А. Изибаев атындагы мамлекеттик цирктин айланасындагы ызы-чуу ондогон жылдар бою бүтпөй келатат.

 

 

Цирктин артисттери маал-маалы менен андагы директору Курмангазы Исанаевдин аткарган иштерине ичтери чыкпаганын билдиришип, бул өнөр өчүү алдында экенин айтышып, жогору жакка коңгуроо кагып келишкен. Бирок, Исанаевдин иш аракетине жетиштүү көңүл бурулбай, бийлик цирк искусствосунун көйгөйүн он жылдан ашуун көңүл сыртында калтырды.

 

Искусство эмес, бизнес...

 

Кыргызстанда жалгыз цирк бар. Башка өнөр мекемелерин ошол өнөр тармагынын адиси башкарса, цирк бул дүйнөгө такыр тиешеси жок адамдын жетегинде калган. Мисалы, Кыргыз драма театрынын башчылыгында  актер, опера жана балет театрын опера ырчысы, Улуттук филармонияны Эл артисти турат. А циркти музыкалык билимге ээ, аймактык маданий бөлүмдөрдү жетектеп келген Курмангазы Исанаев 2004-жылдан бери башкарып келди. Бул жылдар аралыгында ал өнөр тармагын өркүндөтүүнү эмес, килейген цирк имаратын бөлүк-бөлүктөргө айлантып, ар кандай бизнеске ижарага берип, капчык кампайтуунун аргасын көргөнүн артисттер айтып келишет.

 

Ижарага берилген имарат, куткарган оорукана

 

Цирк көйгөйү депутат Аида Касымалиеванын Жогорку Кеңештин трибунасындагы билдирүүсүнөн улам коомчулукка оркойуп көрүндү. Ага дейре артисттер маалымат каражаттарына арманын айтышканы менен жогору жактан тийиштүү чаралар көрүлбөй келген. Депутат цирк артисттеринин кайрылуусун окуп берип, бул өнөр дүйнөсү алаканда араң дем алып калганын жарыялады.

 

“Цирк эчак өлгөн. Жылуулук жок, купола жок, спортзал болсо, көп жылдан бери “көгүлтүрлөрдүн клубуна” айланып калган. Ал жерде азыр кафе, же ресторан иштеп жатат. Гардероб мейманканага айланган. Цирктин өзүнүн мейманканасы бар, ал жерде артисттер эмес, чоочундар жашайт. Кыскасын айтканда, цирктин имаратынан акча жасап жатышат. Цирк өзүнүн базасына ээ болушу керек эле, бирок андай жок”, - деп билдиришкен артисттер.

 

Мындан улам Курмангазы Исанаевдин ишмердүүлүгү прокуратура, Финпол, Эсеп палатасы тарабынан текшерүүгө алынган. Ага жетпей эле мурдагы директор ден соолугунун начарлаганын айтып, ооруканага жата калууга үлгүрдү.

 

Талапкерлер жарышы

 

Исанаев өткөн жылдын декабрь айынын аяк ченинде маданият министри Азамат Жамангуловдын буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулду. Аны менен катар жаңы директорлукка талапкерлер пайда болду. Циркти башкарууну каалагандар бири балетмейстер Зарылбек Молдобакиров, экинчиси маданият министринин мурдагы орун басары Фархад Бекманбетов болду. Кыргызстандагы жалгыз цирк династиясынын өкүлү, аба гимнасткасы Аида Акматованы болсо, цирктин эмгек жамааты өздөрү директорлукка сунуш кылышкан.

 

Цирк – Жамангуловго, арена – Бекманбетовгобу?

 

Бирок, талапкерлер көп болгону менен директор дайындалбады. Артисттер дагы бир жолу билдирүү таратышты.

 

“Бизге маалым болгондой, цирктин жетекчилигине көп талапкерлер пайда болуптур. Ошондуктан Маданият министрлиги эмгек жамааты сунуштаган талапкерди дайындоону кечеңдетип жатат. Бизге балетмейстер, кинорежиссерду, ал турмак мурда соттолгон адамды да таңуулашты. Бирок, эмгек жамаат позициясын өзгөртпөйт, бизге цирк чөйрөсүнөн жетекчи керек”, - дешти алар.

 

Ошондой эле алар цирктин жетекчисин дайындоодо коррупциялык оюндар да күч алганын айтышты. Алар мындай иш аракеттерге чечкиндүү каршылык көрсөтүшөт. Циркке башка чөйрөнүн адамын алып келүү үчүн аны шарттай турган сынакты ойлоп табышты.

