТ кыймылдары менен чогуу иш кылаарын, бири-бирин коштоп, башынан бери эле көмөктөшүп жүргөндөрүн көрүп, чырлуу жүрүштүн, элдин кыжырдануусун алдын алууга бир да кызматкер, адис, бөлүм башчы, кеңешчи, замдын колу-буту-акылы жетпедиби!?

 

Андай болбосо, Азиз Суракматов актанып – “провокация” болду дебейт эле. Бул жагдайдын дагы бир жагы бар, ал жалпы системанын жана системанын ичиндегилердин шалаакалыгы, бир ритмде, бир демде иштебеген абдан чоң деңгээлдеги чабалдыкты ачыктап койду. Элестетсеңер эми, феминисттик уюмдар, анын ичинен бир тобу назик айымдар менен кошо кызтекелер колтойгон шаардын милийсасын, чекистин, мэриянын бириктирип эшекти миндирип койду. 8-мартта болуп өткөн ЛБГТ жана феминисттер жүрүшү азыркы бийликке чоң сабак болушу керек, өзгөчө өткөн бийликтин дачалап жаткан акчалуу адамдары үчүн…

 

 

 

Булак: «Майдан. kg» гезити