Б.Асанов: "Атамбаев өзүн сактап калыш үчүн элди кырылыштыргандан да кайра тартпайт экен". 

 

Экс-презмдент А.Атамбаевдин “Апрель” телеканалына берген маеги чон ызы-чууну жаратты. Биз бул багытта темир тор артында олтурган саясатчылардын пикирин билүү аракетинде адвокаттары аркылуу Бектур Асановго кайрылып, мындай жооп алдык:

 

- Кыргызстанга бүгүн стабилдүүлүк, элдин тынчтыгы аба-суудай зарыл. Атамбаев кечээки маеги аркылуу элди бөлүп-жарууга үндөдү. Ал тез арада камалышы керек! Фактылар жетиштүү, алты жыл ичинде Кыргызстанды курутту. Эгер факты керек десеңер, биз камалардын алдында, 2016-жылы Башкы прокуратурага билдирүү жазганбыз. Ал Ошко барып, эл менен жолугушканда айткан: “Оппозицияны таш бараңга алгыла”- деп. Бул Кылмыш-жаза кодексинин беренеси. Дал ушул билдирүүнү негиз кылып камаса болот. Кечээ ал түндүк-түштүк темасына жик таштады. Ал өзүн сактап калыш үчүн элди кырылыштыргандан да кайра тартпайт экен. Эмнеге биз ага мындай мүмкүнчүлүк беребиз? Бизге стабилдүү Кыргызстан керек! Ошондуктан, биз Атамбаевдин тез арада камалышын талап кылабыз! Бул менин, Кубанычбек Кадыровдун, Эрнест Карыбековдун көз карашы!

 

Булак: “Майдан.kg” гезити