Көйгөй


 

“Дело№”гезитинин соңку санында – “АКШын Борбордук чалгындоо башкармалыгы бийликке басым көрсөтүүчү күчтөрдүн Кыргызстандагы саны көбөйүүдө”,  деген макалада, өлкөбүздө бийликке таасир этүүчү жападан жалгыз ошол “НПОлор жана нпочулар”, деп атаган.  Ошол жагынан  караганда,  өлкөбүздөгү абдан чоң  жана чынында бийликтин баардык бутактарына таасир берүүчү уюм бул профсоюздар федерациясы (анын дагы формасы НПОдогудай – коомдук бирикме).

 

Бүгүнкү макалада, биздин редакция НПОлор жөнүндө эмес, кайрадан опур-талдуу профсоюз маселесине кайтып келдик, себеби, окурмандарбыз билгендей, биз бир топ убакыттан бери бул теманы аңдап-таанып келебиз, ошондуктан анын айрым кызыктуу жагын айта кетсек.

 

Жалпы дүйнөлүк профсоюздар жана алардын тажрыйбасы, өзгөчөлүгү жана артыкчылыктары  тууралуу маанилүү барактарын бирин белгилей кетели. 1986-жылдын 1- май күнү америкалык жумушчулар иш берүүчүлөргө  каршылык көрсөтүп, өз укуктарын бир аз болсо да коргоп, убактылуу адилеттүүлүктү орното алышкан. Мына ошол күндөн тарта, азыркы учурга чийин биз, 1-май майрамын  майрамдап келатабыз. Бирок өкүнүчтүүсү ошол эле күндөн тарта, профсоюзга тагыраак айтканда, америкалык жумушчулардын катарына, америкалык кылмыштуу топтор кирип алышкан. Алар, карапайым, жөнөкөй жумушчулардын талаптарын, көпчүлүгүн колдонуп, бизнес чөйрөсүнө  таасир  этишип, акыры илимдеги – “профсоюздук рэкет” түшүнүгүн жаратышып, өндүрүштүн бир топ тармактарын колго алышкан. Америкалык профсоюздарды бир топ убакытка чейин Чикагонун, Детройт, Нью-Йорктун, Калифорниянын, Флориданын кылмыштуу топтору, мафиялары толугу менен башкарышкан. Алардын ичинде Бананно, Гамбино, Джоновезе, Коломбо, Луккезе ж.б., “үй-бүлөлөрү” ар түркүн профсоюздарды колдонуп, капиталисттерге, же өзүлөрүнө керек (айрым учурларда ишкерлерге басым көрсөтүү максатында) толук кандуу башкарышкан.  Бара-бара, мафиянын мүчөлөрү паракорчулукка белчесине чейин баткан “профсоюздук босстор” менен кошо алар пенсиялык фонддорго колдору жетип, миллиарддаган акча-каражаттарга жол ачылып, ал акчаларды кеңири колдонушуп, андан да ары өз таасирин күчөтүшкөн.  Азыркы учурда да АКШылык профсоюздардын ишмердүүлүгү бир топ күмүн саноолорду жаратат.

 

Ал эми Борбордук Азияда, өзгөчө Кыргызстанда кесиптик бирликтер кандай жол менен калыптанган, ал кыймыл кантип түптөлгөн?  

Большевиктер менен кошо келген Совет бийлиги, 1918-1920 жылдардагы алгач чоң профсоюз уюмдарга тармактык, же өндүрүштүк принципте түзүлүүгө жол ачып, алар – куруучулар, металлисттер, басмакана кызматкерлери, тикмечилер, медико-санитардык жана токой-чарба жумушчуларына бөлүнүп, катарына 10 миңден ашуун мүчөлөрдү кошкон.  Кара-Кыргыз автономиясы түзүлгөндөн кийин, бириктирилген чоң профсоюздук уюмду түзүү муктаждыгы пайда болуп, 1924-жылы Ревком профсоюздардын “Оргбюросун” түптөйт. Андан кийин, 1925-жылдын жазында Кара-Кыргыз автономия облусунун  профсоюздарынын 1чи Уюштуруу Курултайы өтүп, жер-жерлерден 91 профсоюздук алгачкы уюмдан 109 делегат келип, республиканын масштабындагы – Областтык профсоюздар Советин түзүшкөн. Ошол жылы түзүлгөн республикалык деңгээлдеги профсоюздук уюм бара-бара кеңейип, курамы өсүп, катары калыңдап, жер-жерлерде ишмердүүлүктөрү күч алып, бөлүмдөрү пайда болуп, борбордошуп, 40чы жылдары “Кыргызсовпроф” уюмуна айланат.

 

Ал маалдан тарта, Совет бийлиги урап, Кыргыз Республикасы пайда болуп, өлкөбүз эгемендүү болгонго чейин, Кыргыз ССРин профсоюз уюмдары республиканын өнүгүүсүнө колтойгон кол кабыш кылган. Мисалга алсак, Өлкөбүздүн профсоюздарынын “Советтик маалындагы” эмгекчилдердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн ден-соолугун камын көрүү  саясатты, жыйынтыгында жүздөгөн  курулуштары жараткан. Алардын ичинде,  баардык аймактарда курулган Эс-алуу үйлөрү, балдар үчүн “пионер лагерлери”, санаторийлер, профилакторийлер, пансионаттар, мейманканалар, турбазалар, үйлөр-батирлер, ж.б.  Ошол даңазалуу маалдан  калган, коомчулукка белгилүү обьекттердин чети, бул  – Бишкектеги “Достук”, “Саякат” мейманканалары, Турбазасы, Түштүктөгү “Ош Турпансионаты”, Жалал-Абад курорту, Арсланбаптагы жайлар, Ысык-Көлдөгү – “Көгүлтүр Ысык-Көл”, “Жети-Өгүз”, Жыргалаң”, санаторийлери, “Ала-Тоо”, “Чолпон-Ата”, “Ысык-Көл”, “Телтору”, БЭБ “Улан”,  Чүйдөгү – “Ысык-Ата” курорту, ж.б.  Жогоруда келтирген эс алуу-чындоочу санаторий-курорттор бул Совет маалындагы республиканын профсоюздарынын кылган иши, өнүгүүгө кылган эбегейсиз салымынын чети эле. 

 

СССР жоюлуп, Кыргыз Республикасы түзүлүп аны менен кошо советтик профсоюздардын доору кетип, анын ордун Кыргызстан профсоюздар Федерациясы (КПФ) деген уюм мураскер болуп ээлеп калат. Өлкөбүздүн профсоюздарынын тарыхында, 19 кылымдын аягы, 20 кылымдын башы эмгекчилдердин эркиндик, адилеттүүлүк, укуктар үчүн  кандуу күрөшүү менен белгилүү болсо, Советтик мезгил профсоюздар үчүн  жарк эткен жаратмандык кайталангыс доор болгон. Ал эми, Кыргызстанга көз карандысыз мезгилдин келиши менен профсоюздарда кылмыштуулук жана кыйроо доору тамырын терең жайып, отурукташты.  Мисалы, 1985 жылкы статистикага таянсак, Советтик Кыргызстанда 1 млн., 482 миң профсоюз мүчөсү болгон экен, ал эми азыркы учурда  КПФда 700 миңден ашуун формалдуу мүчөсү бар деп жүрөт, канчасы “приписка”, канчасы тирүү мүчө экенин Кудай эле билсе керек.

 

Сөздүн башында,  АКШын профсоюздарынын тарыхындагы мафия менен болгон тыгыз байланыштарын бекерден салыштырмалуу мисал кылган жокпуз. АКШда профсоюздар жаралган маалга мафиялар пайда болгон маалы дал келип, алар миңдеген мүчөлөрү бар профсоюздарды бат эле колго алып, өз кызыкчылыктарын ишке ашырышчу. Кыргызстанда болсо саясий-социалдык жагдай башкача болуп, 90чу жылдары башаламандык орун алып, бирин артынан бири төңкөрүштөр өтүп, 30 өкмөт, 5 президент алмашып мурунку көзөмөл жоголуп, өзүм билемдик үстөмдүк кылган маалда КПФ кылтыйып трансформацияланып баштаган. Анан өзгөрүүсү прогресс жолуна чыккан эмес, тескериче, регресс жолуна түшкөн.

27 жыл ичинде, мурунку профсоюздар Кыргызстан профсоюздар Федерациясына айлангандан баштап бир дагы кичинекей курулуш кыла алган жок, курууну кой, мураска калган мүлктү-жерди сактай албай, керек болсо дубал тургуза албады.  Эмнесин айтабыз, профсоюздук Совет маалында курулган кыймылсыз мүлктөр, анын ичинен санаторий-курорттор, балдар лагерлери, мейманкана, үй-батирлер, айдоо, алма-бак жерлери  четинен кыркылып-кескиленип, азыркы күнгө чейин мүлжүлүп келе жатат. 27 жыл ичинде профсоюзду ким гана соодалаган жок, жашы да, карысы да соодалады. АКШдагы профсоюздарга сырттан, “Коза-Нострадан” каракчы-башкесерлер келип, аларды колго алса. КПФын ичинен маданияттуу каракчы-соодагерлер чыгып, мурункулардан калган элдин байлыгын соодалап, жыл  сайын четинен сотка-гектарлап “мыйзамдаштырып”  саткандары-саткан.

