Эксклюзив-сенсация!

 

Өткөн жумада маалымат сайттардын биринде “Клан Бакиевых рвется в Кыргызстан” деген аталышта макала жарык көрүп, анда 2010-жылдагы окуялардан кийин четке чыгып кетүүгө мажбур болушкан экс-президент Курманбек Бакиевдин бир туугандары ата-журтуна кайтып келүү аракетине өтүшкөнү, 2020-жылда боло турган парламенттик шайлоого да активдүү кирише тургандыгы жазылган. Коомчулукта Бакиев темасы азыр да актуалдуу, биздин саясатчылар анын тегерегинде сүйлөө менен саясий капитал топтогонду адатка айлантып алышкан. Бирок, акыркы Бакиевдер тууралуу таркаган маалыматтын канчалык деңгээлде чындыгы бар? Муну тактоо максатында биз экс-президенттин Казахстанда жашап жаткан иниси Адыл Бакиевге жолугуп, маек куруп келдик. Кандай болгон күндө да, демократиялык коомдо жашап жаткан соң, алардын да өз сөзүн айтууга акысы бар...

 

- Адилбек Салиевич, сиздер тууралуу жазылган кезектеги макаланы окудуңуз да. Чынын айтканда, буга окшогон макала-маалыматтар буга чейин да көп жолу жазылган. Бирок, бир да жолу үн катып койбодуңуздар. Эмне үчүн бүгүн бул адатты бузуп, ачык маек берүүгө макул болуп олтурасыз?

 

- Сөзүмдүн башында сиздер түзүп жаткан мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, гезитиңиздер аркылуу жалпы кыргыз элине салам айтып, башымды ийип таазим кылам. Себеби, четте жүргөнүбүзгө карабай, элибиздин жана биздин туугандарыбыздын, досторубуздун колдоосун сезип жаттык, жылуу сөздөрүн аябай, байлынышып, кат жибергендер да бар. Ачыгын айтканда, тогуз жылдын жүзү болду, эмне деп гана жазышкан жок! Булардын максаты бирөө эле – өздөрү жасаган мыйзамсыз, куралдуу төңкөрүштү актоо керек болчу! Дал ошондуктан, биздин фамилияны дискредитациялоо максатында фантазияларынын жетишинче элге карандай калпты чындыктай жеткизүү далалатында болушту. “Коомду ушул жомокко ишендирсек, каалашынча жеп, жыргай беребиз”- дешкен да. Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн, андан кийин Отунбаеванын бир жарым жылдык башкаруусу учурунда, Атамбаевдин 7 жылдык президенттик бийлигинин маалында ар дайым, жарашса да, жарашпаса да Бакиевдерди каралоо салтка айланып калганы жалганбы? Эгерде булар кыргыз элинин турмушун жакшыртып ийишсе, биздин агабыз Курманбек Салиевичтен жакшы иштеген болсо, мен бүгүн унчукпайт элем. Сиз сурап жатпайсызбы, эмнеге бүгүн баарын ачык айтууга чыгынып калганым жөнүндө – жооп берейин буга. Атамбаев бийликте турганда сөз талашыштын такыр кереги жок эле. Анткени, ал өзүнүн кылмыштуу долбоорлорун жаап-жашыруу үчүн баарын бизге оодарып, жамандоо жолун калыптандырып алган. Ал кезде бир нерсе сүйлөп убара болуштун кереги жок эле. Мына эми гана адилеттүү бийлик келгенден кийин Атамбаевдин чыныгы жүзү ачылып олтурат. Сооронбай Жээнбеков келгени коомдо адилеттүүлүк орной баштаганын мен сезип турам, ошондуктан, өз позициямды айтып чыгууга батындым.

 

- Сиз жогоруда 2010-жылдагы апрель окуясын төңкөрүш катары мүнөздөдүңүз. Ал күнү аянтта ок атылып, адам өлүмдөрү менен коштолгону белгилүү. Бул окуяга катышкан жарандар К.Бакиевди өз элине ок аткан канкор президент катары сыпатташат. Ошондо сиздин көз караш боюнча, бул кандуу окуялар башка жактан алдын-ала даярдалганбы?

 

- Ооба, 7-апрель окуяларын алдын-ала даярдашкан. Атамбаевдин: “Миң киши өлсө эч нерсе эмес, эң башкысы бийликти алабыз”- деп айтып жүргөнүн Ф.Кулов китебинде бекеринен жазып чыккан эмес. Элин ойлогон саясатчы эч качан мындай келесоолукка бармак эмес. Мисалы, апрель окуясынын арты менен бийликке келген айрым саясатчылар “Ала-Тоо аянтына барып, Ак үйдү, демек бийликти басып алуу планда жок нерсе эле”- деп айтып чыгышкан. Алар кан төгүү жолу менен бийликти алуу жолун эч качан колдомок эмес. Демек, мунун баарын “Форумда” Алмаз Атамбаев өзү даярдаган. Бир топ мамлекеттерде бийликти ушундай жол менен кулатышпады беле. Анүчүн канча кан көп төгүлсө, бийликти оодаруу шансы ошончолук көп болот. Төңкөрүштүн автору жана демөөрчүсү катары Атамбаев дал ушуну көксөгөн. Бакиевдин бийлигин жаманатты кылып, кулатуу үчүн ал кан төгүүдөн кайра тартпады. Экспертизалар, тергөөдөгү эксперименттер соттун жүрүшүндө эске такыр алынган жок. Болбосо, алгач адамдар кайсы жактан атылган октон өлгөнү көрүнүп эле турбайбы! Андан тышкары, адам санын көбөйтүш үчүн башка жактан каза тапкан адамдарды алып келип кошушканы жалганбы? Мына ушундай фактылардын баары белгилүү журналист Ырысбек Өмүрзаковдун китебинде документалдуу түрдө далилденип турат. Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров чет элдик снайперлер колго түшкөнүн кабарлаган. Бирок, кандайдыр бир себептер менен айтканынан танып кетти. Апрель окуясы боюнча сот Атамбаевдин бийлигинин тушунда болгон. Албетте ал өзүнө керектүү чечим чыгартты. А эгерде бул окуялар боюнча объективдүү тергөө жүргүзүлө турган болсо мен толук ишенем, адамдардын канынын төгүлүшүнө Бакиев эмес, Атамбаев күнөлүү болуп чыгат. Бул шоу-соттун тыянагына азыр эч ким ишенбейт. Анткени, Бакиевдин бийлигинин тушунда иштеп калганы үчүн эле адамдарды камап, соттой беришкен. Мисалы, “Альфа” тобунун жана Мамлекеттик күзөт кызматынын жоокерлери эмнеге соттолушту? Алар эч кандай мыйзам бузган эмес, өз милдетин аткарган. Баары билет, митингчилер менен куралданган жоон топ адамдар да келген. Алар мамлекеттик имаратты куралдуу топтон коргогон. Анан аларды “силер Ак үйдү эмес, Бакиевди коргогонсуңар”- деп соттоо жетип турган акыйкатсыздык. Мисалы, бүгүн да 2010-жылдагыдай радикалдуу топ Ак үйгө чабуул коё турган болсо кандай болот? Мына ошол Мамлекеттик күзөт кызматы менен атайын бөлүктөрдүн жоокерлери мамлекеттик имаратты коргоп ок атышы керекпи? Эгерде бул маселеде акыйкаттуулук болбосо, абал чатак. Өзүнүн түздөн-түз милдетин аткаргандыгы үчүн соттолуп жаткан досторунун тагдырынан кийин алар үчүн милдетин так аткаруу кыйын болуп жатпайбы. Айта берсе фактылар көп. Кыскасын айтканда – апрель окуясынын кайгылуу болуп аякташына Атамбаев баш болгон радикалдуу оппозиционерлер жооп бериши керек.

 

- Агаңыз Курманбек Салиевич бул окуялардан кийин түштүккө эмнеге барды эле? “Түштүктү көтөрүп, Ак үйдү басып алган топту кууп чыгат”- деп дүрбөп калдык эле...

 

- Биринчи кезекте президенттин мындай чечим кабыл алынышына Ош, Жалал-Абаддагы тарапташтарынын “келип, абалды түшүндүрүп берсеңиз”- деген чакыруусу себеп болду окшойт. Айрымдар ойлогондой, президент кандайдыр бир митингдерди уюштуруп, элди көтөрүү максаты менен барган эмес. Коомчулук талап кылгандыктан, чындыкты жеткизип коюу үчүн өздөрү топтолгон элдин алдына барган. Анын үстүнө, Курманбек Салиевич президент катары аянттагы окуя чоң масштабтагы провокация болгонун эл аралык коомчулукка билдирип, мыйзамдуу президент катары чара көрүшү керек эле. Курманбек Салиевич ал жактан кетпей койсо деле болмок. Бирок, ал элин ойлогон чыныгы лидерлик сапатын көрсөттү. РФ президенти В.Путин, Белоруссиянын президенти А.Лукашенко, Казахстандын элбасы Н.Назарбаев Кыргызстанда граждандык согуш чыгып кетпеш үчүн Курманбек Салиевичтен ал жактан чыгып кетишин суранган. Өз бийлигинен да ал эл тынчтыгын артык көрүп, ушул кадамга барды.

 

- Сиздер, бир туугандары кетпей эле, бул жакта жүрө берсеңер болбойт беле? Мисалы, А.Акаев качканына карабастан, агасы Кыргызстанда эле жүрдү. Бермет Акаева ээн-эркин келип жатты. Орустар “отец за сына не отвечает” дегендей, мейли, К.Бакиевге ушундай тагдыр жазылыптыр, а бирок анын жасагандарына эмне үчүн бир туугандары жооп бериши керек?

 

- Эң туура суроо бердиңиз. Мисалы, мага жана менин иним Маратка бүгүнкү күндө эч кандай кылмыш иши козголгон эмес. Агаларыма карата кылмыш иштери жасалма козголгон, соттор да бийликтин буйругун аткаруу менен, мыйзамсыз чечимдерди чыгарган. Муну бир сөз менен айтканда – куугунтук десек жарашат. Чындап келсе, биз бир туугандар Курманбек Салиевичтин татыктуу иштешине баарынан мурда кызыкдар болчубуз. Атабыз түз жүргөндү, таза иштегенди үйрөткөн. Колубуздан келишинче Курманбек Салиевичке сөз тийгизбегенге аракет көрдүк. Анын саясатына кийлигишкен жокпуз. Тескерисинче, пайдалуу көп иштерди жасап жүрдүк. Карапайым адамдар мунун баарын билет.

 

- Өтө кызык теманы козгодуңуз. 2010дон бери чынын айтканда, терс маанайдагы гана сөздөрдү укчубуз. Мына, жеке сиз элге эмне пайдалуу иш жасадыңыз?

 

- Айтып берейин. Бирок мактоо иретинде эмес, бизди ар дайым жамандап жазып, айтып жүргөн адамдарга жооп иретинде гана кабыл алгыла. Мисалы, Жусуп Бакиев атындагы фонддун ишмердүүлүгү бардыгыңыздарга маалым. Балдар үйү, бала бакча, мектеп, жетим-жесирлер, кары-картаңдарга фонддун атынан көрсөтүлгөн жардамдарды санап олтуруштун кереги жок. Турмушу жакыр үй-бүлөлөргө, көп балалууларга, ооруканаларга жыл сайын жалпысын алганда бир нече миллиондогон сомдук колдоо көрсөтүлгөн. Фонддун атынан 270 жетим балага ай сайын 25 доллардан стипендия таркатылып турду.

 

Менин жеке демилгем менен шаарыбыздын Свердлов районунда таланттуу, билимге умтулган жетим балдар үчүн приют ачылган. Бул жетимдер үйүн курулушунан баштап, жылуулук, жарык менен камсыздоо, эмеректерди жасатууга чейин жеке өзүм катыштым. Энергияны альтернативдүү жол менен алып колдонуу идеясы ушул жерде колдонулган. Аны мен көп иликтеп, көзүм жетип, ишке ашыргам. Жыйынтыгында бул балдарды мүмкүн болушунча жакшы шартта окуп-чоңоюшуна аракет жасадым. Аталган жетимдер үйүн толук өзүм бүткөргөндөн кийин Свердов райондук мамадминистрациясынын карамагына көзөмөлдөп туруу үчүн өткөзүп бергем. Кийин, биз өлкөдөн чыгып кеткенден кийин бул үйдүн тагдыры кандай болду, мага белгисиз бойдон калды. Улантып иштетип кетиштиби же талкаланып жок болду, айта албайм.

 

Мен КР Тышкы иштер министрлигинде өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи катары 2008-2009-жылдары иштедим. Абдан көп иштер жасалды, анын айрымдарын гана айтып өтөйүн. Биринчиден, “Дипломатиялык кызмат жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргиздик. Ага ылайык, өз жумушун аткара албаган дипломаттарга карата рангын алып салып, кызматтан кетирүү чарасы киргизилген. Ансыз дипломаттар элчиликтерде өздөрүн эс алууга баргандай сезип жүрүшчү. Экинчиден, ТИМдин кадр резервин түздүк. Ага чейин андай түшүнүк жол болчу. Үчүнчүдөн, биздин өлкө менен соода жүгүртүү көлөмү чоң өлкөлөрдөгү (Мисалы: Кытай, Россия, Казахстан, Германия, Сауд Аравиясы, БАЭ, Турция, Иран, Индия ж.б.) дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө соода-экономикалык иштер боюнча кеңешчи институтун киргиздик. Бул өз ара карым-катнашы дагы да күчөтүүгө алып келди. Төртүнчү, Улуу Британия жана айрым Европа өлкөлөрүнүн атуулдарынан турган англо-кыргыз коомчулугун түзүп, ага 3 миңден ашуун адам мүчө болуп, сайты ачылган. Коомчулук аркылуу бул мамлекеттерге Кыргызстан тууралуу кызыктырган маалыматтарды берип келатышат. Бешинчиси, Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчиси Жусупбек Шарипович чоң иш жасап, принц Файсал бин Абдалла Аль Сауд колдоого алып, Ошто заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылган 40 орундуу оорукана салууга 1 млн 600 миң долларлык жардам алып келген, бул долбоорду жакындан колдоп, ишке ашышына салым коштум. Андан тышкары, бул мамлекеттин инвесторлорун Кыргызстанга алып келип көрсөтүп, абдан жылуу, достук маанайда кызматташуу линиясы түзүлгөн. Алтынчысы, Нура айылында жер титирөө катталып, анын тургундарын тез арада үй менен камсыз кылуу маселесинде да биздин кошкон салымыбыз бар. Башкача айтканда, мындай шартта үй-контейнерлерди колдонуу идеясы бизге таандык. Бирок, анын баарын ошол кездеги Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ишке ашырган. Жыйынтыгында оперативдүү түрдө элдин муктаждыгы чечилген. Жетинчиси, мага Каратэ-до федерациясынын Ысык-Көл, Ош облустарындагы бөлүмдөрүнүн жетекчилери келип, аны жетектеп берүү өтүнүчүн билдирген. Өсүп келе жаткан балдарды спортко тартуу мезгилдин талабы болчу. Ошондуктан макулдугумду билдирип, облустардагы өз алдынча, чачкын болуп иш алып бараткан бөлүмдөрдү бириктирип, бир муштумдай иш алып бардык. Каратэ-до федерациясынын деңгээлин көтөрүүгө көп күч жумшап, биздин спортчулар эл аралык мелдештерден медалдарды ута баштаган. Муну азыр да сыймыктануу менен айта алам!

 

Жусуп Салиевич атындагы фонддун Бишкектеги жана аймактагы ооруканаларды атайын оорулуулар колдонуу үчүн ыңгайлуу болгон кроваттар, ортопедиялык матрастар, эмеректер, жабдуулар менен камсыз кылуу багытындагы ишин дагы айтып койсок ашыкча болбостур. Ремонт иштерине көп жардам бердик. Азыр ошонун баары элге кызмат кылып жатат.

 

- Жакшы иштерди жасаган экенсиз... Бирок, Гуревич деген чыкты го, анын айтымында, Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргызстандан 200-300 миллион доллар тегерегиндеги акча алып чыгып кетиптир го? Кечээки биздин маегибизге себеп болгон макалада да сиздер Батьканын колтугунда жыргап жашап жүргөнүңүздөр айтылыптыр го?

 

- Эгерде ушунун баары чын болсо эмнеге биз бардыгыбыз ар жакта ижарага алынган квартираларда жашап жүрөбүз? Эми бала болгондон кийин айтат экен, уул-кыздарым: “ата, мына курулуш тармагында, Кытайда элчиликте, ТИМде иштедиңиз, анан эмнеге эч болбосо бир кичинекей күркө ачып койбодуңуз, Дордойдон бир контейнер алып койбойт белеңиз?”- деп. Эгерде Гуревичтин таркаткан маалыматы чын болсо, Бишкекте менин дагы ресторандарым, соода борборлорум болот эле да. Гуревич бирөөнүн саясий заказын аткарып жатат. Мен айтпадымбы өйдөдө, атабыз тартипти катуу кармачу. Бирөөнүкүн жеген бизге жат, тарбия ушундай...

 

- Чын эле Кыргызстанга аттанып жатасызбы? Анткени, сайттагы маалыматта биринчи болуп сизди Кыргызстанга кайтат деп жүрөт...

 

- Айтпадымбы, мыйзам жагынан мага эч кандай тоскоолдук жок. Сөз болуп жаткан макалада бизди бара калып эле, ызы-чуу салчудай маанай тартылыптыр. Биз да Кыргыздын кулунубуз! Биз үчүн эл-жердин кызыкчылыгы биринчи орунда турат. Мисалы, Курманбек Салиевич кытайлык компания менен сүйлөшүп, Белоруссияда биотехнологиялык корпорация ачты, ага 2,5 миллиард долларлык инвестиция келди. Ошону Кыргызстанга ачса жакшы болот эле го. Айла жоктон ал жакта ачып, иштетүүдө.

 

Жеке мен учурда Россия, Кытай жана Польшалык ири компаниялар менен Кыргызстанга инвестиция тартуу багытында иш алып баруудамын. Жалпы-жонунун 100 миллион доллар кыргыз экономикасына кирет. Биздин өнөктөштөргө болгону азыркы бийликтин кепилдиги керек. Эгерде өкмөт бул инвесторлорду расмий чакырып, сүйлөшүп, шарт түзсө, Кыргызстанда иштөөгө даяр. Анда мен дагы бул долбоорду ишке ашырууга салымымды кошуш үчүн Кыргызстанга барып, күч-аракетимди жумшамакмын.

 

- Адыл Салиевич, жеке сиз Курманбек Бакиев кандай иштеди деген ойдосуз?

 

- Баары салыштырганда билинет экен. Атамбаевдин президенттик башкаруусунун жыйынтыгы кандай болгону белгилүү. Эксперттер өз баасында президент К.Бакиев өлкөнү алга карай сүрөсө, Атамбаев артка тартканын айтып, адилет баасын беришүүдө. Мен куру сөз менен эмес, фактылар менен айтайын. 2005-жылы К.Бакиев бийликке келгенде орточо айлык акы 2240 сомду түзсө, ал 2010-жылда 7189 сомго, же 320 пайызга өскөн. Акаев кетерде мугалимдердин орточо айлык акысы 640 сом болчу, 2010-жылы ал 3991 сомго, же 623 пайызга көтөрүлгөн. ИДПнын көлөмү 5 жылда 233 пайызга өскөн.

Баары президенттин ишин тышкы карыздын көлөмү менен баалаганды жакшы көрөт эмеспи. Акаев Кыргызстанды дээрлик 2,5 млрд доллар тышкы карызга батырган. 2010-жылы Курманбек Салиевич бийликтен кеткенде тышкы карыз 2,096 миллиард долларды түзгөн, б.а. 500 миллион долларга азайган. Ошол эле учурда өлкөнүн алтын-валюталык резерви көбөйгөн. Акаевдин кетеринде ал 543 миллион долларды түзсө, Курманбек Бакиев аны 1 млрд 819 млн долларга, же 335 пайызга көбөйткөн, тагыраагы – 3 эсеге өскөн! Бул жерде баса белгилеп кете турган нерсе, Аскар Акаев 2,5 млрд доллар тышкы карызды 15 жыл ичинде алган. Ал эми Атамбаев 7 жылдын ичинде эле дээрлик 2 миллиард долларга тышкы карызды көбөйтүп ийген. Азыр Кыргызстандын тышкы карызы 4 миллиард долларга жакын. Болгондо да, Атамбаев ал карыздардын көпчүлүк бөлүгүн Кытайдан алган. Бул мамлекетке карызын убагында кайтарып бере албаган өлкөлөр алтын кендери же портторунан ажырап жатат. Биздин эгемендүүлүк үчүн да Атамбаев алган кытай карыздары кооптуу болуп турат.

 

Курманбек Салиевич президент катары “Кумтөр” кени боюнча Кыргызстандын позицияларын жакшырта алган. Аскар Акаев кеткенде Кыргызстандын үлүшү 16 эле пайызды түзчү, 17 пайыз акцияны Танаевдин өкмөтү 86 миллион долларга сатып ийген. Бизде калган 16 пайыз акциянын баасы 85 миллион долларга бааланып жаткан, “Кумтөрдөн” салык түрүндө 2-3 миллион доллар гана түшчү. К.Бакиевдин тушунда Кыргызстандын үлүшү 16%дан 33 пайызга көтөрүлдү, анын баасы 2010-жылы 1 миллиард 750 миллион долларга бааланып жаткан. Жакшыртылган келишим боюнча компаниядан Кыргызстан 2025-жылга чейин салык түрүндө эле 3 миллиарда доллар алмак. Мен бул жерде агамды мактаган жокмун, болгону реалдуу цифралар менен сурооңузга жооп бердим.

 

- Атамбаевди өйдөдө катуу сынга алдыңыз. Анын башкаруусуна кандай баа бере аласыз?

 

- Мен Бекболот Талгарбековдун жакында бийликти күч менен басып алуу, төңкөрүш жасоо аракети боюнча тагылган айыптардан акталып чыккандыгын угуп, абдан кубандым. Мына ошол саясий ишмер агабыздын: “Атамбаев – миң жылда бир келген кырсык”- деген сөзү абдан таамай айтылган. Ал Сооронбай Жээнбековго талаланган өлкөнү калтырды. Саясий жактан ал жалаң өзүнүн кызыкчылыгын көздөгөн реформаларды жасады: шоопуру, жансакчылары, секретаршаларын кызматтан кызматка көтөрүп, алар гана эбегейсиз байып, эл кыйналды. Атамбаевдин командасы жалаң уурулук менен күн өткөзүп келгенин мурда көп айтчу элек, анын баары далилденип жатат. Бишкек электр-жылуулук борбору (ТЭЦ) боюнча Максим сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, толук реконструкциядан өткөзүү баасын 150 миллион доллар деп аныктаган.

 

Атамбаевдин командасы ЖЭБди толук эмес модернизациялоого 386 миллион доллар, эки эседен көп кредит алышып, ортодон кантип жегени ачыкка чыкты. Тажикстанда бул каражатка жапжаңы ТЭЦ салышканы айтылып жатат. Мындан тышкары Тарых музейи, Чолпон-Атадагы ипподром боюнча миллиондоп уурдоо фактылары бар. Атамбаевдин жандай көргөн кадрлары С.Исаков, К.Кулматов, А.Ибраимов, И.Илмиянов ж.б. камалды. А.Шадиевди качырып жиберишти. Мына ушул коррупциялык фактылардын баары түздөн-түз Атамбаевдин жеке буйругу менен жасалагандыгынан шектенбейм.

