Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) бардык диний уюмдардагы иш-кагаздарды жана жума кутпаларын кыргыз тилинде жүргүзүү, зарыл учурда гана орусча кошуу тууралуу буйрук чыгарды.

Муфтий Максатбек Токтомушев мындай буйрукка 6-мартта кол койду.

 

Документтин экинчи пунктуна ылайык, кыргыз эмес, башка улуттагы жарандар байырлаган аймактардагы мечиттерде да жума кутпалары кыргызча, зарыл болсо орусча айтылышы керек. “Ал эми башка учурларда өлкөбүздө жашаган башка этностор мечиттерде өз тилдеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө тыюу салынбайт”,- деп түшүндүрмө берди Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы.

 

Буйруктун аткарылышын муфтийдин орун басарлары, шаардык жана облустук казылар, райондордун имам-хатибдери көзөмөлдөйт.

 

Албетте, муфтияттын мындай мекенчилдик демилгеси колдоого аларлык. Өзгөчө мамлекеттик деп аталган менен элибиздин эне тили көпчүлүк расмий жыйындарда сүйлөнбөй, расмий тилге ордун бошотуп берип коюуда. Андыктан азирети муфтий жана муфтиятта иштеген такыба мусулмандар элге да, Кудайга да жага турган сооп иш жасашты. Алардын бул иши эне тилди чанган “киргиз” чиновниктерге үлгү болорлук. Дегеле, муфтият акыркы жылдары ажылыктагы коррупцияны такыр жоюп жибере албаса да, азайтып, акчаны жалаң банк аркылуу котортуп, мас айдоочуларга сергек жашоо образын үйрөтүп, балдарын эмдетпеген ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, айласы кетип, элдин каргышына калган өкмөттүн оорун колдон, жеңилин жерден алып келатат. Бирок бөйрөктөн шыйрак чыгарып көнүп калгандар менен динсиздер бул иштен да кынтык таап, Кудайдын адамы болгон азирети муфтийге, анын сакалына асылышпаса экен.

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити