Кайда баратабыз?


 

Өкмөт башчы Муххамедкалый Абылгазиев өзүнүн өкмөтүн абдан жигердүү деп баалады. Анын көз карашы менен караганда өткөн 2018-жылы өкмөт көп иштеп, көп аракеттенип, ага жараша түшүмүн да мыктап алыптыр.

 

“Кыргызстан үчүн өткөн жыл социалдык-экономикалык өнүгүү жаатында оңой болгон жок. Бул дүйнөдөгү глобалдуу процесске жараша болду. Дүйнөлүк экономикада өзгөрүүлөр көп жүрдү. Бирок, кыйынчылыктарга карабай биз жыл жыйынтыгына жакшы чыктык. Өкмөт туура саясат жүргүздү. Муну менен биздин өкмөт иштиктүү экенин далилдеди. Мамлекеттеги макроэкономикалык кырдаалды кармай билдик”, - деп бир топ эле бежиреди өкмөт башчы.

 

“Ар кимдики өзүнө, ай көрүнөт көзүнө” демекчи, Абылгазиевди деле түшүнүп коюш керек. Эч ким аны мактабаса, өзүн өзү мактаганга туура келет да. Бирок, коомчулукта акыркы убакта өкмөт курамына, анын башында турган адамга карата ишеним кете баштады. Абылгазиевдин эмес, коомчулуктун көзү менен караганда учурдагы өкмөт олуттуу кадамдарга барып, сезилээрлик иштерди жасаган жок. Өкмөт башчылыгына талапкер болгондо “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” деп аталган программасын сунуштады эле. Бир жылдай убакытта анын бири да аткарылбаганын аталышын окуганда эле түшүнөсүң. Биримдик орнодубу? Кайсы жакта? Ишеним бекемделдиби? Кимге? Жаратмандык кайсы жерде болуп жатат? Жаңычылдык турмак эски жолду  да жарытылуу улап кете албай, өлкө канча деген инвестициядан куру жалак калды.

 

Акыркы кездери өкмөт башчысынын оставкага кетээри айтыла баштады. Буга анын жөндөмсүздүгү, өз алдынча иш алып бара албагандыгы, кадр жаатында шалаакылыгы себеп болуп берчүдөй. Айрыкча, акыркы жылы өлкөгө келген инвесторлордун санына караганда кеткен инвесторлордун көбөйүшү да отко май чачылгандай эле болду. Инвестиция – Кыргызстан үчүн маанилүү ролдо турат. Сырттан келген каражаттар менен өлкөнүн экономикасы алдыга жылаары талашсыз. Так ушул өлкөгө аба менен суудай зарыл болуп турган жаат солгундап, такыр эле каралбай калганы өкмөт курамынын ээлеген орундарында отурганынан эч кандай жыйынтык чыкпай калганын көрсөттү.

 

Жакында бюджет кабыл алынды. Депутаттардын алдына келген өкмөт башчы бюджеттин тартыштыгын 10 миллиарл 200 миллион сомго чейин кыскартканын айтты. Бирок, эмненин негизинде кыскартууга жетишкенин чечмелеген жок. Өлкө үчүн маанилүү болгон кандай иштерди аткарганын да тизмелебеди. Келечектүү долбоорлор тууралуу да кеп козголбоду.

 

Мындан улам бир жылга азганак жетпеген убакыт мурда аны премьер-министр кылып шайлаган парламенттин да ишеними тарай баштады. Айрым депутаттар ачык эле Абылгазиевди отставкага кетирүү керек дегендей ойлорун кыйыта башташты. Депутат Рыскелди Момбеков: “Экономикалык өсүш, коррупцияга каршы күрөш солгундады. Кадр саясатында башаламандык орноду. Бул арада ири инвесторлор келбеди. Оштогу цемент заводу, Таластагы төө буурчак заводу да жеке ишкерлердин колдоосу менен иштеди. Бажы салыгын жыйноо жаатында планды аткара алган жок”, - деп өкмөт ишине баасын берди.

 

Жогорку Кеңеш апрель айында өкмөттүн жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчетун угат. Канааттанса кабыл алышат, болбосо өкмөт башчыга эшик көрсөтүшөт. Башчы менен кошо министрлер кабинети чилдей тарайт. Кайрадан өлкөдө жаңы өкмөт курамын түзүү убаракерчилиги башталат.

КСДП фракциясынын депутаты Мадеминов “Абылгазиев чоң жоопкерчилиги бар кызматка даяр эмес эле”, - деген пикирин билдирди. Убагында байкабай, бир жылдан кийин гана байкаган эл өкүлүнүн баамчылыгында да сөз жок.

 

Январь айынын этегинде өткөн коопсуздук Кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн бир катар өкүлдөрүн сынга алды. Ошондон кийин эле арадан күн өтпөй мамлекет башчысынын сынына калган жетекчилер өкмөт башчысынын буйругу менен шагырап кызматтан алынышты. Ушунун өзү эле Абылгазиевдин башка турмак, кадр саясатында да өзүнүн көз карашы, ишеними жок, башка бирөөнүн көз карашы менен иш алып барган жетекчи экенинен кабар берет. Картинадай болуп койкойуп отурганы гана болбосо, учурдагы өкмөт башчы жарытылуу жыйынтык бере албас өңдөнүп калды.  Солгундаган динамика ал кеткенден кийин гана ырааттуу болбосо, же иштен жок, же аштан жок өкмөт башчы менен өлкө өнүгүүсү күмөн.

 

 

 

 

“Майдан. kg” гезити