Жетинчи кабатта эмне сөз?
Апта башында президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында Улуттук кеӊештин жыйыны болуп өтүп, анда Кыргызстанды 2040-жылга чейинки узак мөөнөткө өнүктүрүүнүн Стратегиясы жана 2018-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүүнүн стратегиясынын долбоорлору талкууланып, каралды.
Күн тартибиндеги биринчи маселе – “2040-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясы жөнүндө” айтып жатып, мамлекет башчысы Улуттук кеӊештин 2017-жылдын 15-ноябрындагы жыйынында бул маселе каралып, коомчулуктун талкуусуна коюлганын эске салды. Ал коомчулуктун ой-пикири, социалдык заказы ушул документте чагылдырылып, Кыргызстан өзүнүн өнүгүү жолунда кайсы багыттарды артыкчылыктуу деп кабыл алаары ушул стратегияда аныкталганын белгиледи. Ошондуктан бул стратегия - Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин өнүктүрүү саясатын аныктаган жалпы рамка катары каралууга тийиш.
“Каралып жаткан Стратегия комплекстүү мүнөзгө ээ, анда өлкөнүн турмушундагы бардык чөйрө чагылдырылган. Бийликтин бардык бутактарына тиешелүү милдеттерди камтыйт. Бул документ концептуалдык мүнөзгө ээ болот. Анын алкагында ар биринин өзгөчөлүгүн эске алган, бардык тармактардын жана региондордун өнүгүү программалары кабыл алынат. Бул багыттардын ар биринин программалары иштелип жатат. Ар кайсы багыттарды камтыган иш-аракеттерди чачыранды кылбай, баарын теӊ бир багытка буруп, бир максатка үндөп турган кеӊири масштабдагы документ катары - ушул Улуттук Стратегия кызмат кылат”,- деп белгиледи президент.
Ал жалпы максаттар, аткарылчу иштердин алкактык рамкасы коомдун баардык катмарын камтыган ушул жалпы Улуттук кеӊеште аныкталганы туура болорун жана ал президенттин Жарлыгы менен бекитилерин белгиледи.
“Ошондо бардык мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын бир багытта, бир ыргакта иштөөсүнө шарт түзүлөт. Ушул документте аныкталган рамканын ичинде социалдык, экономикалык, сот-укуктук, саясий, башкаруу, шайлоо жана башка багыттарды өзүнчө караган программалар Жогорку Кеӊештин кароосуна коюлат, парламентте талкууланып, кабыл алынат. Ал эми региондордун өнүктүрүү программалары шаардык кеӊештердин депутаттарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын талкуусунан өтүшү зарыл”,- деди Сооронбай Жээнбеков.
Мамлекет башчысы белгилегендей, Стратегия 2040-жылга чейинки мезгилде, этап этабы менен, ырааттуулук менен ишке ашырылат. Биринчи этап катары, 2023-жылга чейинки мезгил өзүнчө бөлүнүп каралат. Бул мезгилде аткарылчу максаттар, жасалчу иштер так аныкталды. Алдыдагы беш жыл ичинде ишке ашырылуучу долбоорлор, конкреттүү милдеттер белгиленди. Алардын аткаруу мезгили, каржы булактары, адам ресурстары жана мыйзамдык нормалары такталды.
“Ошондуктан ушул этапта - 2023-жылга чейин аткарылчу иштер өзүнчө бөлүнүп, такталып, силердин назарыӊыздарга сунушталып жатат. Биздин максат - өнүккөн өлкөнү, чыныгы көз карандысыз мамлекетти куруу. Бул максатка жөн эле жетүүгө болбойт. Стратегиялык максаттарыбыздын ишке ашуусуна саясий туруктуулуктун шартында гана жетише алабыз. Коомдун тынчтыгын, өлкөдө саясий стабилдүүлүктү сактоо - өнүгүүнүн фундаменти. Бийлик бутактарынын ортосундагы ырааттуу, бир багыттуу иш-аракеттерди камсыз кылуу - негизги милдет катары кабыл алынат. Бийликтин, бизнестин, жарандык коомдун ынтымак, биргелешкен аракеттери керек болот. Стратегиябызда бул иштерге артыкчылыктуу багыт катары көӊүл бурулат. Мен өлкөнүн президенти катары бул үчүн бардык ыйгарым укугумду колдоном”,- дейт өлкө башчысы.
