З. Жамалдинов - Сооронбай Шарипович президент болуп келип, коррупция менен күрөшүп, мындай кылмыштардын бети ачылып жатат.

 

Бишкек ЖЭБиндеги коррупция боюнча ЖК депутаттары эмне  дешти?

 

 

- Бишкек ТЭЦиндеги коррупциялык кылмыш Жогорку Кеңеш комиссия түзүп, иликтеп, коррупцияны ачып, укук коргоо органдарына өткөрүп бергенден кийин ачылып жатат. Мурунку учурларда да Жогорку Кеңеште көптөгөн комиссиялар түзүлчү, бирок эч качан ал комиссиялар аягына чейин өз максатына жетчү эмес. Эми биздин улуу урматтуу Сооронбай Шарипович президент болуп келип, коррупция менен күрөшүп, мындай кылмыштардын бети ачылып жатат.

 

Тергөөчүлөр менен эксперттерге да ыракмат айтышыбыз керек, ошолор бул ишти аягына чейин чыгарып, күнөөлүүлөрдү  тактап беришти. Эми Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы көмөк чордонунун курулушу турат, Түштүк-Түндүк альтернативалуу жол турат, Ысык-Көлдөгү ипподром турат, Тарых музейи турат, бул иштер боюнча да ушул эле тергөө тобу таза, ак ниет иштеп, аягына чыгарат деген үмүт бар. Убагында мен “ушул кредиттерди аз алалы, эгерде кредит ала турган болсок, биз ошону туура багытта иштетели” деп айтсам, экс-президент Алмаз Атамбаев “депутат Жамалдинов деген бар, ушул мени кредитти албасын деп айтып жатат, бул элдин душманы болот” деп мен тууралу айтып чыккан. Бүгүн Атамбаев өзү командасы менен эл душманы болуп турат. Бир эле Бишкек ТЭЦи боюнча курулушта 111 млн доллар ашыкча чыгымдалган. Эми кимди элдин душманы деп атасак болот?

 

 

 

 “Майдан. kg” гезити