Анын “добросу” болбосо, булар мындайга бара алышмак эмес.

 

Азыр мен да угуп жатам, Атамбаев ресурстарын мобилизациялап, 2010-жылдагы окуяларды кайталоого аракет жасоодо. Ал үчүн элдин тагдыры оюнчук болуп калган. Өзүнүн керт башын сактап калыш үчүн ал баардык жолду колдонуп көрөт. Кыргызстанды бул кырсыкка кайра салып бербей, ага каршы күрөшүш керекпиз баарыбыз...

 

- Сиз өйдөдө Б.Талгарбеков жөнүндө айтып өттүңүз. Кыргызстанда саясий туткундарды абактан бошотуу маселеси курч турат. Кечээ жакында Бектур Асанов менен Кубаныч Кадыров бошотулду. Атамбаевдин тушунда камалган саясатчылар арбын. Бийлик алардын тагдырын кандай чечиши керек?

 

- Атамбаевдин тушунда саясий куугунтуктун негизинде камалган адамдарды чыгара тургане болсо, бийлик элдин колдоосун алмак, алкышына арзыйт эле. Бул процесс башталганы жакшы, чети чыга баштаптыр. Мисалы, Садыр Жапаров уурулук кылбаса, элге зыяны тийбесе – эмнеге камалып олтурат? Атамбаевдин бийлиги чындыктан корккон үчүн С.Жапаровду камап, жада калса ал жактан да көзүн тазалоо аракети көрдү. Бул инсан эл-жерге күйгөнү үчүн бүгүн азап тартып абакта олтурганы кечиримсиз. Мына ушундай Атамбаевге каршы чыккандыгы үчүн камалгандарды бийлик азаттыкка чыгарса, эл колдойт!

 

- Адилбек Салиевич, ачык-айкын маек куруп бергениңиз үчүн сизге рахмат. Саламатта болуңуз!

 

- Сиздерге да атайын келип, маекке тартканыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем. Мен билгенден ар дайым чындыкты жазып келе жатасыздар. Бул оор жумушуңуздарда ийгиликтер болсун!  Кыргыз элиме аманчылык тилейм, экономикабыз өсүп өнүксүн! Албетте, эгерде бардыгыбыз “качан болот?”- деп асманды тиктеп жата берсек, эч ким келип биздин Кыргызстаныбызды оңдоп бербейт. Мамлекетибизди өнүктүргүбүз келсе, ага бардыгыбыз жапатырмак киришүүбүз керек. Биз уялбастан эле башка өлкөлөрдөн мисал алсак болот. Казахстан кантип өнүгүп кетти, Тажикстан жада калса бизден озду. Эл сыйлаган аксакалдарыбыз бар, чогулуп, элди ынтымакка, биримдикке чакырып, “келгиле, өз салымыңарды кошкула, Кыргызстаныбызды көтөрөлү”- десе менимче баары колдойт. Биздеги бюрократиянын айынан дүйнөнүн мыкты окуу жайларын бүтүргөн уул-кыздарыбыз чет өлкөлөрдө иштеп жүрөт. Эмнеге биз аларга жумуш берип, тартпайбыз? Чет мамлекеттерде өз күчү менен бутуна турган бизнесмен кыргыз жигиттери бар, шартты түзсө, алар келип иштегенге даяр. Эң негизгиси, ынтымакка келип, өз өлкөбүздө жумушчу орундарды түзүп, мигрант турмушун айласыз кечирип сыртта жүргөн мекендештерибизди Кыргызстанга кайтаруу – мезгилдин талабы.

 

 

 

Маектешкен

Нургазы Анаркулов

Булак: “Майдан. kg” гезити