Ал биринчи кезекте адамдардын потенциалын өстүрүү керектигин белгиледи: “Сунушталып жаткан Стратегиянын мурдагы мамлекеттик документтерден айырмасы - бул Стратегия биринчи кезекте адам потенциалын өнүктүрүүгө багытталган. Эми бул максат мамлекеттик саясаттын борборунда болот. Ал үчүн социалдык-экономикалык өнүгүүнүн рамкасынан сырткары дагы, соттук, укуктук, демократиялык багыттарга да өзгөчө көңүл буруу талап кылынды. Ошол эле себеп менен руханий баалуулуктарга, каада-салтыбызга аяр мамиле кылууга, улуттар аралык ынтымакты камсыз кылууга, маданиятыбызды, тилибизди өнүктүрүүгө артыкчылыктуу багыт берилди”.
Ал эӊ жакынкы мезгилде аткарууга кирише турган негизги милдет - сот реформасын ишке ашыруу экенин белгиледи. Эл ишенген, калыстыктан тайбаган сот системасы орносо, өлкөнү өнүктүрүүнүн эӊ негизги фактору камсыз кылынат. Ошондой эле соттук иштердин ачык-айкындыгын, сот процесстеринин заманбап технологиялар менен жабдылышы камсыз кылынышы керек: “Стратегиябыздын максаты - улуттук сот системасын куруу, адилеттикти жана мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу, коррупциядан тазалоо. Ушул стратегия башкаруу системасынын кесипкөй, туруктуу жана жоопкерчиликтүү болушун шарттайт. Сапаттуу жана мобилдүү башкаруу системасын түзүүгө жол ачат”.
Биринчи этаптын алкагында Президент коррупция менен күрөшүүнү улантуу, башкаруунун тазалыгын, кабыл алынган чечимдердин адилеттигин, ачык-айкындуулугун камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи. Ал үчүн башкаруу системасынын иш форматын өзгөртүп, башкаруу чөйрөсүндөгү технологияларды башкалардан артта калбай өздөштүрүү керек: “Ошондуктан “Түндүк” электрондук системасын тез арада ишке киргизүү, жалпы эле “Таза коом” долбоорун ишке ашыруу - бардык бийлик бутактарынын актуалдуу иши, баарыбыздын алдыбызга коюлган максат. Жаӊы технологиялардын, жаӊы экономикалык платформалардын, жаӊы инфрастуктуралардын жайылуусу күтүлүүдө. Бул тенденциялар элге кызмат көрсөтүүгө, билим алууга, саламаттыкты сактоого өзгөртүү киргизүүнү шарттайт. Эмгек рыногун кескин өзгөртөт. Биз бул чакырыктарга өлкөбүздүн экономикасын, социалдык чөйрөсүн, жалпы эле жарандарын даярдоого милдеттүүбүз”.
Президент узак мөөнөткө максаттарды белгилеп жатканда глобалдык жана регионалдык тенденцияларды сөзсүз эске алуу зарылдыгын белгиледи. Дүйнөдө олуттуу экономикалык жана саясий өзгөрүүлөр орун алып жатат. Алар Кыргызстандын өнүгүүсүнө олуттуу таасир этет: “Коӊшу мамлекеттер, стратегиялык өнөктөшүбүз - Россия менен достук мамилелердин өнүгүүсүнө өзгөчө маани беребиз. ЕАЭС, Жамаатык коопсуздук келишими, Шанхай кызматташтык уюмдарына мүчө мамлекеттер менен ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыӊдоо - биздин стратегиялык максаттарыбызга кирет. Жакынкы коӊшубуз - Кытай Эл Республикасы менен болгон мамилебизди жакында эле стратегиялык деӊгээлге көтөрдүк. Бул багытты улантабыз. Түркия, Япония, Корея, АКШ, Европа биримдигине кирген мамлекеттер жана Араб өлкөлөрү менен жакшы мамилелерди өнүктүрүүгө аракет кылабыз. Эл аралык өнөктөштөрүбүз, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюму менен иштөөгө артыкчылыктуу маани беребиз”.
