Кыргызбыз да э?
Жашырганда эмне, кыргыздардын уруу урууга бөлүнүп, ар бир уруу чогулуп алып өздөрүнүн иш-чараларын өткөрүп, ага саясий түс беришкендери жакшы көрүнүш эмес. Бекеринен “кыргыздар уруучулук деңгээлден көтөрүлмөйүн эч качан өнүкпөйт” деп айтылбаса керек. Буга дейре Сарыбагыш, Моңолдор, Мундуз, Базыс, Саяк урууларынын курултайлары болуп өтсө, 3-мартта Солтолор курултайын өткөрдү. “Ала-Тоо” ресторанында өткөрүлгөн “Ай Тамга - Солто” коомунун курултайын ынтымакта, биримдикте өттү дегенге болбойт. Дегенибиз, ресторанда солточулар курултай өткөрүп, өлкөдөгү саясийэкономикалык маселелерди талкуулап, жалындуу сөздөрүн сүйлөп жатышканда, сыртта башка солточулар нааразылыктарын билдиришип, солто уруусундагылар Ай Тамга жана Солто деп экиге бөлүнүп алышкандарын айтып жатышты. Курултайды өткөрүүгө бир топ солточулар каршы болушкандарын, бирок ага карабай саясый максатты көздөгөн экс-чиновниктер, саясатчылар курултайды өткөрүп жаткандарын билдиришти. Бул жагдай солтолордун иш-чарасы саясий максатта гана өткөрүлгөнүн тастыктады.
Баарынан кызыгы, курултайга Жогорку Кеңештин трибунасынан элдин биримдиги, бөлүнбөө тууралуу кептерин айтышып, элге акыл үйрөтүп келатышкан депутаттар да катышты. Атап айтканда, Канат Исаев, Мыктыбек Абдылдаев, Бакирдин Субанбеков, Руслан Казакбаев, Динара Исаевалар болду. Булардан сырткары, мурдагы премьерлер Апас Жумагулов, Темир Сариев, УКМКнын мурдагы башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, экс-депутат Кубатбек Байболов жана башка бир катар Чүйдөгү аттуу-баштуулар болушту. Бул аты аталгандар мындай иш-чаралар элдин биримдигине, өлкөдөгү стабилдүүлүккө зыянын гана тийгизип, уруучулукту жандантарын эң жакшы билишет. Анда алар курултайды эмне максатта өткөрүштү? Коомдун бир катар мүчөлөрү каршы болушкандарына карабай курултайды өткөрүүгө эмне күч келди? Президентке, саясий окуяларга таасир көрсөтүүгө болгон далалатпы? Өлкө башчысына “биз барбыз...” дегенди ишаарат кылуу аракетиби?
Курултайдын катышуучулары жыйында элди бөлүнбөөгө, биримдикке чакырган сөздөрдү сүйлөштү. Бирок өздөрү бөлүнүп, трайбализм “илдетин” жайылтып атса, анан кайсы беттери менен элди биримдикке чакырып атышат, ыя?
Булак: “Майдан. kg” гезити