 

Азыркы мезгилдин профсоюздарындагы өзүлөрүнө-өзүлөрү мыйзам, өзүлөрүнө-өзүлөрү падыша болуп алган бир ууч  20-30 адам, тагыраак айтканда “профсоюздук босстор” дал ошол өткөн кылымдын америкалык мафия менен чырмалышкан профсоюздарындай болуп калды.  Алар да катардагы жарандын оюн, мүдөөсүн эске алчу эмес, азыр да КПФ катардагы жарандын, карапайым жумушчунун укугун-кызыкчылыктарын коргобойт, алар өз кызыкчылыктарын гана коргошот. А ал кызыкчылыктар кандай? Ал кызыкчылыктар – “бул жайды, тигил жерди кантип башкарабыз, кантип андан пайда көрсөк” деген.

 

 Андай болбосо анда, азыркы маалдагы профсоюз жетекчилиги төраганын ордуна эмне мынча жармашат дейсиң?

 

Андай болбосо эмнеге анда коомчулук нааразы? Андай болбосо, анда  эмнеге ай сайын, апта сайын митинг өтүп жатат КПФ менен Ак үйдүн алдында?

 

Андай болбосо, эмнеге катардагы профсоюзчулар айласы кетип президент өтө турган жолдо колтойгон “Жардам бериңиз” деген баннер илишет?

Андай болбосо, эмнеге анда бир топ телеканалдарда, радиолордо, сайттар менен гезиттерде иликтөөлөр, талкуулар, репортаждар менен макалалар улам-улам профсоюздун иши начар деген маалыматтар чыгып жатат?

 

Андай болбосо, эмнеге анда профсоюз уюмуна такыр тиешеси жок, публицист, Олжобай Токтосунов – “Кыргызстан профсоюздар Федерациясы мокок уюм”, жарандык активист, Айбек Мырза,– “Кыргызстан профсоюздар Федерациясы жетишээрлик иш кыла албай жатат”, коомдук ишмер Самат Алиев, -  “Кыргызстан профсоюздар Федерациясына өзүнө милдеттүү миссиясын аткарбаганы аз келгенсип, профсоюз кыймылына шек келтирип жатышат”, журналист Күнболот Момоконов, - “профсоюз жаатта да коррупция бар экени белгилүү”, КРын экс-башкы прокурору  Кубатбек Байболов, – “чындап, иш жүзүндө эмгек жамааттарынын кызыкчылыгын коргоого жөндөмү жокко эсе”, укук коргоочу Калича Умуралиева, – “профсоюздар Федерациясы өзүнүн милдеттерин так аткарбай жатат”, жана Жогорку Кеңештин депутаты, Мирлан Бакиров – “профсоюздар жылына бюджеттен олчойгон каражат алганы менен өзүлөрүнө таандык эс алуу жайларын талапка ылайык оңдоого чолоосу келбей жатканын белгилеп, профсоюздар федерациясын жоюп салууну сунуштайт”?!

 

Демек, бир топ жылдардан бери, өзгөчө Атамбаевдин КПФгы “парашютист” төрагасы Мирбек Асанакунов жетектегенден тарта сын-пикирлердин байма-бай айтылышы, критиканын күч алышы жөн болбосо керек, кандай гана болбосун, ал жерде бир мандем болгон үчүн эл кечке какшай берүүдөн чарчабай, акыры аны жоопкерчиликке тартабыз деп турушат.

 

 

Калысбек Айкынов

 

 

P.S. Ии, баса, Мирбек Асанкунов жаңы жылдын алдында, КПФын сыртында эл топтолуп, ичинде эл чогулуп жатканда, көпчүлүктүн көзүнчө, жигитче сөзүн  айтыптыр, - “мен мыйзамсыз келгенимдин соттон далилдей алсаңар, анда мен өз каалоом менен кетем, деп. Сүрөттө болсо Бишкек шаарынын Биринчи май районунун сотунун, 2019-жылдын 31 январындагы чыгарган өкүмүн карасаңар болот. Ал жерде жазылып турат, - Асанакунов Мирбек Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын төрагалыгына туура эмес, тагыраак айтканда мыйзамсыз шайланган деп.

Ал кишинин жигитче жүрүшүнө деле көзүбүз жетпейт,  калганын өзүңөр ойлоно бергиле...

“Майдан. kg” гезити