Аманат салсаң, абайла? 

 

Республикалык “АманБанктын” Өзгөн райондук бөлүмүнүн Куршап айылындагы филиалынын жетекчиси аманатчылардын депозитке салган 13,4 силлион сомунун баарын тең жеке кызыкчылыгына гана сарптап жиберген. Ага капысынан алданган жергиликтүү тургундар айласы таптакыр куруганда Башмыйзам кепили - Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышып, андан аталган банкка салган акчаларын ээлерине токтоосуз түрдө кайтарууга жардамдашууну катуу талап кылып жатышат.

 

- “АманБанктын” Куршап айлындагы филиалына отуз алты киши 13,4 миллион сом акча салган элек. Аны бир жылдан кийин 14,3 пайызы үстөгү менген өзүбүзгө акырындап кайтарып алмакпыз, - деп ыйлактады Өзгөн районуна караштуу Куршап кыштагынын тургуну Минара МЫРЗАЕВА. - Мен өзүм, мисалы, Орусияда кыйла жылдан бери туруктуу эмгектенгендиктен, ал жактан иштеп тапкан акчаларымды 2012-жылдан тартып эле аталган банкка үзгүлтүксүз салып келатам. Адегенде 500 миң сом төккөмүн. Кийинчерээк дагы 520 миң сом салгамын. А азыр булардын биринин дагы изи жана дайыны жок, эй!

 

- Мен он сегиз жыл бою Москвада бала-чакам менен тынымсыз иштедим. Жашым моминтип алтымышты дагы чапчыды, - деп тызылдады Өзгөн районундагы Куршап айылынын дагы бир жашоочусу Муктар ЖАНТӨРӨЕВ. - Эки миллион сомго жакын акчамды "АманБанктын" Куршаптагы филиалына жакшы ниет менен салган элек. Кашайып булардын баарынан заматта моминтип кол жууп олтуруп калдык. Мамлекет өз элин туруктуу жумуш менен камсыз этпегендиктен, моминтип чет өлкөлөргө аргасыздан тентип, кара жаныбызды карч уруп иштеп, эптеп акча тапчубуз. Эми ошону дагы каратып туруп банктарга моминтип алдатып ийдик. Демек, банктардагы шалаакы жана айласыз жегичтерди тыя албаган бул бийликтипн бизге дегеле кереги барбы? Президентибиз Сооронбай Жээнбеков "Мыйзымдуулуктун кепилимин!" дейт. Анда Сооронбай Шарипович шайланып жатканда “Элиме кул сыңары иштеп берем!”- дебеди беле. Кана, ошол жигиттик убадасы, ыя? Президенттин колунда банктарга түздөн-түз тааасир этүүчү рычагдары толтура. Бир эле аймактын банк жетекчисин каматып, оңой гана кутулбастан, “АманБанктын” борбордогу башчыларынан дагы элден жеп-ичкендеринин баарын кустуруп, аларды чекесинен мыйзам чегинде калк көзүнчө жазага тарттырып, камашсын! Ошондо гана биз чындап тынчыйбыз! Болбосо, эми жөн жатпайбыз!

 

- Мен өзүм 545 миң сом аталган банкка төккөмүн. Өз ара түзүлгөн келишимге жараша банкка салган акчабызды бир жылдан кийин он төрт пайыз үстөгү менен өзүбүзгө дароо кайтарышмак,- деди кепке кошулган Өзгөн районуна караштуу Куршап айылынын дагы бир тургуну Айчүрөк БАЗАРБАЕВА. - Мынча каражатты Орусияда иштеп жүргөн кызым өз маңдай тери менен кыйла жылдан бери араң иштеп тапкан эле. Күйөөсү өтүп кетти. Анын үч баласын мен жапжалгыз багып келатам. Бул акчага биз дагы эптеп үй сатып алмакпыз. “АманБанкка" сала  коюп, моминтип биротоло күйүп олтурабыз.

 

Куршаптыктардын бир нече жолку мыйзамдуу талабынан кийин гана “АманБанк” Өзгөн райондук бөлүмүнүн башчысын аргасыздан алмаштырды. Банктын жаңы жетекчиси Эмирлан АБДЫМОМУНОВду Өзгөндө жумуш үстүнөн кармаганыбызда: - Бул жерде аманатчылар менен кошо биздин банк дагы катуу жапа чегип олтурат. Анткени, биздин банктын Куршаптын филиалынын мурунку жетекчиси Жеңиш Абдыкадыров аманатчылардын салган акчаларынын бирин дагы кассага эч кириштебестен, баарын тең өзү эле кымырып алыптыр. Анан дагы аманатчыларга жасалма келишимдерди түзүп, колуна карматканга үлгүргөн экен. Бирок, мындай мыйзамсыз жоруктар туурасында райондук, облустук жана республикалык жетекчилер деле таптакыр билишкен эмес! Ал жумуштан бошогондон кийин гана баары чубалып, ачыкка чыгып жатпайбы. Каржы полициясы ушул тапта бул жорукту ар тараптуу териштирип жаткан маалы. Ал эми Жеңиш Абдыкадыров акыры укук коргоо органдары тарабынан кармалып, ушул тапта сурак берип жатат. Буга акыркы чекитти эми сот гана коймокчу. Баса, мен билгенден Жеңиш Абдыкадыров өзү абакка камалаар алдында аманатчыларга аргасыздан кайрылып, “Чыгымыңарды бүт төлөп берейин?”- дешсе дагы, аманатчылар анын убадасына таптакыр көнбөй коюшту,- деп гана жооп кайтарганга араң жарады.

 

Деген менен ата мекендик бир катар серепчилер банк системасындагы мындай башаламандык жана жоопкерсиздик өлкөбүздөгү дагы бир социалдык жарылууну шарттайт деп өлө кооптонуп жатышат.

 

- Биринчиден, банк системасындагы ырааттуулук түзүмү таптакыр кыйрады. Кесипкөйлүк өлдү. Мында тааныш-билишчилик, тууган-туушкандык гана бекем тамырлады. Экинчиден, Улуттук Банктын алдында кесипкөй кадрларды даярдоо борбору бар. Бирок, ал аркылуу жаш адистерди белендөө, анан гана буларды банктарда келишимдик негизде жумушка чегерүү деген бирдиктүү тартип жок! Үчүнчүдөн, 200 миң сомдон 500 миң сомго чейин жарандардын депозитин - салган акчасын толук бойдон төлөп берүүгө бүгүнкү күндө Кыргызстандагы бир дагы банк жөндөмсүз! Төртүнчүдөн, Банк системасындагы ушундай башаламандык жана жеткен жоопкерсиздик акыбал өлкөбүздө дагы бир социалдык жарылууну бекем шарттап олтурат,- дейт ата мекендик серепчи Эркин АБДЫРАЗАКОВ.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Булак: “Майдан.kg” газетасы