Адахан Мадумаров: “Бакиевдики делген байлыктардын баарын бийликке келгендер ич ара бөлүштүрүп алышкан” 

 

Бир нече жумадан бери коомчулукта кайсы бир кезде канзаада Максим Бакиев менен табакташ болуп жүргөн аферист Евгений Гуревичтин билдирүүсү катуу талкууга алынып келе жатат. Видеокайрылуусунда Гуревич: “Бакиевдер өлкөдөн 200-300 миллион доллар чыгарып кеткен, анын баарын далилдеп бергенге даярмын”- дегендей азыркы бийликке ишарат жасаган. “Шамал болбосо...” бул сөз чыкмак эмес, демек, бул багытта да саясий оюндар башталды.

 

Убактылуу өкмөттүн тушунда “Азия Универсал банкынан” бакиевдик бийликке таандык болгон миллиондор чыгарылып кеткени жөнүндө маалымат пайда болгону ырас. Бирок, бул багытта Убактылуу өкмөт мүчөлөрү, кийин президент Атамбаев абдан эмоционалдуу: “анын баарын кайтарабыз, керек болсо Бакиевдин өзүн алып келебиз...”- дешкени менен, конкреттүү жыйынтык аликүнчө болгон жок. Мына азыр белгилүү болгондой, анын баары жөн гана сөз, ошол учурдагы кырдаалга жараша саяясий упай топтоонун гана амалы болуптур. Себеп дегенде, акчалар чыгарылып кеткени чын болсо, аны кайтаруу багытында атамбаевдик бийлик аз болсо да аракет жасамак да. Гуревич болсо: “кылмыш ишимди жапсаңар, жардам берем...”- дейт. Албетте, Текебаевди жыгып берген Маевскийге окшоп, анын да көздөгөнү бар.

 

Бакиев бийлигинин тушунда экономикалык көрсөткүчтөр кыйла жакшырганы белгилүү. Аны атамбаевдик бийликтин экономикалык көрсөткүчтөрү менен салыштырганда да көрө алабыз. Демек, ал өзү колунан келишинче эл үчүн баш-оту менен иштеп берүүгө аракет жасады. Бүгүнкү күндө Курманбек Бакиевдин дагы, бир туугандарынын дагы чыныгы абалын өз булактар аркылуу абдан жакшы билебиз. Көбүнесе, бир туугандары кандайдыр бир жеке жумуштарда жүрүп, үй-бүлө багышууда. Кыргызстандагы үйү, унаасы болсо, анын баарын сатуу менен оокат кылып келген инилери бар. Жыргап, оромпой тепкен жоруктары угула элек. Эгерде миллиондорду уурдаган болсо, эмнеге өлбөстүн оокатын көрүп жүрүшөт?

 

Кепти чынынан айта турган болсок, бул миллиондор учурда Максим Бакиевдин колунда болушу мүмкүн. Себеби, бул баланын жашоосу өйдө. Төңкөрүштөн кийин атасын да, экс-президенттин бир туугандарын да чанган. Кабар албайт. Эгерде төңкөрүшкө дал ушул Максимдин туура эмес аракеттери себеп болгонун эстесек, баары ордуна келет. Бир баланын арамдыгы үчүн бүт бир туугандарды күнөөлөй берген чынында туура эмес го... Жакында бул багытта Бакиевдердин бири менен сенсациялуу маек жарык көрөт, күткүлө...

 

Адахан Мадумаров:

 

 “Бакиевдики делген байлыктардын баарын бийликке келгендер ич ара бөлүштүрүп алышкан”

- Бул маселенин ачылбай жатканына 3 себеп бар:

 

Биринчи себеп. Убактылуу өкмөттө бийликке келгенде Бакиевге карата койгон дооматтары калп болгон. “Ак Үйдүн үстүнөн көзгө атар мергендерди кармадык. Алардын 17си жер төлөдө жатат" дешкен. Ошону көрсөтө алган жок го. Калп болуп чыкты. “Миллиондогон долларды алып чыгып кетти”- дешти. Бакиев кийин Орусиядан келген 300 миллион доллар Кыргыз өлкөсүнүн эле эсебинде жатканын айтып чыкты да. Бакиевдики делген байлыктардын баарын бийликке келгендер ич ара бөлүштүрүп алышты. Кийин ызы-чуу болуп баштаганда Тайырбек Сарпашевди кызматтан бошотуп тынышты. Эч ким жооп берген жок. Акчаларды кайтаруу аракетинен эч кандай жыйынтык чыкпайт. Себеби бийликтин айткандарынын баары жалган. Мен буга чейин эле буларды айтып чыккам.

 

Экинчи себеп. Иштин ачылбашына Бакиевдин бийлигинен кийин келген кишилердин сабатсыздыгы, чабалдыгы, иштин көзүн билбегендиги себеп болууда. Азыркы бийлик да бул маселеде аракети жок эле отуруп калат.

 

Үчүнчү себеп. Бир топ бийликтен кетип, кайра эле ошол топтун ичиндеги адам бийликке келсе, анда маселе жабык бойдон кала берет. Өнүккөн өлкөлөрдүн шайлоолорунда сөзсүз оппозиция жеңип чыгат. Мурункулардын ишин чукуп чыгыш үчүн эл атайын ошондой тандоо кылат. Бийлик канча комиссия түздү, бирок биринин да жыйынтыгы чыккан жок (А.Мадумаровдун пикири “Супер инфо” сайтынан алынды).

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №036, 03.10.2018-ж.