Коррупция жыттанганда...


 

Мындан бир нече жыл мурда ошол убактагы вице-премьер-министр К.Талиеванын бир жылдын ичинде 13 айдоочусун, 14 катчысын алмаштырганы коомчулукта чоң резонанс жаратып, элдин кыжырын  келтирген. Чын эле өкмөттү жетектеген адамдар  кызматкерлерин бет  аарчыдай эле алмаштыра беришсе, кайдан иш жүрөт?  Тилекке каршы, ал  мамчиновниктин  кадрлар менен иштеше албастыгынын, психикалык  өзгөчөлүгүнүн бир күбөсү эмеспи. Ал эми мамчиновник үчүн “кадрлар  менен иштеше албайт” дегенден өткөн терс диагноз болбойт.

           

Бизге жеткен маалыматтарга ылайык, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова деле Талиевадан калышпаптыр. Ал акыркы эки жылдын ичинде 40ка жакын кадрын алмаштырыптыр. БШКнын борбордук аппаратында 60тай адам иштесе, ал алардын 70 пайызга жакынын түзөт экен. “Кадрлардын  туруктуулугун сактайбыз, укуктарын  коргойбуз” деп дайыма мактанышкан  КРнын Мамлекеттик кадр кызматы деген мекеме андайды карабай эмне кылып жүрөт же андай чоң мекемелерге жакындай албайбы, анысын  билбедик, бирок бул чындыгында тынчсыздандырарлык факт. Эгерде Шайлдабекова айымдын тизгинин тартышпаса, ал келерки жылы тажрыйбалуу эски кадрлардын эч кимисин калтырбай айдаганы турат.

 

Аталган айымдын ушул жылдын 18-мартындагы Россиядагы  шайлоого байкоочу катарында жөнөткөндөрү да көп суроолорду жаратууда. Маселен, ал шайлоого байкоочу катарында БШКнын каражатынын эсебинен 16 адам барса, алардын бири же Кайрат Осмоналиев гана БШКнын мүчөсү болуп саналат. Ал эми калгандары өкмөттүн, БШКнын аппаратынын кызматкерлери, алардын  арасында Токмоктогу, Түптөгү шайлоо комиссияларынын системдик администраторлору, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Айпери Жамшитова, Алмаш Алтымышова сыяктуу кызматкерлери да бар. Он алты адамдын бардыгына 231 миң сомдон жол сапар чыгымдары төлөнүп берилген.  Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин жогоруда аталган эки кызматкеринин туруктуу жумушчу орундары Москвада болуп саналат, бирок  эмнегедир аларга да 231 миң сомдон төлөнгөн. Бул, албетте, каржылык  тартипти одоно түрдө бузуу. Анткени, алардын иш орундарына баруусу үчүн БШК жол сапар чыгымдарын төлөгөнгө милдеттүү эмес.

 

Адатта биздеги шайлоолорго чет өлкөлөрдөн белгилүү укук коргоочулар, депутаттар, мамчиновниктер келерин көрүп жүрөбүз. Ал эми бизден Россиядагы чоң шайлоого  негизинен котормочулардын, адистердин деңгээлдериндеги майда кызматкерлер барышкан. Мисалы, алардын арасында Сабиров Мамасабыр деген котормочу да бар. Шайлоодо ал котормочу эмне иш кылат, таптакыр түшүнүксүз. Же БШКнын аппаратында орусча  түшүнбөгөндөр да барбы?  Бул көшөгөлөшкөн коррупциялык көрүнүш эмеспи, ыя?

 

 

 

А.Сатындиева, “Майдан. kg” гезити