Сал билек... 

 

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору К.Усеновдун мамлекеттик университетти менчигиндей пайдаланып, арам иштерге батканы боюнча буга чейин малымдоо каражаттарында жетиштүү сөз болгону белгилүү. Атүгүл, эмгек жамааты президент С.Жээнбековго, премьер-министр М.Абылгазиевге, ЖК төрагасы Д.Жумабековго, башпрокурор Ө.Жамшитовго дейре кайрылуу жасасагына карабай, иш ордунан жылбай турганы капалантат.

 

Бизге түшкөн маалыматка ишенсек, ректор Кеңешбек Усеновдун былыктарын текшерүү үчүн Бишкектен бир нече жолу комиссиялар келип кеткен, бирок, анын баары окуу жай башчысынын бал тилине жана башка дагы бир нерсесине алданып, “баары жакшы” деген менен чектелүүдө. Ошондуктан, “мени эч ким жумуштан ала албайт, мага десе миң комиссия келсин!”- деп мактанганы айтылып жатат. Эч нерсени көзгө илбегендиктен, өзгөчө акыркы убактарда жумуш ордунда отурбай, тез-тез эле командировкаларга барып, чартаңбай тээп жүрөт экен.

 

Жакында ректор К.Усенов 2018-2019-окуу жылынын башталышындагы биринчи окумуштуулар кеңешинин жыйынында 120дай жумуш орундарына кыскартуу болоорун билдирди. ЖАМУнун экономика бөлүмүнүн башчысы М.Нарматов кыскартуунун себебин окуу жайдын бюджетинин эсебинен негизсиз иштетилип кеткен 6 миллион 800 миң сомду ордуна келтирүү менен түшүндүрүп жатыптыр. Антпесе, министрликтен аудит келсе, “нецелевое использование бюджета” болуп, абалдары кыйла оорлой түшөөрү бешиктеги балага да дайын. Бул мыйзам бузуулар кайдан чыккан? Биринчи кезекте буга ректор өзү күнөөлүү, анткени ал тааныш-туугандарын жумушка орноштуруу үчүн кошумча штат ача берген да, анын баары калкып чыгып калган. Эми мунун ордун башкалардын эсебинен калыбына келтирүүнү каалап жатат. Чындыгында, кыскартуулар “охота на ведьм” эле болуп калууда. Анын шылтоосу менен ректордун бетине чындыкты айтып, сын билгизгендерден окуу жайды тазалоону каалап жатканы жашыруун деле эмес го.

 

Учурда ал өзүнө жакпагандарды коркутуу, мажбурлоо жолу менен өз каалоосу менен арыз жаздырып кетирип, алардын ордуна жакындарын жылдырып, шахмат оюнун кызуу ойноп жаткан кези. Шек санаган кызматкерлерди эмгек өргүүдө жүргөнүнө карабай жумуштан кетирип да жиберди. Көпчүлүгү заалим ректордун ач калган карышкырдай изине түшүп аңдыганынан тажашып, жумуштарын таштап, башка окуу жайларга жумушка орношууга мажбур болушту. ЖАМУдагы баш-аламандык, заалим ректордун буйругун аткарбоо, бири-бири аңдуу, шексинүү, жек көрүү, жаат-жааттарга бөлүнүү абалдары курч алып турган чагы. Ректорго нааразычылык күч алып, жамаат ичинде кара куюндай буралган нааразы топтун катары күндөн-күнгө көбөйүп баратат. 

 

Ошондуктан, эмгек жамаат жаңы, адилеттүү текшерүүнү талап кылууда. Буга чейинкилери эмне менен бүткөнү белгилүү. Буга чейин ректорго келген текшерүүлөрдү КР Билим берүү министринин орун басары К.Г.Кожобеков (кыйышпас досу), министрликтин коррупция боюнча кызматкери М.С.Усупбеков, Жалал-Абад областынын улук прокурору Н.Тургунбаев, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Акматовдор “калкалап” келгени билинүүдө.

 

Президент “коррупция фактылары боюнча мага түз айткыла”- дебеди беле. Ошондуктан, ажо азыркы жазылгандардан тыянак чыгарып, чектен чыккан ректорду жазага тартса, эмгек жамааттын соопчулугуна калмак. Ректордун мыйзам бузууларын санап олтурсак, чынында, гезит бети деле түтпөйт. Тийиштүү органдар кызыкса, колдоруна карматууга даярбыз. Коррупцияга каршы күрөш катуу жүргөн заманда Усеновго окшогон адамдардын кызматта дале олтурушу президенттин саясатына көө жабууда. Окуянын мындан аркы өнүгүшү боюнча окурманга кабарлап турабыз...

 

Булак: “Майдан.kg” гезити