...жалаң  таарынчактарга, суу куйдуларга  күнү түшкөн АШАнын өзүнүн келечеги кандай болор экен? 

           

Азыр экс-президент А.Атамбаев кандай жол менен болбосун  өзүнүн тарапташтарын көбөйтүүгө аракеттенип атат.  Ал саясатчы, адам катарында бирөөлөрдү кызыктырышы эң эле кыйын, анткени бир чоң базардан өткөн, экинчи ага андай базардын келиши - практикалык жактан ишке ашкыс нерсе. Адам катарында:  кычык  кырчаңгы сөздөрдү  сүйлөй берип, кимдин болбосун тез эле жинине тийет. Достошконунан касташканы тез болот.  Бирок  каржылык ресурс, чо-оң капчык катарында ореолун  жогото элек. Ошондуктан алдыдагы парламенттик шайлоодо башка жактардан каржылык ресурс, колдоо табышпай тургандыгын  түшүнүшкөндөр  акырындап АШАнын айланасына чогулуша башташты. Алар кимдер?

           

Бир кезде АША “бакиевчил” деген А.Келдибеков менен кучакташып, достошуп бийлик бөлүштүрүшкөндө, анын өздөрүн революциячыл деген айрым тарапкерлери аны эл алдында  “иттин бешинчи шыйрагына теңеп” командасынан чыгып кетишкен.  Бирок, тообо, азыр алардын бардыгы АШАнын камчысын чапкан “Ачык саясат” дегенде жүрүшөт. Эми алар 2010-жылдын 7-апрелиндеги революцияны - “кутумдук төңкөрүшкө”, Ала-Тоо аянтында өлгөндөрдү, жарадар болгондорду - “жырткычтарга”, “наркомандарга” теңеген Адахан Мадумаров менен ысык доско айланганда, аны эмнеге салыштырышаар болду экен? Алтынчы буткабы?  2010-жылдын апрелинде бийликке келгендерди дайыма “временшиктер”, “канкорлор” деп келген А.Мадумаровдун өзүнчү? АША “алтынчы  бут”  деген ардакка арзыганда, АКМга деле андан бери жактагы наамдардын бирин ыйгарса болгудай.

 

Ал 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо айрым өзгөндүк, аксылык күркүлдөрдүн  акчалары менен жеңишке жетишип, бирок коркоктугунан аны коргоп кала албаса, кийинки жылдагы президенттик шайлоодо Белоруссияда жүргөндөрдүн капчыктарын кагып, бирок алардын үмүттөрүн Түркиядагы АША сунуштаган айлыгы 10 миң долларлык  кызматка айрыбаштап жибергендигин, 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо А.Салымбеков ага кошула коюп, бирок андан тез эле качкандыгын, ал эми 2017-жылдагы президенттик шайлоодо аны колдогонго бир да “капчык” чыкпагандыгын жакшы билебиз. Эми таянар-жөлөнөр, бир нерсе өндүрөр эч кимди таппай, кезектеги парламенттик шайлоодо АШАны сааганга камданып турган кербези. Оргу-баргы  кыялы бар АШАкебиз анын Бакиевдердин үй-бүлөлүк тамадасы болуп жүргөндүгүн эстеп, кучунашы кармаса, ага сүттүү эмчектин ордуна башканы карматып коюшу толук мүмкүн.

 

Саясатта  чекилдеген  менен аркасында эшек араба толгуча да электораты жок  Равшан Жээнбеков Акаевдин тушунан бери эле ары-бери урунуп келатат, анын да кыялы чатак,  “Ата Мекенди” таштап кеткенден кийин, демек,  аны бир да алдыдагы  парламенттик шайлоодо шансы бар фаворит  партия өзүнө  жакындатпайт. Ошондуктан ал да АША менен көз кысышып, анын каржылык ресурстарынын жардамы менен  парламентке келсем дегенде ак эткенден, так этүүдө. Бирок, эптеп парламентке кирип алса, Ө.Текебаевдей кылып, АШАнын  да аягына чычып туруп, аркасына тебери турган иш.

 

Ошол эле учурда айрым “республикачы” депутаттардын да акырындап АША жакка ыктап жатканы байкалууда. Алардын АШАны көрөйүн деген көзү деле жок, бирок, “келерки  шайлоодо Жогорку Кеңештен сырткары каламбы?”- деген ойдо, кыл көпүрөдөн өткүчө шайтандын куйругуна болсо да жабышканга даяр болууда. Аларды “Республика” партиясы кийинки парламенттик шайлоого катыша албайт?” деген божомолдор да катуу чочутууда. Эгерде ага чейин Ө.Бабанов укуктук жактан реабилитация болбосо, катыша албай калуусу толук мүмкүн. Анткени, ага башкаларды  парламентке алып келүү үчүн акчасын чачкандын кандай кызыкчылыгы бар? Ал эми Бабановсуз “Республика” жерден боорун көтөрө албайт.

 

Жогорудагыларга салыштырганда “Мекеним Кыргызстан” партиясынын лидери Темирбек Асанбековдун АШАга  ыктагандыгы моралдык жактан тазараак. Ал өз алдынча бир нече жолу шайлоого катышып, минималдык пайыздардан өйдө көтөрүлө албады. Аны “бизге кошул” деген  эч ким чыкпады. Эми анын АША көзүн кысканда ушуга да болсо кошулуп көрөйүн дегенин айыптоого болбойт. Кошулса, кошула берсин, бирок,  анын артында деле  көңүлгө  аларлык ишенимдүү  электорат жок.

 

Мурда  “таарынсаң, Таласка  бар” дешчү эле. Эми “таарынсаң, АШАга бар” дешчү болуптур. Бирок  жалаң  таарынчактарга, суу куйдуларга  күнү түшкөн  АШАнын өзүнүн келечеги кандай болор экен?  “Сүткө оозун күйгүзгөн, айранды үйлөп ичет” дешчү  эле, ал  “чыккынчылардан”, ”саткындардан” дагы  деле  жадай элекпи? Жаңы “достору”  кошумча упай топтоп беришпесе да,  АШАнын  арам акчаларын чындап кагышаары бышык. “Сайдан келген - сайга кетет, желден келген - желге кетет” деген ошо болот.

 

Автандил Белеков 

Булак: “Майдан.kg” газетасы

Тема: