Ачыгын айтканда...

 

 

- Рысбек Мамырович, генерал-полковник А.Чотбаев бир катар ММКларга маек бериптир. Анда ал Сиз Афган согушуна катышпаганыңызды, ошондуктан Афган согушунун ардагерлерине берилчү жеңилдиктерди колдонууга укугуңуз жок экенин айтыптыр. Бул боюнча Сиздин пикириңизди уксак...

 

- Генерал Чотбаев мени “мыйзамды бузуп жаткат”- деп айтуудан тажабай, дайыма ар түрдүү версияларды ойлоп чыгып турат. Ал мага “жеңилдик берүүдө мыйзам бузуулар болгон”- деген жеке пикирин билдирип, мени каралоодон тажабады. Чындыгында, Чотбаев мүчө болгон ведомстволор аралык комиссия Башкы прокуратурага документтерди жиберген. Куру кыйкырык менен, мени каралагандын ордуна Башкы прокуратуранын иликтөөсүнүн жыйынтыгын күтө турса туура болмок деген ойдомун.

 

- Генерал Чотбаев берген маалыматтар туура эмес болсо, анда бул боюнча кененирээк түшүндүрүп кетпейсизби?

 

- Албетте баардык маалыматтарды берүүгө даярмын. Себеби, эл “бул жерде чын эле мыйзам бузуу барбы?”- деген күдүк ойго туш келиши ыктымал. Чотбаев тарабынан мага карата жабылган жалааны менин укуктарымды бузуу деп санайм, ал мени каралоо менен менин аброюма шек келтирип жатат. Прокуратура комиссиянын маалыматын карап жатат, болбосо, мен намысыма шек келтиргени үчүн аны эбак эле сотко бермекмин.

 

Чотбаевдин кылыктары чектен чыгып кетти, ошондуктан жакын арада сотко кайрылышым толук мүмкүн.

 

Генерал Чотбаев же ал жалдаган журналисттер эмне деп айтып жатканына көз чаптырып көрсөк:

 

 - Кызматтык абалынан пайдаланган Р.Мирзаматов Ош шаардык Аскер комиссариатын жетектеп турганда өзүнө “Афган согушунун ардагери” деген күбөлүк жасап алган;

 

- Мен кызмат өтөгөн аскердик бөлүк Афганистандын аймагына кирген эмес;

 

- Түркмөнстандын Коргоо министрлигинин борбордук архиви тарабынан берилген архивдик маалымкаттар жасалма болушу мүмкүн.

 

Эми ар бир жалган жалаага жооп берейин.

 

Биринчиси, күбөлүккө мен кол койгон эмесмин. Ал учурда мен Ош шаардык Аскер комиссариатынын жетекчиси болчумун. Жеңилдик берүүчү күбөлүктөрдү берүү жобосуна ылайык, комиссиянын аныктамасынан соң күбөлүк КРнын Коргоо министрлиги тарабынан даярдалып, жеңилдик алуучу адамдын фамилиясы менен тиешелүү комиссариатка кол коюу үчүн жиберилет. Күбөлүктө ээсинин дагы колу болушу керектигине байланыштуу мен экинчи колду койбостон, аскер комиссары катары кол коюп, Коргоо министрлигинин Уюштуруу-мобилизациялык башкы башкармалыгына кайрылып, жогорку жакта турган органдын колу менен берүүсүн өтүнүп, биринчи күбөлүктү кайра кайтарып бердим. Чотбаев бул тууралуу билет жана мени өзүмө өзүм күбөлүк жасап алган деп каралоодо. Бул карандай калп.

 

Менин алып жүргөн күбөлүгүмө комиссиянын чечиминин негизинде Уюштуруу-мобилизациялык башкы башкармалыгынын жетекчиси генерал Молдошев кол койгон. 

 

Түшүнүктүү болуш үчүн сиздерге мага күбөлүк берүү боюнча ведомосттун көчурмөсүн берип коеюн.

 

- Бирок сизди дагы башка нерселерге да айыптап жатышпайбы?

 

- Башкы прокуратура тиешелүү архивдик материалдарды алды, эми мен Чотбаев мага “жеңилдик берилбеши керек” деген жалган маалыматтарды таратып жатканын ачык айта берсем болот.

 

Мен “Афганистандагы кандуу согушка катышкам” деп эч качан айткан эмесмин жана айтпайм дагы. Бирок, союздун мыйзамына жана улуттук мыйзамдарга ылайык, жеңилдиктер ошол маалда Афганистанда башка максаттар менен болгондорго дагы берилет. Мендей кызмат өтөгөндөрдүн баары алып жатышат. Жада калса Оштогу автобатта кызмат кылып, Афганистанга баргандар дагы. Мен атайын ошол жылдары кызмат өтөгөн бөлүк тиешелүү болгон маалыматты алганы Россиянын жана Түркмөнстандын Коргоо министрлигинин борбордук архивине кайрылдым. Ал жактан биздин аскердик бөлүк Афганистанга аскердик жардам берүүгө катышканы тууралуу жооп келген. Бул тарыхый форумлярдын негизинде алынган маалымат жана Чотбаев тарыхый формуляр деген эмне экенин жакшы билет. Бул баардык күжүрмөн желеги бар аскердик бөлүктөргө тийешелүү өтө маанилүү документ.

