Иса Өмүркулов - Коррупциялык ишке баа берүүдө саясаттан оолак болуу зарыл.
Бишкек ЖЭБиндеги коррупция боюнча ЖК депутаттары эмне дешти?
- Бишкек ЖЭБиндеги коррупциялык ишке баа берүүдө саясаттан оолак болуу зарыл. Коррупциялык схеманы ишке ашыргандар саясатка эмес, кылган иштери үчүн мыйзам чегинде жооп берүүлөрү керек. Уурдалган акчаны элге кайтарып берүү кажет. 386 млн. доллардын үстүнө дагы 106 млн. доллар кошуп төлөөгө туура келет. 2026-жылы кредиттерди төлөөнүн пик убактысы келет, чара көрүңүздөр.
“Майдан. kg” гезити