Т. Акеров: Орус тили "расмий" статусуна муктаж эмес. 

 

 

 -Табылды мырза, эки жыл болсо да неге Дача СУда кулаган учактагы жүктүн ээси табылбайт?

 

 -Дача СУдагы окуя, кулаган самолеттогу жүктүн ээси табылбай жатат. Учурунда Атамбаевдики деген сөздөр айтылган. Өмүрбек Текебаев далилдеп берем деп да билдирген. Бирок, өзү темир тор артына камалып калды. Башкача айтканда,  Дача СУдагы жүктүн сыры “Кумтөр”, 7 -апрелдеги элди аткан снайперлерге окшоп  чуулгандуу маселелердей эле ачылбас болуп калды. Менимче, бул жүктүн ээси чет элдик саясатчы деле болушу мүмкүн. Бирок, Кыргыз тарап ошол самолет кыргыз территориясы аркылуу өтүп, «Манас» аэропортунун кызматын пайдаланганы үчүн миллондорду төлөп турушу мүмкүн. Башкача айтканда, жүктүн ээси бажы кызматынын жетекчилерине, УКМК жетекчилерине миллиондорду которуп берип турушу мүмкүн. Бул үчүн кыргыз тарап самолеттун «Манас» аэропортуна эч тоскоолдуксуз конуп, кайра учуп кетишин камсыз кылып берип жүргөн болушу да ыктымал.

 

 -Эмне үчүн анын ээси Атамбаев болгон дешкени менен аны ошол иш боюнча жоопкерчиликке тартуу же жетим калган балдарды камкордугуна алуу жоопкерчилиги жүктөлбөйт?

 

-Жүк Раиса Атамбаевга таандык деп айтылганы менен эч далил жок. Эч ким аны далилдеген жок. Бул окуядан жабыр тарткандарга мамлекет тарабынан эч кандай статус берилген эмес. Мисалы, Чернобыль авариясы боюнча иштерге катышкандардыкындай, Баткен согушунун каарманы дегендей. Ошондуктан, бул кадимки эле  окуя катары кабылданып жатат.

 

 -Иранда кулаган учакты бизди эч ким менен мамиле түспөсүн,  этти аларга сатпасын деген таризде самолётту кырсыкка кабылтыштыбы? Аскер самолету кандайча Иранга эт ташып жаткан?

 

 -Жок. Ирандагы официалдуу таралган маалыматар боюнча самолет коноордо кетирилген катачылыктарга байланыштуу кулап түшкөн. Boeing-707 Фатк аэропортунда жерге конуп жатканда пилот самолетту чийинге  кондура албай, анан токтото албай калып, чийинден чыгып кеткен. Самолет катуу барып, эл жашаган аймактагы имараттарга урунган. Башкача айтканда, муну кыргыздар бөөдө кырсык деп коет. Бирок, албетте, бул аскер самолету болгондугу, анан ал Иранга Кыргызстандан 30 тонна эт тартып бараткандыгы жөүндөгү маалымат өтө эле кызык. Бирок, Кыргызстан Иранга 2016 -жылдан бери эт тартып келет. Акырындык менен бул соода өнүгүп, Иран Кыргызстандан 350 тонна эт алып туруусу пландаштырылган.

 

-Орус тилин расмий тил деген статусунан ажыратабыз дегендер маселе көтөрө баштады. Бул маселе боюнча кандай пикирдесиз?

 

 -Кыргызстанда орус тили эч кандай статуссуз эле мыкты жайылып өнүгүп жатат. Базарларга, магазиндерге барсаңыз, базарда сатып олтурган кыргыздар бири-бири менен орусча сүйлөшүп жатканын көрөсүз. Алар өз кардарлары менен да орус тилинде сүйлөшөт. Үйүңүзгө ремонт иштерине курулушчу бригада чакырсаңыз, аларда сиз менен орусча сүйлөшөт. Келишип алып, үйүңүздү ремонтко берсеңиз, сиз менен ремонт бүткүчө орус тилинде сүйлөшүшөт. Бири-бири менен да орус тилинде сүйлөшүп жатканын көрөсүз. Себеби, орус тили кыргыздар үчүн иш тилинин ролун аткарат. Анткени, кыргыздар Орусияга барып соода да же курулушта иштеп, орус тили иш тили катары үйрөнүп келип жатышат. Мунун баары Кыргызстанда орус тили эч кандай макамга муктаж эмес экенинин айкын далили. Аны Конституциядан алып салса да, алып салбаса да орус тили кыргыздар арасында муктаждыктын негизинде жайылып, өнүгө берет.

 

 

“Майдан. kg” гезити