 

“Ошондуктан биз митингге чыгып, ачык асман алдында номер аткарабыз. Биздин үнүбүздү президент угушун каалайбыз. Жалпы труппа иштен кетүү чечимин кабыл алдык. Циркти биз министрге калтырабыз, а арена ар кандай жол менен жетекчилик орунду ээлеп калууга аракеттенген аткаминерге буйрусун. Ушуну менен биз акыркы учурда күбө болуп жаткан коррупциялык иш аракеттерге каршылык көрсөтөбүз”, - деп билдиришти цирктин артисттери.

 

Бир айдан бери директордун дайындалбаганы цирк артисттеринин күмөн ойлорун жаратты. Алар убакытты созуу менен маданият министри бул орунга өз адамын алып келүүгө аракеттенип жатканын айтышты. Цирк дүйнөсүнө тиешеси жок, бул тармакты ичинен тааныбаган адам жетекчилик кызматка келсе труппанын артисттери бири калбай иштен кетээрин жар салышты.

 

Профессионал артисттер жасалма “артисттерге” оюн көрсөтүштү...

 

Билдирүү таратышкандын эртеси Акүйдүн алдында клоундар пайда болду.  Алардын митингги плакат кармаган башка митингчилерден айырмалуу болуп, ачык асман алдында цирк оюндарын көрсөтүштү. Ат минген чабандестер, клоундар ар кандай номерлерди аткарышып, Акүйдөгү “артисттердин” көңүлүн бурууга аракеттеништи. Алар цирк жетекчилигине Аида Акматовадан башка талапкерди кабыл албай тургандыктарын билдиришти. Маданият министри Азамат Жамангулов цирк артисттеринин талабын кабыл кылаар – кылбасы белгисиз, бирок үч күндүн ичинде жаңы директорлуу кылаарын убадалады.

 

Ал эми Бишкек мэриясы артисттердин митинг өткөрүүгө уруксат алышпаганын билдирди.

 

Митингден ары сотко

 

Митингге удаа телеканалдардын бирине директорлукка талапкерлердин бири Фархан Бекманбетов маек берип, цирк артисттеринин короосуна таш ыргытты. Ал цирктеги акыркы кездеги орун алган башаламандыкка так ошол митингге чыккандар күнөөлүү экенин айтты. Мындай билдирүү албетте, артисттерге жаккан жок. Бекманбетовду сотко беришээрин жарыялашты.  

 

 “Фархад Бекманбетов телеканалдардын бирине берген маегинде каршылык акциясынын катышуучулары акыркы жылдары циркте болуп жаткан башаламандыкка себепкер деп айтты. Биз, артисттер, Бекманбетов  калп айтты жана кезектеги жолу элди адашууга түртүп жатат деп айтабыз. Маданият министринин орун басары болуп туруп тийиштүү чара көрбөгөнү аз келгенсип, эми жоопкерчиликтин баарын артисттерге төңкөрүп жатат. Ошондуктан, аны 4 миллион 541 миң 400  сомго доого жыгып, сотко беребиз. Анткени, убагында мурдагы директор Курмангазы Исанаев циркке ушунча суммадагы зыян келтирген”, - деди труппанын башчысы Данияр Бөлөкбаев.

 

Министрдин убадалаган мөөнөтү 24-январда аяктайт. Артисттердин талабын аткарып, цирк дүйнөсүн ичинен таанып билген, ушул чөйрөнүн адамын директорлукка дайындайбы, же өнөр билбесе да, тил билген өз адамын өкүмзордукка салып алып келеби, белгисиз. Жалгыз цирктин өнүгүшү, же араңжан абалда кылдарып арабасын айдай бериши – ушул сапар дайындалчу директордон көз каранды болоору анык. Биринчи кезекте, өнөр адамдарынын көңүлүн тындырып, аларга чыгармачылыкка баш-оту менен кирүүсүнө шарт түзүп берүү шарт. Ким болбосун жетекчиликтин ким экени кызматкерлердин ишмердүүлүгүнө чоң таасир берээрин жакшы билет. Айрыкча, искусствонун өкүлдөрү бул жаатта сезимтал келишет. Министрге эмгек жамаатынын талабын аткарып, өз адамын башчы кылып дайындап берүү оорбу?