Айтса, айтпаса жалганбы? 

 

Временшиктердин, анан Кедейканша айым Роза Отунбаеванын аппараттарынын жетекчиси Эмилбек  Каптагаев журналист Бермет Букашевага берген маегинде өзүнүн, өнөктөштөрүнүн жана Алмаз Атамбаевдин кантип бийликке келип калгандыгы жөнүндө бир топ маалыматтарды келтириптир. Анда жаңы дегидей эч нерсе деле жок, а түгүл мадыра баш балдарга чейин белгилүү айрым фактыларды кыйгап өтүп, кыйыр түрдө Убактылуу Өкмөттүн, андан кийин бийликке келген анын мүчөлөрүнүн толук жоопкерсиздиктерин, алсыздыктарын ашкерелеп кетиптир.

 

Ал Рушайло менен жолукканда анын бир катар чагымчыл сөздөрдү сүйлөгөндүгүн, коогалаңдуу убактарда чет өлкөнүн снайперлери кармалгандыгын, алардын сурактары боюнча видео жазуулар да болгондугун, Түштүктөгү коогалаң мезгилинде  ал жакта ФСБнын 4 генералы баштаган офицерлери жүргөндүгүн  айтат.  Эмилбек Каптагаев: “20-марттан тартып Орусиянын ММКлары Бакиевдердин коррупциясы, Гуревич жана башкалар тууралуу материалдарды көп жарыялай баштады,”- дейт. Анысын билбейбиз, бирок, Орусиянын ошол убактагы Кыргызстандагы элчиси Власовдун 2009-жылдын аягынан тартып эле барган жерлеринин баарында “эта власть никуда не годится...”  деп ызырынып жүргөндүгү, а түгүл ушул темада элчиликтин имаратында журналисттерге маалымат жыйынын өткөргөндүгү, ал эми 7-8-апрелдерде АШАны Орусиянын атайын кызматынын өкүлдөрү коргоп жүрүшкөндүгү жөнүндө эмне үчүн айткан эмес?  Эгерде коогалаңдарда элди атып жаткан бир чет өлкөнүн снайперлери кармалса ( ал тууралуу А.Бекназаров да айткан) эмне үчүн алар мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылбастан тымызындан чыгарылып жиберилип, алардын ордуларына ошол убакта күч түзүмдөрүн жетектегендер камалышкан? Алардын алды түрмөдө жатып майып болду, алардын убалы кимге? Ал үчүн временшиктерди жетектеген Роза Отунбаева, анын шакирттери керт баштары менен жооп берүүлөрү керек го. Эгерде 2010-жылдын июнунда чын эле ФСБнын генералдары, офицерлери Түштүктө жүрүшсө, эмне үчүн Роза Отунбаева баш, Алмазбек Атамбаев төш болгон  бийликтегилер алардын эмне кылып жатышкандарын сурашкан, көзөмөлдөшкөн эмес? Ал убакта Эмилбек  Каптагаев өзү да күч түзүмдөгүлөрүн көзөмөлдөй турган чоң бийликте болгонун белгилей кетели.

 

Эмилбек  Каптагаев Алмазбек Атамбаевдин адегенде убактылуу өкмөттүн жетекчисинин биринчи орун басары болуп шайланып, анан коогалаңдарда өзүн эң жаман жагынан көрсөткөндүгүнө карабастан президенттикке шайлануусунда  временшиктердин, алардын ичинде өзүнүн аябагандай чоң күнөөсү бардыгын моюндап, элден кечирим сурагысы келбейт.  Азимбек  Бекназаров “Атамбаев акчасы бардыгы,  революцияны  каржылагандыгы үчүн эле президенттикке сунушталган” деп бардык жерлерде эле айтып жүрөт. Анын ким экендигин билип туруп, акчасы болгону  үчүн эле аны Кыргызстандын, кыргыз элинин мойнуна илип коюшкандары  -  временшиктерде элдин, мамлекеттин алдында таптакыр жоопкерчилик  сезимдери  болбогондугун гана көрсөтөт!

 

Эмилбек  Каптагаев мырза башкаларга акыл үйрөткөндү коюп, 2010-жылдан берки терс окуяларда өзүнүн да күнөөсү чоң экендигин эстей жүрсө жакшы болмок. Баары бир алардын баарын орду ордуна коюп, ар кимдин жекече жоопкерчилигин, күнөөсүн аныктай турган күн да келет. Буга акылдуусунган Эмилбек мырза эмне деп жооп берет, ыя?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити