Н. Нарматова: Жээнбековду менимче биринчи коомчулукка Атамбаев жекече абийирине шек келтирип, “үч пайыздыксың” десе ар бир адамдын ариет намысы бар да...

 

 

- Надира Азимовна, кечээ Алмазбек Атамбаев өз телеканалына берген  маегинде “Сооронбай Жээнбеков менен элдешкенге аракет кылдым. Бирок, ал аракетимди туура эмес кабыл алып алышты”- деди. Атамбаев элдешүү кол сунганына ишенесизби?

 

- Бул сөздү жалпы коомчулук укту. Эки достун ортосундагы акыркы 7,8 айдан берки өз ара мамилелериндеги көз караштарды коомчулук саресеп салып карап, угуп, ар ким өз деңгээлинде ой жүгүртүп, тыянак чыгарып келе жатканын эч ким жокко чыгара албайт. Менин жекече көз карашымда, “доспуз” деген адамдар өз ара мамилесин сыртка чыгарбай койсо болмок. Анткени, бири экс-президент, бири иштеп турган Президент. Ортодогу таарынычтар жөнүндө айтылган сөздөр мамлекет башчынын деңгээлиндеги сөздөр эмес. “Мен анткем, мен минткем, мен колдогом, мен ошол деңгээлге жеткиргем”- деген сөздөр жаман аялдын таарынганындай эле сөз болуп калды. “Айтылган сөз атылган ок”,  “Буттан чалынган турат, тилден чалынган турбайт”, сөз ооздон чыгып, кулакка кирип, жүрөккө кадалып, сезимге сиңип кетет. Канча жолу кечирим сурап, далалат кылса да, “кечирдим” деген чакта да, эч качан жаман, кемсинткен сөз унутулбайт. Көзүнө көрүнгөн сайын эсине түшүп, жаман сөз жаңыра берет.

 

Бул реалдуу жашоодо тирүүчүлүктүн ачуу чындыгы. Анткени, Алмаз Шаршенович акыл эси жайында туруп, мамлекетти башкарып президент болуп иштеп турганда теңирден тескери сөздөрдү сүйлөп, “абийириң 3% болчу, мен 54% ке чыгардым”- деген сөзү түшүнгөн адамга өтө оор тийген. КСДПнын өзүнүн чечимдери, аракеттери менен 7 жылдык мөөнөттө Кыргыз элин ойнотуп, жалган сөздөр менен алдап келгендик болуп калат. Анткени, 7 жылдан бери КСДП мамлекетти башкарып келе жатат. Жээнбековду менимче биринчи коомчулукка Атамбаев жекече абийирине шек келтирип, “үч пайыздыксың” десе ар бир адамдын ариет намысы бар да... Жээнбековду Атамбаевдин демилгеси менен көпчүлүк колдоп берди. Добуш берди. Урнага бюллетень ташталды. Жалгыз өзү ошончо бюллетень таштаган жок да. “Анан бир туугандарын мен өстүрдүм”- деп кайра-кайра кайталаганын да коомчулук жакшы кабыл алган жок. Кыскасы, КСДП өздөрүнүн абийирин өздөрү төгүп, шайлоодогу терс көрүнүштөр да өздөрүнөн тарап жатат. Бул жакшы көрүнүш эмес. Жээнбеков сабырдуулук кылып, Атамбаевдин кептерине маданияттуу болуп,  бир жолу жооп берди “24.kg” берген маегинде. Салмактуу болуп ар бир сөзгө жооп бербей, кайым айтышпай, теңелбей койгону оң болду. Убакыт тараза, элге кылган ак эмгеги менен Атамбаевге жооп бериш керек. Кимдин ким экенине тарых өзү баа берет. Ушундай кайчы пикирлерди жараткан Алмаз Шаршенович өзү болуп калды окшойт. Эми “адашыпмын” деген ойду айтканы жаш баланын сөзү болуп калды. Эгер кыргыз элине жакшылык кааласа, чагымчыл сөздөрдү токтотуш керек.  Сооронбай Шарипович коомчулукта кайчы пикир жаратпай, баштагыдай эле сабырдуу болуп, эч бир сөзгө жооп кайтарбай эле коюшу керек. Антпесе Атамбаев менен Жээнбековдун тиреши өлкөнү маскара кылгандан башка эч нерсе кылбайт.

 

- Укурук анын да мойнуна илинээрин сезген Атамбаев Сооронбай Жээнбеков менен  элдешүү аракетин баштадыбы?

 

- Сооронбай Жээнбеков ушунча дооматтан кийин, элдешүүнү деле каалабаса керек. Анткени, элдешүүнү каалаган адам улам улам каралабайт да. Кечээ берген интервьюсунда Жээнбеков жөнүндө жакшы сөз айткан жок. Биротоло күрөштү улантууну каалагандай ишаарат кылды. “Көрөбүз”- деп. Мен башынан аягына чейин көрдүм Атамбаевдин маегин. Ошондуктан, эки тарап тең унчукпай эле өз ордуларын билгени дурус го деген ойго келдим. Анткени, унчукпай коюу да теңелбегендин бир белгиси да.

 

- Элде Дүйшөнбек Зилалиев камакка алынгандан кийин “мыйзамсыз баюу” деген берене менен коррупционерлерди кылтакка илип, жоопко тартуу аракети башталдыбы деген үмүт пайда болду.  Президент эми коррупционерлерди так ушул жол менен кустурушу мүмкүнбү?

 

- "Мыйзамсыз баюу"- деген берене менен коррупционерлерди тазаласа болот. Мамлекеттин мүлкүн менчиктеп алган, казынага кол салган, сырттан келген кредит, гранттарды бөлүп алышкан байлар толтура. Ошолордун баарын кустуруп, ачылган счетко төктүрүп, мамлекеттин карызынан кутултуп койсо , азыркы бийлик тарыхта калмак. Анткени, бир аракет менен көп нерседен тазаланат: коррупционер кадрлардан, мамлекеттин казынасына кол салгандардан, республикалык бюджеттен бөлүнгөн тармактык министрликтеги жогорудан ылдый карай капиталдык салымдарда үлүштө отургандардан, келген кредит гранттардан уурдагандардан. Кыскасы, люстрациянын ыңгайлуу пайдалуу жолу болмок. Президенттин бул аракети колдоого аларлык.

 

 

 

“Майдан. kg гезити