6 жыл өлкөнү башкарып турган адамдын өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга карата көз карашы көпчүлүктүн бүйүрүн кызытты. КСДП партиясы биздин гезитти бир жактуулукка ар дайым күнөөлөп келет.
Апта башында экс-президент А.Атамбаевдин “Апрель” телеканалына берген чоң маеги көрсөтүлдү. 6 жыл өлкөнү башкарып турган адамдын өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга карата көз карашы көпчүлүктүн бүйүрүн кызытты. КСДП партиясы биздин гезитти бир жактуулукка ар дайым күнөөлөп келет. Ошол эле кезде канча ирет А.Атамбаев менен маек уюштуруу багытында кайрылып, “биздин жетекчи эч качан маек бербейт”- деген кеп угуп келгенибиз да ырас. Ага карабастан, Атамбаевдин “Апрелге” берген маегинин ток этер жерлерине гезит бетинен орун берүүнү туура таптык.
Коррупцияга каршы күрөш
-Абакка отургандардын саны боюнча эмес, факты боюнча айта билиш керек. Менин убагымда, президенттик ишмердүүлүгүмдүн акыркы жылында коррупцияга каршы күрөштөн мамлекеттик бюджетке 8,5 миллиард сом түшкөн. Ал эми быйыл, он айда араң гана коррупцияга каршы күрөш өлкө бюджетине 4 миллиардка жакын каражат которду.
Мен дайыма: “мүмкүн болушунча ишти түрмөсүз чечкиле”- деп айтчу элем. Текебаевдин ишин да “тыкыр иликтегиле”- деп айткам. Аида Салянова деле бир маегинде: “Атамбаев кайсы бир саясатчыны камоого эч качан команда берчү эмес. Келдибековдун ишине да кийлигишкен эмес”,-деп моюнуна алыптыр. Мен эч убакта команда берген эмесмин. Тескерисинче, “тыкыр иликтегиле, айыптуу болсо гана мыйзамга жараша жазасын тартсын”- дечүмүн. Анткени, куру жалаа менин да башымдан өткөн. Текебаевдин ишине келгенде мыйзамды карабай эле койбоптурмун. Биздин эл ушундай, ал кандай адам болбосун, акыркы мародер, жанын жеген ууру болсо да, камалса эле баатыр болуп чыга келет.
Шайлоо алдындагы үгүт иштери
-Ал шайлоо алдындагы үгүт иштеринде элди жөн эле алдап койду деп ойлойм. Бүгүн ал Бакиев баскан жол менен кетип баратат, мен муну ачык айтып коеюн. Мен ага 29-мартта: “Мен сени карап туруп болочоктогу Бакиевди көрүп жатам”,- деп айткам. Азыр ал менин жолум менен эмес, Бакиевдин жолу менен баратат. Биз үй-бүлөлүк башкаруу кантип кайра калыбына келип жатканын, ага-инилер, кудалар, күйөө балдар аралаша баштаганын көрүп турабыз... Биз мунун баарынан өтпөдүк беле.
КСДПнын ушул жылдын март айындагы съездинде мен ага кеңеш айткам. Сыягы, ал кеңештерим ага жакпай калган окшойт. Менин айткандарымдын бирин да аткарбады, мен дагы тийишпедим, “бир жылын тынч иштесин”- дедим.
Башкы демөөрчү
-Мен анын шайлоо кампаниясынын башкы демөөрчүсү тууралуу угаарым менен ноябрь айынын аягынан тартып көп жолу бул жөнүндө сүйлөштүк. Акыркы жолу бул темада 29-мартта кеп курдук. Албетте, мен ага эскерттим, “бул абдан олуттуу нерсе, сен аны жеткилең түшүнө албай жатасың”- дедим. Андан тышкары Асылбек Жээнбековдун президенттин бир тууган иниси болуп туруп парламентте отурушу- Сооронбай Жээнбековдун имиджине зыян келтирээрин айттым. Коррупцияга каршы күрөшөм десе, Раим-миллион сыяктуулар менен достошпоо керектигин, ага өзүн көз каранды кылып, милдеттүү сезе берүүнү зарылчылдыгы жоктугун, ЖЭБдеги авария боюнча айыптын баарын Сапар Исаковго төңкөрүүнүн, аны акыркы айыптуу кылып чыгаруунун кереги жоктугун эскерттим. Ал бул боюнча эң сонун билет.
“Шайлоо кассасы” тууралуу
- Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы штабынын кассасы боюнча тараган документ – чындык. Аны интернетке Икрамжан Илмиянов камалгандан кийин жарыялашты. Ал эсепти штабдын бухгалтери билчү. Мен азыр айтып коеюн, бухгалтер өз эсебинен эмгек эргүүсүн алып, чет өлкөгө чыгып кетти. Ал өз өмүрүнөн коркуп жатат, анткени бийлик Бакиевдин жолу менен баратат. Бул реалдуу фамилия, реалдуу цифралар камтылган реалдуу документ. Бул документ тууралуу билгендердин баары өз өмүрлөрүнөн кооптонушууда.
Бакиевдин учурунда Медет Садыркуловду өлтүрүштү. Аны менен “биз кимиңерди болбосун өлтүрүп салабыз”- дегенди айткылары келген. А азыркы бийлик болсо, күнөөсүз Кубанычбек Кулматов, Сапар Исаковду камашып, “мына, көрүп алгыла, кимиңерди болбосун камап салабыз”- деп жатышат. Керек болсо, өлтүрүп да салабыз. Мени таң калтырган нерсе – биз шайлоо фондундагы чектөөнү атайын алып салбадык беле. А эгер бул акчалар таза жана адал акчалар болсо, анда эмнеге аны ачык көрсөтүшкөн жок? Бул албетте, өкүнүчтүү.
Съезд боюнча
- Съездге съезддин делегаттары гана катышууга укуктуу. Жээнбековдун ага-инилери мурда ОБОН деп аталган кайсы бир команданы уюштуруп, съездди үзгүлтүккө учуратууга ниеттенишкен. Анан алар албетте, съездге киргизилген жок. Алардан башка бардык аймактардан делегаттар чакырылды.
ЖЭБ, рейтинг
- Жээнбековго чейин деле биздин партияда мыкты рейтинги менен белгилүү адамдар болгон. Жээнбековдун шайлоо алдындагы жыл башында рейтинги 3%ды гана түзгөн. Анан ал кантип бизге рейтингди көтөрүүгө жардам берсин? Шайлоо болоор жылда 3% рейтинг. 2010-жылы Жээнбеков Мырзакматовдун жанында кимдир бирөөнүн кең далысынын калкалоосунда унчукпай жүргөн көлөкө болуп көрүнчү. Ал өмүрүн тобокелге салган июнь окуясы боюнча... мага кыргыз коомчулугунун, өзбек коомчулугунун өкүлдөрү Жээнбеков тууралуу эч нерсе айтышкан эмес, ал ал жерде такыр болбогондой. Эч ким анын атын оозанбаган. Эгер кыргыз саясатчыларын алсак Келдибеков, Ташиев, Мырзакматов жөнүндө кээде начар кептерди айтышкан, жашыргым келбейт. А Жээнбеков тууралуу жаман да, жакшы да кеп болбогон, кудум эле ал эч качан болбогондой. Кээде ойлоном: эмнеге мен аны ушунча жылдар бою коргоп, сүйрөп жүрдүм, реалдуу бир нерсе жасалдыбы деги?
Жээнбеков тууралуу
- Мен факт менен айтайын. Сооронбай Жээнбеков менен достошконубузга 24 жыл болду. Колхоздун төрагасы, депутат болуп жүргөн Жээнбеков эсимде. Ал өзү деле 2000-жылы менин жакшылыгым менен вице-спикер болгонун айтып келет. 2007-жылы менин өкмөтүмдө министрлик кызматка жетишкен. Анын суранычы менен иниси Асылбек Жээнбековду партиянын тизмесине кошуп, депутат кылдым. Ал үч жолу депутат, эки жолу спикер болду. А Жээнбековдун өзүн президенттикке чейин сүйрөп келдим. Агасын болсо менимче, эки жолу элчи кылдым болуш керек. Кээ бир адамдар бар, он жылдап, ал турмак жыйырма, жыйырма беш жылдап кимдир бирөөнүн далысына жашынып алып, ийгиликтерге жетишет, ошол далынын коргоосуна таянып, көп ишти аткарат. Анан бир убак келет, ал адам “бул далы мага эми керек эмес”- дейт. Анан далыга бычак матырат. Кубанып гана! Мен Жээнбековго достук тууралуу айтуунун кажети жок деп ойлойм. Мен ушинтип ойлойм.
2000-жылы Акаевге каршы президенттикке талапкерлигимди койгом. Шайлоо штабымды жетектеп берүүнү Сооронбай Жээнбековдон сурандым. Ал башында макул болгон, бирок бир аз убакыт өткөндөн соң “бир туугандарым каршы болуп жатышат”- деп баш тартты. Ошондо Исхак Масалиевге “штабды башкарып бер”- деп кайрылдым. Маркум Абсамат Масалиев: “Алмаз, сенин досуң, пикирлешиң Сооронбай Жээнбеков эмеспи. Ал эмнеге сенден баш тартты?”- деп сурады. Мен ошондо Жээнбеков үчүн уялгам.
Мындай окуя 2005-жылы, Акаевдик бийликти кулатууга умтулганыбызда да болгон. 2008-жылдагы окуя силерге да жакшы тааныш: Асылбек Жээнбеков Бакиевдердин суранычы менен Конституциялык сотко арыз жазган...
Мен анын баарын кечиргеним башка иш. Владимир Путин мага бир жолу минтип айткан болчу: “Бир жолу саткан адам дайыма сатат”. А мен баарын кечирдим. Жээнбековду да, Өмүркуловду да. Сыягы, кечиримдүүлүк начар сапат окшойт. Путин туура айтыптыр.
Булак: “Майдан.kg” гезити