Коркунучтуу синдром

 

 

 

ОТУНБАЕВА МЕНЕН ФЕМИНИСТКАЛАРДЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ БИРБИ?

 

Роза Отунбаеванын экстремисттик демаршынан өзүбүзгө келе электе, феминисттер 8-мартта жүрүш жасашып, апчебиздикинен да ашып түшкөн чакырыктары менен андан бетер эсибизди оодарышты. Чындап эле айрым аялдарга, кыз-келиндерге бир нерсе тийди окшойт.Ошондон улам эки акциянын идеологдору гана эмес, технологдору да бир эле адамдар экендиги айкын болуп калды. Алардын бардыгы Батыштагылардын буйрутмалары аркылуу даярдалып, баштан аяк ошолор тарабынан каржыланганы ачык эле көрүнүп турат. АКШнын жана анын сателиттеринин эмнеге биздин кыз-келиндер үчүн күйүп-быша баштагандарынын себептерине төмөндө токтолобуз, биз алгач 8-марттагы эркек-аялдар аралашкан жүрүштүн катышуучуларынын чакырыктары биздин маданиятка, диндик өзгөчөлүктөрүбүзгө, салт-санааларыбызга гана каршы эмес, үй-бүлөлөрдү бузуп жарып, эрди-катындарды кайраштырууга да багытталгандыгын айткыбыз келет. Бул жагынан жүрүшкө катышкандардын чакырыктары Роза Отунбаеванын “кара түрдөгүлөргө” карата душманындай ашкере ызырынгандыгы менен унисон болуп, бир ырдын кайрыктарындай үндөшүп турат.

 

ҮЙ-БҮЛӨЛӨРДҮ БУЗУП ЖАРЫП, ӨСҮШТҮ АЗАЙТУУГА БАГЫТТАЛГАН

 

Феминисткалардын кыз-келиндердин укуктарын коргоону жакшыртып, саясый жетекчи кызматтарда иш жүзүндөгү теңдикти камсыз кылууну талап кылгандыктары туура, аларга биз да кошулабыз.

 

Бирок, коом үчүн өзгөчө маанилүү болгон билим берүү, саламаттыкты сактоо, сот, нотариалдык, тейлөө тармактарында аялдардын толук үстөмдүк кылгандыктарына карабастан, маселенин баарын айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын арасында аялдардын аздыгына, райондордун, шаарлардын жана облустардын жетекчилеринин арасында жоктугуна алып барып такап, экстремисттик ураан чакырыктар менен чыккан туура эмес.

 

Ойлоп көрүңүздөр, судья, нотариалдык конторанын башчысы, аптеканын жетекчиси, врач, абройлуу мектептин директору, кафенин, ресторандын администратору болуп иштегенден айыл өкмөтүнүн башчысы же дотациядан чыкпаган майда шаарлардын, жер-шарттары татаал райондордун башчысы болуп иштеген өйдөбү? Аталган административдик бирдиктердин башчылары үч-төрт жылдан эле иштешет, көбү ага да жетпейт. Анан өз кесиптерине барышып, катардагы адистерден эле болуп калышат. Андан көрө өмүр бою судья, жакшы врач, нотариус, ЖОЖдордо кадырлуу окутуучу болуп жүргөн он эсе өйдө эмеспи. Тилекке каршы, айрымдар райондук, майда шаардык, айыл өкмөттүк деңгээлдердеги кызматтардын үзүрүнөн түйшүгү көп экендигин, андай жерлерге эркектер да араң чыдай тургандыгын эске алгылары келишпейт. Булар ыгы келгенде айтылып кетти.

 

Ал эми феминисткалардын жүрүшүнө кайрылсак, “Келиндештирүү - бул кулчулук”, “Менин денем-менин ишим”, “Байпагыңды өзүң жуу”, ”Чай куюп берүү - бул келиндин милдети эмес”, “Баш ийбе”, “Качан төрөөнү же такыр эле төрөбөөнү биз чечебиз, “Чоң энем чыдаган, апам чыдаган, а мен чыдабайм”, “Транс экениме сыймыктанам” деген чакырыктар - социалдык, турмуштук экстремизмдин өзү болуп саналат.

 

 Мисалы, “Транс экениме сыймыктанам” деген жөнүндө айтпай эле коёлу, “Менин денем - менин ишим” деген да ачык эле проституцияга, гейлик, лесбиянкалык, педиктик көрүнүштөрдү колдоого, өнүктүрүүгө чакырык. Ошондуктан көпчүлүк эксперттер феминисткалардын жүрүшү деген акция иш жүзүндө жогоруда аталгандардын жүрүшүнө айланып кеткендигин айтышууда. Феминисткалардын арасында эркектер теңме-тең болгондугу да ошондон.

 

 Ал эми бойго жеткен кыздардын көбү келин болууну эңсеп жүрүшкөн учурда “Келинчилик - бул кулчулук” деген реалдуу турмушту билбеген наадандык. Биз деле көп эле жерлерге барып жүрөбүз, бирок эч жерден кулдардай иштеген келиндерди көрө элекпиз. Тескерисинче, азыр көп жерлерде чоң энелер келиндердин малайларына айланышкан. Балдарды да багышат, тамак да жасашат, үй тириликтерин да кыймылдатышат.

 

Ал эми келиндердин бир бөлүгү эртең менен жумуштарына кетип, кечинде келишсе, калгандары балдарын таштап коюшуп, чет мамлекеттерде жүрүшөт. “Байпагыңды өзүң жуу” “чай куюп берүү - бул келиндин милдети эмес”, “Баш ийбе”, “Качан төрөөнү же такыр эле төрөбөөнү биз чечебиз”- дегендер келиндерди ажыраштырууга болгон гана чакырыктар. Өлкөдө ажырашуулар ансыз деле көбөйгөн учурда андай чакырыктарды өз элине душмандар гана таркатышы мүмкүн. Же ажырашкан келиндер жыргап кетишиптирби? Андайларды көрө элекпиз. Бишкектин айланасындагы айрым жаңы конуштардын тургундарынын жарымын төрөт жашындагы айымдар түзүшөт. Акыл жеткен терс көрүнүштөрдүн бардыгы ошол жерлерде. Же алар да аздык кылып жатабы? Эринин кийим-кечесин да жуубаса, бала төрөгүсү, жок дегенде чай кайнатып бергиси да келбесе, андай аялдын деги кимге кереги бар? Алар эрден айлансын, айрымдардай көчөлөрдө марш тээп, дейди иттердей баштары оогон жерлерде эле жүрө беришсин.

 

КЫРГЫЗСТАН ПИЛОТТУК ПОЛИГОНГО АЙЛАНДЫ...

 

Жогорудагы чакырыктарды сыдыргыдан өткөрүп, аларды азыркы геосаясый кырдаалдын тутумунан алып караганда, алардын жакшылап ойлонулуп, Кыргызстан сыяктуу мусулман өлкөлөрүн ичтен ыдыратып, демографиялык кырдаалды начарлатууга багытталган чаралардан экендиги айкын болот.

 

Анткени, мусулман өлкөлөрүндө калк тездик менен көбөйүп, экономикалык, аскердик кубаттуулуктары артып бараткандыгы Батыштагы айрым күчтөрдүн тынчтарын алып, куйкаларын куруштуруп атат. Алар биздеги НПОчулар деген тактекелерге каражаттарды беришип, ажырашууларды, сексуалдык жактан антижаратылыштык багыт алгандарды көбөйтүшүп, элдин табийгый өсүшүн азайтууга аракет кылышууда. Бул биринчи себеби.

 

Экинчи себеби, Борбордук Азиянын АКШнын, анын шериктештеринин таасирлеринен алыстап, Россия менен Кытайга ыктап бараткандыгы менен түшүндүрүлөт. Алардын бизге, кошуналарыбызга саясый, экономикалык, аскердик жактардан таасир көрсөтүүгө мүмкүнчүлүктөрү абдан аз, жакынкы жылдарда Кытай менен Россиянын кубаттуулуктарынын артышы менен ал биротоло жокко чыгат. Нөлгө түшөт. Борбордук Азиядагы өлкөлөр кошуна эки державасыз бир ай да тиричилик кыла алышпайт, ал эми АКШ, Европасыз эң сонун жашай берет.

 

Ошондуктан алар Кыргызстанды пилоттук өлкө катарында тандап алышып, ичтен бузуп-жаруу боюнча кутум иштерин башташты. Алардын буйрутмаларын эбак эле бешинчи колоннага айланган НПОчулар дилгирлене аткарып, дагы көбүрөөк гранттарды алууга жан үрөшүүдө. Эгерде бир убакта үч депутат сунушташкандай, “НПОлор жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, чет өлкөлөрдөн каржылангандарга саясый акцияларды өткөрүүгө, бузуп жаруучулук иштерди жүргүзүүгө тыюу салынбаса, бул көрүнүш тереңдеп, өлкөнү ичтен иритүүгө багытталган мындан да чоң саясый, социалдык диверсияларга айланып кетүүсү толук мүмкүн.

 

 

 

 Автандил Белеков

Булак: “Майдан. kg” гезити