Мына, сага...

 

Мурда айрым маалымат агенттиктерде пара талап кылгандыгы үчүн айыпталган ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын башчысынын мурдагы орун басары Ралис Касанов кызматынан айдалгандыгы мыйзамсыз деп табылгандыгы боюнча маалымат тараган.

 

ИИМ басма сөз кызматынын билдирүүсүндө, Р.Касанов кызматтык тартипти бузгандыгы, милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарбагандыгы, кол алдындагы кызматкерлерден акча каражатын чогултууга жана опузалап талап кылгандыгы үчүн кызматынан кетирилген. Бүгүнкү күнү Р.Касановдун кызматтан кетирүүсүн райондук сот мыйзамсыз деп таанып, бирок ИИМ биринчи инстанциянын чечими боюнча даттануу арызын жиберген. Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун токтомун күчүндө калтырганы менен бүгүнкү күнү атуулдук иш Жогорку сото каралууда. Акыркы чечими кабыл алына электигине байланыштуу ал кызматына кайрадан орношуусу мүмкүн эмес.

 

Андан сырткары ИИМдин Ички иликтөө кызматынын маалыматы боюнча, Р.Касановго карата жакында кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн маалыматында Р.Касанов Ысык-Ата райондук аскер комиссариатынын 2003-жылы 23-ноябрында ЧИ №563 сериялуу берилген аскер күбөлүгүнүн ордуна берилген убактылуу күбөлүктү жасалмалоо жолу менен, 2005-жылы 15-июлда ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын милиция полкунун чет өлкөлүк мамлекеттердин өкүлчүлүгүн коргоо боюнча батальондун күзөт тескөөчүсү ишине мыйзамсыз орношкон.

 

Бул көрүнүш же бөтөн мамлекеттин катардагы эле жараны Кыргызстандын ички иштер министрлигинин бүтүндөй бир башкармалыгынын жетекчи кызматына орношуп алышы жана ал жерди пара алуунун булагына айландырышы биздин айрым жетекчилердин кайдыгерлиги менен мекенге карата чыккынчылык мамилеси эмеспи?

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити