Кыргыз саясатындагы чолпон жылдызбы? 


Акыркы убактарда АШАнын жана анын айланасындагылардын көзөмөлүндөгү ЖМКлар  анын мурдагы соратниктери Эмил Каптагаев менен Кеңеш Дүйшөбаевди жаманатты кылууга жанталашып, катуу аракет кылышууда. Алардын артында АША өзү тургандыгын бешиктеги бала деле билет. Анткени, бул эки саясатчы анын көп кемчиликтери жөнүндө айтышып, айрым буга чейин элге кеңири белгилүү болбогон фактыларды да ачыкка чыгарышууда.

 

Алсак, Э.Каптагаев жакында берген интервьюсунда АША “ал жакта баары ыдырап кетиптир, мага биринчи орун басар катарында ыйгарымдарды бергиле, ал жакта тартипти орнотом” деп суранып жатып 2010-жылдын 23-апрелинен тартып күч органдарына да жетекчиликти алган менен Түштүктөгү коогалаңдардын алдын алып, болтурбоо боюнча эч кандай  чараларды көрбөгөндүгүн, ал кандуу кагылышуулар болуп жатканда 10 күн жоголуп кеткендигин  айтты. Ал убакта АША адатынча кезектеги запойуна кирип кетип, Раисасы асма үкөлдү кармап жанында отурган экен, айтылып жаткан кеп-сөздөргө ишенсек.

 

 “Атамбаев - кыргыз асманындагы жаркыраган жалгыз чолпон жылдыз болгусу келчү,- дейт Каптагаев. - Бул анын оорусу эле. Путин менен жолукканда ачык эле “эки революцияны жалгыз өзүм жасагам” деп айтпадыбы. Акаев менен Бакиевди жаманатты кылып, Отунбаеванын баркын кетиришке жанталашып киришип, саясый айдыңда жалгыз гана өзү төрдө отургусу келген. Анын оорусу ушул. Ачык эле айтайын, бул өтүшүп кеткен илдет”.

 

АШАнын бул оорусу биротоло өтүшүп, патологиялык көрүнүшкө айланып кеткендигин, хирургиялык кийлигишүүлөрсүз аны айыктырууга болбостугун  анын өзү көзөмөлдөгөн ЖМКлардын баарын аракеттеги бийликти жаманатты кылууга тукуруп, өзүн, Кыргызстанга жүз миллиондогон долларлык зыяндарды келтирген кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн  мактатып, актатууга аракет кылгандыгынан көрүнүүдө. Бирок, ал канча жанталашпасын АША иш жүзүндө жападан жалгыз чолпон жылдыз эмес, Кыргызстандын жаңы тарыхына криминалдык башкарууну орнотуп, элди кандуу кагылышууларга түртүп, коррупцияны мурда болуп көрбөгөндөй гүлдөткөндүгү үчүн камакка алынган президент катарында кирип калганы турат. Ал Акаев менен Бакиевдин тагдырына суктана турган күн да алыс эмес.

 

Временшиктер, өзгөчө анын аппаратын жетектеген Эмил Каптагаев, ички иштер министри болгон Кеңеш Дүйшөбаев АШАнын булардан башка да көп былыктарын билишет, эгерде АШАнын кылмыштуу иштери боюнча суракка чакырылышса, буга чейин бизге белгисиз болуп келген дагы көп нерселерди айтып беришмек.

 

Ошондуктан экөөсүн АША бокочодон да жаман көрөт, бакма ЖМКларына аябай шыбатууда, “мародёрлор” деп да айыптоодо.

 

Аталган экөөсүнүн кандай мародёрлук кылгандыгын биз билбейбиз, колубузда ынандырарлык фактылар жок, бирок  “ала карганы өз аты менен атасак”, АШАнын мародерлук кылгандыгы тууралуу айныксыз фактыны же Кой-Таштагы мурда Максим Бакиевге таандык болгон 2,6 гектар жерди адегенде “Дастан” акционердик коомуна өттү дедиртип, анан азыр абакта жаткан табакташы Албек Ибраимов аркылуу өзү алып, ал жерге жалпы баасы 4-5 миллион долларды чапчыган хан сарайды салып алгандыгын элдин баары билет. Мына ушунун биринчисин же улутташтырыла турган жерге сугун артып, мыйзамсыз ээлеп алгандыгын чыныгы  кузгундун иши десе, экинчиси, анан  уялбай ал жерге хан сарай салып, бала чакасын киргизип койгондугун тарпты  ашаган жорулук жорук  дейт. Анткени, бирөөлөрдүн менчигиндегилерди дайыма кузгундар аңдыса, жоорулар алардан талашып  жегенди жакшы көрүшөт. Алар калдыктарды каргаларга да беришпейт.

Коомчулук АША ал жердеги жана резиденциядагы хан сарайларга каражатты кайдан алгандыгын түшүндүрүп берүүсүн талап кыла берип жадады. Аларга сарпталган каражаттардын булактарын көрсөтүп бере албагандыгына караганда АША аларды да бир жерлерден кузгундай баса калып, жорулук ыкмалар менен  чогулткандыгы көрүнүп турат. АШАнын кол тийбестиги алынса, салык, укук коргоо органдары бул суроолорго тез эле жооп беришет деген ойдобуз. Ашыкпасак ага деле аз калды окшойт.

 

А.Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити, №036, 03.10.2018-ж.

Тема: