К. Иманалиев - Сапар Исаков менен Алмаз Атамбаев эле чечип коюшкан.
Бишкек ЖЭБиндеги коррупция боюнча ЖК депутаттары эмне дешти?
- Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча келишимдин баасын 386 млн. доллар болот деп Сапар Исаков менен Алмаз Атамбаев эле чечип коюшкан. Биз алардын кылмыштуу келишимин ратификациялап мыйзамдаштырып бердик. Сапар Исаков Атамбаевге 2013-жылдын июнунда эле кат жазып, баасы 386 млн. доллар болот, аны ТВЕА аткарат деп чечип жөнөтүп жатат, Атамбаев ал катты өкмөткө жөнөтпөй министр Артыкбаевге «аткар!» деп жөнөтүп жатат, Президент аткар десе аткарбай көрчү. Жогорку Кеңешке декабрда алып келип жатышат.
“Майдан. kg” гезити