...жемин алдырып жиберип, өкүнгөн карганын кейпин журналисттерге кийгизгиси келип жаткандай. 

 

КСДПнын маалымат катчылыгы ММКлардын үстунөн арыз-даттанууларды кароо боюнча комиссияга биздин гезитке каршы арыз жолдогону маалым болду. Каттан партиянын лидери Алмазбек Атамбаев тууралуу жазылып жаткан маалыматтарга чычалаганын  билүүгө болот.

 

Анда төмөнкүдөй доомат айтылган: “Майдан-пресс” басылмасы “Атамбаевдин  Сокени кулатууга багытталган 20 миллион доллары имишпи, же чындыкпы?” аттуу макаласында ушундай түспөлдү жаратты. Макалада эл арасында Атамбаев мамлекеттик төңкөрүштү уюштурууга 20 миллион доллар берген имиш деген “ушак” пайда болгону айтылган. Кимге жана качан – так айтылган эмес. Анан да ал “Карылыкка чейин жашагандан көрө Акүй алдында Сооронбай менен атышып жатып өлгөнүм жакшы”, - деп айткан имиш.

 

Макалада ал качан жана кимге ушинтип айтканы чагылдырылбаган. Күбөлөрдүн тастыктоосу да жок. Бул маалымат калп - ал эч качан эч кимге мындай кепти айткан эмес, эч кандай акча таратпаган, болгондо да 20 миллион долларды, демек,  кимге качан айтканын так жазуу мүмкүн эмес.  “Майдан-пресстин” журналистери маалыматтарды тастыктоого кенедей да аракет кылбай укканынын баарын жарыялоо менен гезиттин нускасын көтөрүүнү да каалашат окшойт. Кыргызстандын журналисттеринин этикалык кодексинде  “журналист эч качан жалган маалыматты таратпаш керек” деп турат. Ушул кодекске каршы аракеттерди мына биз азыр көрүп жатабыз”.

 

Мындан тышкары ушундай эле мазмундагы дооматтар “Kyrgyztoday.kg” жана “Nazarnews” сайттарына коюлган.

 

Эмне дейт элек? Алмазбек Атамбаев алты жыл бийликте турду. Бул убакыт аралыгында баш көтөрүп, чындыкты жаза коем деген маалымат каражаттарын төбөсүнөн басууга далай аракеттер жасалды. Бир нече басылмалар жабылды, нечендеген журналисттер доого жыгылды. Арасында Атамбаевге карызын төлөп бергенге мүмкүнчүлүгү жок (мамлекеттин казынасына кол сала алчу кызматтарда иштебесе журналистте кайдан миллиондогон каражаттар) журналисттер элге салып, бир сомдон чогултуп, ал учурдун президентинин капчыгын толтурууга далалат кылышты. КСДПнын катында “жолугушуу качан өтүп, ошол сөздөрдү кимге айтканын так жазалышкан эмес” деп жазылгандай, бул сапар да кайсы журналисттер доого жыгылып, кайсы басылмалар эрте күндө атамбаевдик бийликтин күчтүү колуна муунуп, эрте күндө жайраганын ачыктабай эле кете берели. Алардын баары коомчулукка жакшы дайын. Алты жыл сталиндик репрессия убагында жашап жаткансып, көлөкөдөн корккондой акыбалга да келдик. “Өзүм билем, баарын мен башкарам, мен айтам, калгандары менин оозумду карап, баштарын ийкеп гана турушу керек”, - деген текебер бийлиги соңуна эчак жеткенин унута калып, дагы да өзү тууралуу чындык кептердин оозун жапкысы келип, оомуролоо адаты кармап кетип жаткандай. Алты жылдын акыркы кезинде “Атамбаев” дегенди жазуу мүмкүн болбой, АША деп да, “паша” деп да тергедик. Ошол жылдар аралыгында миллион атактуулукка жетишти. “А” дегенге миллион салды, катуурак кеткендердин карыган энесинин үйүнөн бери тартып алууга кам урду. Булардын баары унутулбайт. Ал АШАнын жылдарындагы кара так катары тарых бетинде кала берет. Бийликтен кеткенден кийин тынч тирилигин кылып, ар кайсы маселеге мурдун тыкпай отура бергенде, мындай маалыматтар пайда болмок эмес. “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дейт, эпкинди жүргүзүп, сөп башын кыймылдатып коюп анан, айыпты дагы да башкага оодарып, догурунбай доор эбак өткөнүн эсине салса кана.

 

“Маалымат калп, кимге, качан айтканын так жаза алышпаган” дейт. Биринчиден, журналистикада өздүк булак эч убакта ачык айтылбайт. Так ушул этикага ылайык келбейт. Атамбаев кыязы, кайсы жактан “утечка” кеткенин билгиси келип, “калп, калп, чын болсо айткылачы кимге айтыптырмын?”- деп кыйкыра берсем, шашканынан айтып жиберишет деп жаткан го. Тамсилдеги “алты дебей, ылты десем эмне эле” – деп оозундагы жемин алдырып жиберип, өкүнгөн карганын кейпин журналисттерге кийгизгиси келип жаткандай. Тактап жазбасак да, кимге качан айтканын, жолугушуу кайсы жерде качан болгонун өзү жакшы билеттир.

 

Экинчиден, экс-президенттин лексикону баарыбызга дайын. Ал кишидей миң аракет кылсаң да эч ким сүйлөй албайт. Укмуштуудай кептердин автору жалгыз өзү эмеспи. Анча-мынча кепти ойлонбой сүйлөп койгонунан  “балп эткич президент” деген да атка конгон. Саясатчылардын арасынан жалгыз гана Атамбаев оюндагысын дароо оозунан чыгарган адам. Өзү да убагында “ойлонбой калпыс сүйлөп алам”, - деп моюнуна алганы бар. Демек, анын макалада келтирилген кептери таң калыштуу деле эмес.

 

Баарына маалым, Сооронбай Жээнбеков президенттикке шайлангандан кийин баштагыдай эле “бийлигимди жүргүзө берем” деген планы таш каап, мамлекет башчылык атасынан калган мурастан бетер, тактыны өткөрүп бергенин милдет кылып бултуйуп жүрбөйбү. Экс-президент деген сый-урматын  бийликке болгон сүйүүсүнө алмаштырды. Эми, баары эл алдына чыгып, биз жазып отурбасак деле ар бир адам өзү күбө болуп жаткан нерселерди дагы да жалганга чыгарып, догун артууга аракет кылууда. Мындан ары да оозун ачкандын баарын миллион сомго доого жыгат бекен. “Сенин дооруң өткөн, мындан ары өзүң тууралуу бир гана чындыкты уга аласың”- деп айтып койчу же чын дилинен жан тарткан санаалаштары жокпу?

 

Редакция

 

Булак: “Майдан.kg газетасы, №34 (371), 12.09.2018-ж