 

Менин жеңилдиктерге укуктарым бар экени тээ 1992-жылы эле Кызыл Туулуу туркестан аскер округунун командачысынын буйругу менен тастыкталган. Бул баардык суроолорго жооп болушу керек эле. Мен анын көчүрмөсүн берүүгө даярмын. Себеби ал жашыруун экенине карабай Чотбаев аны баарына жайып салган. Ал “бул документ жасалма, конверттеги дарек – жеке жактарга таандык”- деп келет. Чындыгында У.Алиев көпчүлүккө белгилүү юрист, ал менин укугумду коргон адвокат. Ал менин өтүнүчүм менен Өзбекстандын Коргоо министрлигинин архивине расмий сурамжылоо жиберген.  

 

Чотбаев мунун баарын жасалма деп жатат. Бирок бул акылга сыйбаган нерсе да, муну кантип жасоо мүмкүн экенин түшүнбөймүн. Аскердик прокуратура дагы документтерди сурап, чындыкты тастыктаган документтерди алган. Генерал Чотбаевге бул дагы аз бекен?

 

Анда мына мени менен кызмат өтөгөндөрдүн менин Афганистанда болгондугум тууралуу тастыктамалары. Эгерде Чотбаев ишенбесе, алар келип тастыктап берүүгө даяр.

 

Мындан сырткары, эки жолку Кызыл Жылдыз орденинин кавалери, Афган согушунун катышуучусу, полковник Жумабек Абдуллаев менин көзүмчө Чотбаевге чалып, мени Иолотандан Афганистанга командировкага узатканын айтып берген.

 

Чотбаев менин өмүр баянымды казып, 1994-жылы Афганистанга командировкада болгонум тууралуу жазбаганымды, 2005-жылы жазганымды айтып чыкты. Генерал өмур баян үй-бүлөлүк жана башка абалдарга карап жазыларын билбейби? Ал каалагандай жазылат жана 2005-жылы деле жазбай койсом болмок, ар бир учурду ийне-жибине чейин жазуунун эмне кереги бар?

 

Чотбаевдин айтуусу боюнча, мен анын дарегин таап аны менен “сүйлөшүүгө” барыптырмын. Баргандыгым чын, бирок Чотбаевдин чакыруусу менен. Мен ага чалып, комиссияны чогултуп, мага байланыштуу маселени коллегиалдуу талкуулоону сунуштагам. Ошондо ал мени Лебединовкага, анын атасынын үйүнө (анын айтышы боюнча) чакырган. Биз жолукканбыз, ал кийин комиссияны чогулткан жок. Анын кайда жашарын билбейм дагы, билгим дагы келбейт.

 

- Сизде баардык далилдүү документтер турса, эмне себептен ал бул маселени кайра-кайра көтөрүп келет?

 

- Дал ушул жерде иттин өлүгү көмүлгөн. Генерал менен менин мамилем анча жакшы эмес. 2005-жылы Бишкектен Ошко Афган ардагерлери келишкен, менден бардык Ош шаарында жашаган “афганчыларды” чогултууну суранышкан. Себеби Афганистандагы согушка катышкан ардагерлер кеңешинин төрагасы шайланмак. Ошто дагы, Бишкекте дагы аны Афган согушун катышуучулары колдошкон эмес. Менин буга эч кандай тиешем жок. Кудай тараза. Коомдук уюмдун башчысы болуп экс-депутат Нурлан Төрөбеков шайланган. Көптөгөн жылдар бою Төрөбеков менен Чотбаевдин ортосунда каршылашуу болуп келгенин баары билишет. Нурлан каза болгонго чейин эле Чотбаев салгылашып келди.

 

Бирок анын максаты ишке ашпайт, себеби документтерге каршы чыгуу мүмкүн эмес. Ал менден ушинтип өч алам деп жатса чоң жаңылышат. Мен эч кимди алдап, эч нерсени жашырган жокмун. Өмүрүмдө мыйзамга каршы иш кылган эмесмин. Ал эми Чотбаевге ММКлар жана социалдык тармактар аркылуу мага жалаа жабууну токтотуу кеңешин берем. Ал генералдын деңгээлиндеги иш эмес.

 

 

 

Суроо салган

Сабыр Муканбетов, “Майдан.kg” гезити