2018-жылы май айында Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин токтому менен бекитилген, КР ЖК комитеттеринин көзөмөлү боюнча маселелерге толуктоолорду киргизүү” тууралуу токтомунун долбоорун демилгелеп чыккан.
Ага кесиптештери Наталья Никитенко, Бахадыр Сулеймановдор да колдоо кылышкан. Биздин редакция бул маселенин артында кандай өзгөрүүлөр бар экенин иликтеп көрдү. Документти назар салып окуп чыксаңыз, ЖК комитетине УКМК толук отчет берип туруусу керек экен. Башкача айтканда коопсуздук органдары ар бир кыла турган операциялары тууралуу парламентке кайрылып, кыймылынын бардыгын билдирип турушу керек. Бул жалпылап айтканда УКМК тиши жок органга айланып, өлкөдөгү коомдук-саясий стабилдүүлүккө, терроризм, коррупция менен күрөшүүдө, дегеле жасаган иштеринде 120 депутаттын макулдугун алып, андан кийин гана иш чараларын жүзөгө ашырышы керек болот тура. Бул чындыгында эле коомчулук алдында коопсуздук органдарынын ачык-айкындуулугун камсыздообу, же болбосо башка да жашыруун агымдардын УКМКны ооздуктоосубу?
Маселени иликтей келгенде эле шарт этип чет элдик агенттердин башы кылтыят экен. Кыргызстандагы айрым маалымат каражаттарынын билдирүүсү боюнча бул токтомдун башында башка өлкөнүн атайын кызматтарынын өкүлдөрү турат. Алсак, өткөн жылдын ноябрь айына укук коргоочулар Рита Карасартова жана Бурул Макенбаева уюштурган ушул темада кезектеги семинар өттү. Анда венгриялык эксперт Андрас Хьюгик Кыргызстандын өкмөтүнө кайрылып, мамлекеттик саясатка, укук коргоо органдарына жана атайын кызматтарына жергиликтүү бейөкмөт уюмдарынын таасирин көбөйтүү керек деп айтты.
64 жаштагы Андрас Хьюгик отставкадагы полковник, мурунку аскер чалгынчысы. Азербайжанда иштеген. Венгриянын Украинадагы аскер атташенин орун басары болгон, Суданда венгриялык дипломатты-БУУнун кызматкерин куткаруудагы атайын операцияда катышкан. Хьюгик Венгриянын жараны миллиардер Джорж Соростун жактоочусу. Бишкекте өткөн семинарда ал Венгриянын өкмөтүн сынга алып, акыркы убакта Сорос структурасын мамлекеттен четтетип жатканын айтып, кыргыз өкмөтүн ушундай каталарды кетирбесин деп чакырды. Жогорудагы Жевеналык борбордун дагы бир мүчөсү Флури Филипп Херберт, Швейцариянын жараны. Ал 58 жашта, Швейцария армиясынын мурунку офицери, АКШда Тайвань аралында аскердик даярдыктын өткөн. Англис, кытай, немис тилдеринде сүйлөйт. Арменияда иштеген. 2005-2010-жж. Британиялык атайык кызматтар менен бирге иштеп, КМШ өлкөлөрү тууралуу маалыматтарды чогулткан. Чет элдик тапшырма - кыргыз атайын кызматтарын алсыздандыруу же жоюу бул бирөөнүн фантазиясы эмес, бул чындык. Кыргыз өкмөтү булардын тилин алып жатабы? Же кыргыз атайын кызматтарын кууп жибериш керекпи? Ал эми Кыргызстандын коопсуздугун депутаттар, бейөкмөт уюмдар жана батыштан келген гранттар, же батыштын атайын кызматтары камсыз кылышабы? Бул маселе боюнча айрым белдүү адамдардын дагы пикирин билип көрдүк.
Токон Мамытов, акыйкатчы, генерал-лейтенант. Мурунку КР коргоо министринин орун басары, УКМК төрагасынын мурунку биринчи орун басары, коопсуздук кеңешинин катчысы, Чек ара кызматынын төрагасы, парламенттик Коргоо жана коопсуздук комитенинин төрагасы, коопсуздук, укук коргоо жана чек ара маселелери боюнча вице премьер-министри:
- Бул реформасыз эле коопсуздук органдарынын ишин караган парламенттик көзөмөл бар. Аны ЖК коргоо, коопсуздук жана тышкы саясат боюнча профилдик комитети аткарат. Эгер УКМКга байланыштуу суроолор болсо, парламент депутаттык же мекеме аралык комиссия түзүп койсо деле эч ким каршы болбойт. Ал эми оппозиция, жарандык сектордон же ар кандай фонддор тарабынан УКМКны контролдоо туурасында айтсак, анда кийинкини түшүнүш керек. Улуттук коопсуздук органдарынын иштөө ыкмалары жашыруун болуп эсептелет. Мындай ыкмалар дүйнөнүн бардык мамлекеттеринде, демократиянын үлгүсү делген - Францияда, Германияда, Англияда жана АКШда да сакталат. Бул биринчи. Экинчиден, УКМКнин жумушу жашыруун болгондуктан, аны көзөмөлдөйбүз деген адамдар ошол жашыруун маалыматтарды билиш үчүн атайын уруксат алышы керек болот. Аны кайра эле УКМК өзү дайындайт. Андай уруксаат ар бир эле адамга бериле бербейт – бул өзүнчө бир чоң көйгөй. Үчүнчүдөн, Конституцияга жана башка ченемдик укук актыларын да өзгөртүш керек болот. Улуттук коопсуздук органы түздөн-түз президентке баш ийет. Анын жетекчиси министрлер кабинетине кирип, өкмөттүн мүчөсү болуп эсептелет. Бирок аны президент бекитет. Ушуга байланыштуу, УКМКнын төрагасы президентке да, премьер-министрге да жана парламентке да отчет берет – өкмөт тараптан көзөмөл жетиштүү. Кылмыш иштеринин жүрүшүндө мыйзамдын сакталышын Башкы прокуратура карайт. Мындан артык дагы көзөмөлдүн эмне кереги бар? Эч кандай кереги жок деп ойлойм. Мындай эксперименттер улуттук коопсуздук органдарын жоюлууга алып барат. СССР кулагандан тартып 27 жылдын ичинде коопсуздук органдары үч жолу жок кылынды. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен укугу жогу бул биздин коопсуздук орган. Жаңыдан жөнгө салынып келатканда, белгисиз жерден бул органдын эффективдүүлүгүн көтөрүүчү эмес, тескеринче алсыздандыруучу демилгелер пайда болуп жатат. Кээде, ушул эң маанилүү мамлекеттик институттун т.а. улуттук коопсуздук органдарынын жоюлушуна кимдир бирөөлөр кызыктар деген да ой пайда болот.
Кайрат Осмоналиев, юридика илимдеринин доктору, ИИМ мурунку кызматкери, УКМКнын коомдук-байкоочу кеңешинин мурунку төрагасы:
- Таң калыштуу демилге көтөрүлүп жатат. Ошентип кээ бир депутаттар УКМКга таасир этүү максатында дагы бир каражат ойлоп табышты. Эң кызыктуусу, депутаттар, дайындалып жаткан ыкчам иш-чаралар боюнча маалыматтарды, отчетторду билгилери келгендиги.
Бул такыр туура эмес. Менин билишимче, мындай чоң бийликтүү парламенттик көзөмөлдүн түзүлүшүнүн артында “УКМК жазалоочу органга айланат” деп кооптонгон бейөкмөт уюмдар турат. Аларды депутаттардын тобу колдогон. Мындай коркунуч авторитардык мамлекеттерде гана болот деп эсептейм. Ошондуктан, эркин басма сөздүн, өнүккөн жарандык сектор убагында УКМКнын үстүнөн артыкча көзөмөлдүн кереги жок. Ансыз деле, жаңы Кылмыш-жазык кодексинде ыкчам иш-чараларынын мааниси кетти. Оор жана өтө оор кылмыштын басымдуу көпчүлүгү ушул иш-чаралардын негизинде ачылат да.
Парламенттеги “көзөмөлчүлөр” маалыматтарды чыгарат, бул чоң коркунуч. Эң начар – маалымат берген адамдын өлүмүнөн баштап атайын операциялар үзгүлтүккө учурашы мумкүн. Мисалы, башка мамлекеттердин атайын кызматы менен бирге өткөрүлө турган эл аралык террористтик уюмдарга каршы иш-чаралар тууралуу айтсак, анда Кыргызстан изоляцияда калышы мүмкүн. Анткени, шериктештердин жылдап даярдалган атайын операциянын жагдайралы тууралуу малыматтар тарап кете турган болсо, алар биз менен иштешпей калышы мүмкүн. Жыйынтыгында, башаламандык жаралып, улуттук коопсуздук кызматынын алсыздануусуна алып келет.
Марат Иманкулов, генерал-майор, УКМКнын мурунку төрага орун басары, Антитеррористтик борбордун мурунку директору, коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы.
- УКМКнын бюджетин парламенттик комитет жабык турдө бекитет. Эмнеге? Бюджетти жашырын кылбаса, тажрыйбалуу аналитиктер бюджеттин өлчөмүн билип алып, органдын структурасын, кызматкерлердин санын, кандай операцияларды дайындап жатканынан өйдө ачыкка чыгарышат. Көп мамлекеттердин атайын кызматтары Кыргызстанга каршы чалгындоо иштерин алып барышат. Алар биздин мамлекет тууралуу жашыруун маалыматтарды чогултушат. Маалыматтардын чыгып кетүүсү мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүнө жана улуттук коопсуздугуна олуттуу зыян алып келет. Бул иш аракеттердин чет элдик атайын кызматы жашыруун түрдө жасайт.
Андыктан, мындай бүлүндүрүүчү жана чалгындоо ишмердүүлүккө каршы ачык жолдор менен күрөшүү мүмкүн эмес. УКМКнын жабык, жашыруун иштерди алып барып жаткандыгы кимдир бирөөнүн каалоосу эмес, конторанын жумушунун маанилүү шарты болуп эсептелет. Атайын кызмат мындай божомолдорго негиз берип келген.
Бирок, улуттук коопсуздук органдары абдан көп жактуу. Анын ичинде чалгындоо да, контрчалгындоо жана терроризмге каршы күрөшүү да бар. Эгер депутаттар саясий куугунтуктоодон корксо, анда УКМКнын жетекчилигинин катарына кокустан келген адамдарды келтирбесин. Алардын негизги милдети – саясий оппоненттерге каршы күрөшүү. УКМКнын кээ бир жетекчилери криминалдык чөйрөдөгү адамдарды кызматка алган мисалдар да бар. Депутаттар ушуну көзөмөлдөбөйбу! Аларда мындай мүмкүнчүлүк бар, УКМКнын жетекчилигин өкмөттүн башка мүчөлөрүндөй эле парламент бекитет. Саясий репрессия – бул жөн гана шылтоо. Атайын кызматтын үстүнөн толук көзөмөл кылуу идеясы - чет элдик тапшырма деп эсептейм.
Ариет ЖЫРГАЛБЕКОВ
P.S. Бул макаланы окуган адам өзү деле Мамлекеттик кызыкчылыктан, өзүнүн кызыкчылыгын жогору койгон депутаттар эмнени ойлоп жүрөт деген суроо койсо керек. Бизге күчтүү, стабилдүү өлкө керекпи? Эгер керек болсо качанкыга чейин ушинтип, карышкыр терисин жамынган саткындарга жем боло беребиз деген суроо туулбай койбойт.
“Майдан. kg” гезити