Саясат, кайда алып баратат?

 

2016-2017-жылдарда ошол убактагы Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын демилгеси  менен “мамлекет башчысынын бедел, аброюна доо кетирген” деген  формулировкаларда “Заноза” сайтынын журналисти Нарын Айыпка, укук  коргоочулар Адил Турдукуловго, Чынара Жакуповага каршы кылмыш иштери козголуп, соттордун чечимдери  менен аларга жалпы суммасы 40 миллион сомдук айып пулдар салынып, Нарын  Айыптын, Чынара  Жакупованын батирлерин камакка алдырып, сатуу иштери башталгандыгы эсибизде. Эгерде Ч.Жакупова өзү мойнуна алгандай, 2017-жылдын аягында бийлик алмашпаса, алар көчөдө калышмак.

           

Бул иштер экс-президенттин аппаратынын жетекчиси, АШАнын азыркы башкы идеологу Фарид Ниязовдун айтымында, Кыргызстанда сөз эркиндигинин  өнүгүүсүнүн  мыйзам ченемдүү бир этабы болгон экен. “Журналисттерди, жалпыга маалымдоо каражаттарын  банкроттук абалга тушуктуруп, айрымдарын үй-жайларынан да ажыратуу өздүк  цензураны камсыз кылат”,- дейт ал. Бул тууралуу ал “Республика” сайтына Ч.Жакыпова менен биргеликте берген интервьюсунда айтты. Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, деги эле жалпы коомчулугу мындай цинизмдин эң төмөнкү чегиндеги нигилисттик билдирүүнү буга чейин угушкан эмес. Биз, журналисттерде “өздүк  цензура күчөсө, ал сөз эркиндигин өнүктүрөт”- деген  абракадабраны биринчи жолу  уктук. Бул мисалы, цензура күчөтүлсө, жазуучулар мыкты чыгармаларды жаза башташат  дегендей эле сөздөр.

 

Фарид Ниязов жогорудагыдай сөздөрдү өз ыктыяры менен айткыдай көчөдөгү акмактардан эмес, ал билими, даярдыгы, журналистикада чоң тажрыйбасы бар адам. Ал шефинин 2016-2017-жылдарда оппозициядагы журналисттерди гана эмес, өзүнө жакпаган саясатчыларды биротоло сындырып, баш көтөргүс кылып коюу максатында ири өлчөмдөрдөгү айып пулдар менен сокку уруусун актайм деп жатып, жогорудагыдай абракадабраларды айтып жиберди. Интервьюда ага оппонент болгон Ч.Жакупова туура белгилегендей, соттор мыйзамда жок, Жогорку Соттун  2015-жылдагы Пленумунда сунуш кылынгандарга каршы келген жазаларды, албетте, өз ыктыярлары менен колдонушкан эмес, анткидей алар жиндеп кетиптирби? Алар  ары карап ыйлап, бери карап мыйзамдагы бир беренеге шылтамыш болуп, ошол убакта Ак үйдөн чыккан көрсөтмөнү гана аткарышкан.

 

Ф.Ниязовдун көйгөйлөрдүн баарын жоюп, “саясый талааны тазалап, азыркы бийликтегилерге идеалдуу старттык шартты түзүп берип кеттик”- дегени таптакыр чындыкка жакындабайт. Алар азыркы президентке криминалдык-кландык башкарууга негизделип, баштан аяк коррупция чырмаган, укук коргоо органдары бийликтегилердин айткандарын гана аткарган, элестүү айтканда, “Авгийдин атканасы” дей турган саясый мейкиндикти калтырышкан. Мурдагы бийликтин мыйзамдуулук, укуктук мамлекет, сот реформасы жөнүндөгү түшүнүктөрүн  - А.Атамбаевдин  ушул жылдын 19-ноябрында, 10-декабрында өз менчигиндеги “Апрель” телеканалына берген интервьюларындагы:  “айрым журналисттерге, саясатчыларга каршы катуу кеткен экенмин. Өмүрбек Текебаевди каматпай эле койсом болмок экен” деген өкүнүчтөрү, Өмүрбек Бабанов менен Канат Исаевге карата козголгон  кылмыш иштерин токтотуу боюнча ушул жылдын башталышында  ошол убакта Башкы прокуратураны, УКМКны жетектеп турушкан И.Жолдубаева, А.Сегизбаев экөөсүн чакырып алып, тапшырма бергендиги, андан кийин да аларга бул маселе боюнча бир нече жолу телефон чалгандыгы ырастап турат. Сыягы, ал убакта АША адатынча адекваттуу эмес абалда болсо керек. Болбосо пенсионер адам өзүнө тиешеси жок иштерге эмнеге кийлигишет? Анын  ага кандай укугу бар?

 

Экс-президенттин андай аракеттерин Ч.Жакупованын мыйзамсыз иштер деп эсептегендиги эң туура. Ф.Ниязовдун аларды жөн эле пикир алмашуу катарында  көрсөткөнгө аракеттенгендиги күлкүнү гана келтирет. Анткени, АШАнын  кантип пикирлеше  тургандыгын кыргызстандыктардын  бардыгы билишет.

 

Жыйынтыктап айтканда, “серый кардинал”  өз шефинин алабармандыктарын  актайм деп  жатып, абракадабраларга кирип кетти. Бир жагынан ал бечараны аяса да болот. Анткени, иррационалдуу нерселерди рационалдуу катарында  түшүндүрүп, караны ак кылып көрсөтүүгө аракеттенгенден өткөн азап жок. “Серый кардинал” АШАнын  иррационалдуу ой жүгүртүүлөрүн  цивилдүү тилге салып  чечмелейм  деп жүрүп, өзү  да иррационалдуу тилкеге түшүп бараткандыгы жогоруда айтылган маекте байкалып калды.

 

Булак: “Майдан.kg” газетасы