Кыш күчүндө

 

 

 

 Акыркы күндөрдө Ош жергесинде кыш кадимкидей күчүнө кирип, чилденин суугу тим эле сөөктү сыздатат. Ушундайда жакыр жашаган үй-бүлөлөргө үзгүлтүксүз камкордук көрүп, “Перити-Коал” ишканасы Алайдан өзү казган көмүрлөрдү бей-бечаралардын суроо-талабына жараша бекер таратып, калктын аялуу катмарынын сообуна гана калып келатат. - Өзүм жалгызмын. Төрт неберем колумда. Уулум, келиним гөртирликтин айынан Орусияда иштеп жүрүшөт, - дейт Алай районунун жетимиш эки жаштагы тургуну Гүлүйпа апа САНСЫЗБАЕВА. - “ПеритиКоал” ишканасы эшигиме эки тонна көмүр түшүрүп берди. Мунусу кышка беймарал жетет, эй. Ушундай соопчулук иштин башында турушкан “Перити-Коал” ишканасынын жетекчиси Бердибай Пиримовго, анын уулу - Жогорку Кеңештин депутаты Улан Пиримовго абдан чоң ыракмат! Алай өрөөнүндө буларды мага окшоп алкап аткандар толтура. Болбосо, кымбат баа коюп сатышса деле, тоңуп калбас үчүн эптеп айласын таап алат элек да, айланайын!

 

- Жашым сексенди чапчыды. Бирок, мындай элдин камын жеген пенделерди, чынында, мен көрө элекмин,- деп агынан жарылды Өзгөн районунун жашоочусу Эркинбай ЖАНУЗАКОВ. – Болбосо, Алай каякта жатат? А биз каякта турабыз? Жогорку Кеңеш депутаты Улан Пиримовдун кишилери атайын Өзгөнгө келишип, элден ким жардамга абдан муктаж экендигин зерикпестен сураштырып, анан ошого жараша тизмелеп дагы кетишиптир. Айланайын, болбосо, мобул өзүбүздүн Өзгөндө деле көмүр казылып жатпайбы. Тилеккке каршы, Пиримовдорго окшоп аны турмуш-шарты оорлорго каралашып, бекер таркаткандар быякта дээрлик жок!

 

Ушундан соң атайын Алай районуна дагы чабыттап, “Перити-Коал” ишканасынын башкы менеджери Камбар НАЗИЕВди көмүр каздыртып жаткан жеринен кепке тарттык.

 

 - Жетекчибиз Бердибай Пиримовдун, Жогорку Кеңештин депутаты Улан Пиримовдун түздөн-түз тапшырмасына ылайык Ош шаарында жашап жатышкан турмушшарты абдан начар үй-бүлөлөргө 460 тонна көмүрдү бекер тараттык. Анан Алай районундагы жакырларга дагы 320 тонна “кара алтынды” бекер эле каралаштык. КараСуу районуна 100 тонна, Араван районуна караштуу Керме-Тоо айылына 20 тонна, Өзгөн районундагы Мырзаке, Дөң-Булак, Ак-Жар, Салам-Алик айыл өкмөттөрүнө жалпысынан 80 тонна көмүр бекер каралаштык,- деди “Перити-Коал” ишканасынын башкы менеджери Камбар НАЗИЕВ. - Биз мындай адатыбызды жыйырма үч жылдан бери кадимкидей эле салтка айландырганбыз. Жогорудагылардан тышкары мечит-медреселердин ар бирине үч тоннадан көмүр жеткирип беребиз. Мындай камкордуктан Чоң-Алай району дагы кур эмес. Ал эми туруктуу кардарларыбызга, ошондой эле жеке ишкерлерге “кара алтындын” тоннасын 4500 сомдон эле таратабыз. Албетте, башка көмүр кендерине караганда, биздики, чындыгында, арзан, сапаттуу жана табы күчтүү!

 

Биз түшкөн көмүр жүктөгөн машина ордунан жылганда, артынан дагы отуз чактысы Ошту карай багытталды. Ушундай эле кербен Алайдагы “Перити-Коал” ишканасынан күн сайын ар багытты карай чубалат. Бардыгы кар калың жаап, кын кычырыгандыгына карабастан, адаттагыдай жакыр жашагандарга бекер, ал эми жергиликтүү ишкерлерге арзан “ак алтын” ташып турушат.

 

 

 

Алишер Токсонбаев, “Майдан. kg” гезити