Б. Наргозуев: Атамбаев 2010-жылдан бери тапкан байлыгын адалдай албай эле убара болуп келатат.

 

 
Атамбаевдин 2010-жылга чейинки бизнеси эсил кайран СССРден калган заводдорду прихватташтыруу жана анын тонналаган темирлери менен гектарлаган жерлерин сатуу гана болгон. Алгачкы капиталын кайдан тапканын Чыңгыз Айтматов менен Аскар Акаев айтып беришкен. Андан түшкөн акча өзүнүн үй-бүлөсүн жана бир ууч оппозиционерлерди бакканга гана жеткен. Эч кандай ашык дүйнөсү болгон эмес. Муну блогер Искен Афиджанов жарыялаган Атамбаевдин үйүнүн 2010-жылга чейинки көрүнүшү жана азыркы көрүнүшү далилдеп турат. Атамбаев байлыгынын баарын 2010-жылдагы революциядан кийин тапты. Ошондуктан ал Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын экономика боюнча орун басары кызматын алып, дароо эле “Дастан” сыяктуу мамлекеттик заводдорго өзүнүн кишилерин коё баштаган. Анын маекте айткан “2002-жылы бир жылда 26 млн доллар иштеп тапкам” деген калпын блогер Эдил Байсалов жарым саатта төгүн экенин далилдеп берди. Эгер Атамбаев бир жылда 26 млн доллар дивиденд-киреше тапса Кыргызстандын жараны Алмаз Атамбаев ошол жылы Кыргызстанга канча салык төлөдү эле? Мындан 3–4 жыл мурун эле ал журналисттерге “байлыгымдын баардык суммасы 10 млн долларга эле жетет” деп билдирүү жасаган, андан кийин бир жыл өтпөй эле “мультимиллионермин, 36 млн долларга “Интермед” заводумду саткамын” дей баштады. Аны Байсалов калп экенин далилдеп берген. Атамбаев 2010-жылдан бери тапкан байлыгын адалдай албай эле убара болуп келатат.

 

Саясат таануучулар Алмаз Акматалиев, Эдил Байсаловдор так жана даана айтышты. “Атамбаев Сооронбай Жээнбековду Бакиевге теңеп жатканы ал элди түштүк-түндүккө бөлүп, ушул идеологиянын негизинде кайрадан бийликке каршы көтөрүлүү аракетин жасап жатат, өзүнүн тарапкерлерине сигнал берип жатат” деп туура билдиришти. Регионалдык саясатка ууккан элдин айрым бөлүгүнүн аң-сезими көтөрүлгөндө гана Атамбаевге окшогондордун орто кылымдар деңгээлиндеги идеологиясы колдоо таппай калат. Ошондо гана Кыргыз бир улутка биригип, өнүгүү жолуна түшөт. Регионалдык өксүк комплексинен кутулуп, улуттук кызыкчылыкты гана аркалап калабыз.

 

 

Булак: «Жаңы Ордо»