Кыргыз киносу жана театры жаңы актер-актрисалар менен толукталып, жаңы муун бийиктиктерди багындырып жатканы жүрөк жылытат.

Буга мисал Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата анын “Кызыл жоолук жалжалым” повестинин негизинде кыргыз-өзбек кино жаратуучулары “Делбирим” аттуу тасманы жаратып, ал тасмада эки элди бирдей толкутуп, ыйлатып, аруу бир сезимдерге жетелеген Аселдин образын жараткан жаш актриса Мадина Талипбекованы айтсак болот. Мадина учурда Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында актриса.

 

– Мадина, учурда “Делбирим” тасмасы абдан популярдуулукка ээ болуп жатпайбы. Кантип тасмага тартылып калгансың?

 

– “Делбирим” тасмасынын кастингине фильмдин продюсери Перизат Жакыпбекованын чакыруусу менен бардым. Тандоо Бишкек шаарында өттү. Аселдин образына ошол күнү эки кыз барыптырбыз. Фильмдеги эмоционаддуу бөлүмүнөн кыскача үзүндү ойнодум. Бир канча убакыттан кийин мени Аселдин образына ылайыктуу деп тандагандарын айтышты.

 

– Эмоционалдуу бөлүмү деп жатпайсыңбы, негизи Аселдин мүнөзү көрүучүлөргө назик бойдон калыптанып калган эмеспи. Турмуштун сыноосунан кийин Аселдин өзгөргөн учурун кандай кабыл алдың?

 

– Тандоо жүрүп жатканда дал ушул турмуштук сыноодон кийинки Аселди ойношум керек болуп калды. Ошол себептен кайраттуу Аселди ойнодум. Анткени Аселдин тагдыры учурдагы көп айымдардын башында бар. Жолдошу эмчектеги баласы менен таштап кетип, кийин бутуна туруп калганда келип алып мени менен кет деп келсе ким эле назик болсун? Мен өз позициясынан кайтпаган, кайраттуу Аселди ойногом. Дал ошол образ режиссёрго жакканын айтышты.

 

– Негизи орус тилине жакын, орусча ойлонуп, орусча сүйлөөрүңдү билебиз. Кыргыз драма театрына барып иштеп калганың мактоого татыйт. Кээде тилден кыйналган учурлар болобу?

 

– Мен Кыргыз-түрк Манас университетинин “Актердук чеберчилик” бөлүмүн аяктагам. Тилекке каршы, сиз айткандай мен университетке чейин орус тилдүү мектепте билим алгам. Жогорку окуу жайга барганда кыргыз тилин окуй баштадым. Бардыгыңыздарга маалым болгондой Манас университетинде бардык сынактар кыргыз, түрк тилдеринде өтөт. Дипломдук спектакль ойногондон кийин мени Кыргыз драма театрына чакырышты. Чындыгында башында абдан корктум. Анткени менин кыргыз тилди билүү деңгээлим бул театрдын деңгээлине туура келбейт. Бирок ошого карабай театрга келдим. Театрга келгенден бери кыргыз тилге болгон сүйүүм ого бетер артып, ар бир жаңы жаралган спектаклдерде тилим жатыгып, такшала баштадым. Мага жардам берип, колдоп келе жаткан кесиптештериме терең ыраазымын.

 

– Моделдик өнөр менен да алектенип жүрчү элең…

 

– Моделдик карьерам 14 жашымда башталып, 18 жашымда бүттү. Моделдик меники эместигин түшүнүп бул иштен баш тарткам.

 

– Эгизиң Медина экөөң чогуу роль жаратчу элеңер…

 

– Медина кесиби боюнча оператор-монтажер. Учурда өзүнүн жеке иштери, долбоорлору менен алек. Экөөбүздү бирге ойноп бергиле деген чакыруулар дале түшүп жатат. Карап чыгып, жакса бирге иштей беребиз.

 

 

Нуркыз Рыскул кызы

Булак: «Фабула»