К. Осмоналиев: Бул кезектеги эле саясат менен байланыштыруу аракети.
-Кыргызстандын саясатын кызтекелер аныктап калганбы?
8-мартта аялдардын укугун коргоо шылтоосу менен уюштурулган гей-парад (ичинде сексуалдык азчылык өкүлдөрү, аларды колдогон саясатчылар дагы бар) сизге кандай таасир берди?
– Бул өтө оор маселе! Кечээгидей ачык жана ач кыйкырыктар менен демонстрация кылуунун эмне зарылчылыгы бар эле? Биздин коомдун менталитети жана каада-салттык, негизги диний өзгөчөлүктөрү деген маселе эмне болду? Эл аралык уюмдарга мүчө болуп алышып эле ошол кабыл алууга ыктыяр болгон өлкөлөргө делегация менен барышып, катыша беришсе болмок! Менимче, бул кезектеги эле саясат менен байланышкан аракеттер болду. Тескерисинче, жалпы журтту өзүлөрүнүн ансыз деле купуя болгон проблемаларына көңүл бурдуруп, ыңгайсыздыкты жаратып алышты!
Булак: «Майдан. kg» гезити