Ушундай пикир бар


Акыркы жыйырма жылда өмүр бою ментовкаларда жүргөн Феликс Кулов, соода сатыктан чыкпаган Нариман Түлеев, тарыхчы Кубанычбек Кулматов, кампачы, таразачы Албек Ибраимов сыяктуу ж.б. инсандар Бишкектин мэри болушту. Бирок, алардын бирин да шайлоого келгенде өздөрүн жарандык коомдун өкүлдөрү деп эсептешкендер Азиз Суракматовдун тегерегиндегидей ызы-чуу салышкан эмес. Эмне үчүн? Анткени, алар шайланганда демөөрчүлөрдөн ызы-чууларды уюштурганга буйрутма болгон эмес.

 

Ошондуктан АШАнын таразачысы Албек Ибраимов мэр болуп шайланганда НПОшниктердин биринин да дабышы чыкпаган. Ал эми Азиз Суракматовдун талапкерлиги мэрликке көрсөтүлгөндөн бери НПОшниктердин айрымдары өзгөчө активдешип, ар кандай талаптарды коюу башталды. Адегенде БШКдан аны мэрликке талапкер катарында каттабоо талабын коюшту, анан мэрди шайлоону кийинкиге калтырууну талап кылышты, тегерек үстөлдөрдү уюштурушту. Мэр шайланып жаткан күнү бир ууч адам катышкан митинг да уюштурушту. Арасынан бири мэр болгусу келди эле, бирок тийиштүү мыйзамда “мэрликке талапкерди премьер-министр менен шаардык кеңештин депутаттары гана көрсөтүшө алат” деп жазылып турса, БШК аны кантип каттайт? Эгерде ал чындап эле мэр болгусу келсе, адегенде мыйзамга өзгөртүү киргизүү талабын коюп, ал ишке ашкандан кийин мэрликке умтулбайбы? Бирок, ыгы келгенде ызы-чуу салып, өзүн элдин эсине салбаса, мүмкүн, ал каржылык жактан да жакшы пайда алып келе турган болсо, кантип ал андай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарсын?

 

Ал кампаниялар максатына жетпегенден  бери укук коргоочу Калича Өмүралиева деген чепилдеген айым “кызыкчылыктардын кагылышуулары” жөнүндө маселе көтөрүп, ошол теманы жадабай эксплуатациялоодо. Эмне үчүн ал  кыйкым жерден да кыя өтпөй, колу жеткен жерлердин баарын менчиктештирип келаткан Албек Ибраимов мэр болгондо андай маселени көтөргөн эмес? Азиз Суракматовдун чын эле “Елизавета” курулуш компаниясына тиешеси болсо, ал акцияларын же башкаларын экинчи тарапка ишеним кат менен өткөрүп берип салса эле, ал маселе чечилет.

 

Албек Ибраимов мэр болуп шайлангандан кийин деле үй-бүлөсүнө таандык ишканаларды, жүздөгөн гектар жерлерди убактылуу эч кимге өткөрүп бербегендиги азыр ачыкка чыгып жатпайбы. Эмне үчүн адилеттүүлүктү жактаган укук коргоочулар алар жөнүндө айтышпайт?

 

Тилекке каршы, каржыланган буйрутмалар бар жерде адилеттүүлүк, калыстык жөнүндө сөз кылуунун кереги жок.

 

Эки укук коргоочу, алардын айланасындагылар баштаган ызы-чууларды кожоюндары “Форумда” отурган теле, радиостудиялар, басылмалар өзгөчө ырахаттануу менен чагылдырышып, социалдык тармактарда жалданма фейк колдонуучулар менен теманы жакшы эле күүлөштү. Фейсбуктун баракчалары Суракматовду ашаткан, бүгүнкү бийликти “сөккөн”  пикирлерге толуп кетти го, чиркин!  Экс-президентке тиешелүү “Апрель” телеканалы болсо ар бир жаңылыгында мэр шайлоо маселесине кайрылып, ыңгайы келсе да, келбесе да мэрликке талапкерди каралап, бул жагынан бир тараптуулуктун эң жогорку үлгүсүн көрсөттү. Ал жактан аларды Фарид Ниязов  координациялап, кырдаалга жараша  конкреттүү тапшырмаларды берип тургандыгы да байкалып жатты. Ушундан эле Азиз Суракматовдун шылтоосу менен  азыркы бийликтин короосун “ташка” толтуруп, мэрди гана эмес, бийликтегилерди да жаманатты  кылууну көздөп, ызы-чууларды каржылап жаткандын ким экендиги ачык көрүндү. Каралап, жамандоого илинчек, себеп таппай турганда, минтип көктөн издеген жерден табылып жатса, аны көз жаздымдан кетирүүгө  болобу.

 

Бирок, күндөн күнгө аркалары кууш болуп бараткан АШАчыларга ал деле жардам бере албайт. Мамлекетке Акаев менен Бакиевден да көп зыян келтиришкендери үчүн алар мыйзамга ылайык жазаларын алышат.

 

Ө.Тарыхчиев

Булак: “Майдан.kg” гезити