Мамлекет башчысы элдин ишенимин, шайлоонун адилеттигин камсыз кылуу - өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн зарыл фактор экенин белгиледи. Ал өткөн шайлоолор дагы бир топ кемчиликтер бар экендигин көрсөткөнүн, шайлоону мындан ары өркүндөтүү максатында ушул жылдын март айында Жумушчу топко жакынкы мөөнөткө шайлоо жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүүнүн стратегиясынын долбоорун иштеп чыгып, отурумдун кароосуна киргизүү милдети коюлганын белгиледи.
Депутаттарга кайрылып, Сооронбай Жээнбеков алдыдагы шайлоолордо эрежелердин туруктуулугун камсыз кылуу абдан маанилүү экенин белгиледи. Бардык өзгөрүүлөр шайлоого бир жыл калганга чейин такталып, кийин “оюн эрежелери” өзгөрбөш керек.
Мындан тышкары, Мамлекет башчысы жетекчилерге, депутаттарга, Өкмөт мүчөлөрүнө, Президенттин Аппаратынын өкүлдөрүнө жана башка чиновниктерге кайрылды: “Баарыбыздын максат-тилегибиз бир - мамлекетти өнүктүрүү, элдин жашоо-турмушун жакшыртуу. Сүйлөгөн сөз менен кылган иш бир болуш керек, бирок көпчүлүк учурда аткаминерлердин сүйлөгөн сөзү менен кылган иштери шайкеш келбей жатат. Биз, чиновниктер өзүбүздөн тазалыкты талап кылып, аракет кылсак тез өнүгөбүз. Мамлекетибиз өнүгө турган бардык шарттар бар, Стратегияга көп маанилүү нерселер кирди. Стратегиянын пункттарынын үстүнөн биригип бардык бийлик бутактар жана катмарлар иштеш керек, ошондо ал ишке ашат”.
Ал бардык мамлекеттик органдарды бюрократияны кыскартууга чакырды жана ички бюрократия, чиновниктердин кабыл алган туура эмес чечимдери жана жоопкерчиликтен качканы өлкөнү өнүктүрбөй жатканын белгиледи.
ххх
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 8-августта Чолпон-Ата шаарында “Рух-Ордо” комплексинде “Мекендештер” форумуна катышты.
Форумдун катышуучуларына кайрылып, Мамлекет башчысы “кыргызстандыктар дүйнөнүн кайсы жеринде жүрсө да башка мамлекетте туруп, өз өлкөсүнүн, Кыргызстандын келечегине толгонот, өнүгүүсүн эӊсейт, өлкөнүн тагдырына, келечегине кайдыгер карай албайт”,- деп белгиледи.
“Бул жерде дүйнөнүн жыйырмадан ашуун өлкөсүнөн келген мекендештерибиз олтурасыздар. Сиздер менен максатыбыз чогуу, кыялыбыз бир. Ошол максатты көздөгөн иш-аракеттерибиз бир ыргакта, бир багытта болушу үчүн, мезгил-мезгили менен баарлашып, акылдашып турушубуз зарыл”,- деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Ал ушул вазийпаны аткарып, көп жылдан бери мекендештердин байланышын камсыз кылып, жолугушуусун уюштуруп, баарын бириктирип жүргөн экс-президент Роза Отунбаевага ыраазычылык билдирди.
“Мекендештер» форумунун идеяларын жана максаттарын колдойм. Форум реалдуу ишкер долбоорлорду, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүн жана инвестициялык келечегин талкуулоо үчүн түзүлгөн. Бара-бара кеңири мүмкүнчүлүктөргө жол ачкан платформа-аянт болуп баратат”,- деди ажо.
“Биздин коомдо кароосуз калган карыя, таштанды болгон наристе болбош керек. Өткөн тарыхыбыздын, ата-бабаларыбыздын алдындагы жоопкерчилигибиз дайыма эсибизде болууга тийиш. Региондорду өнүктүрүү - бул социалдык объектилерди жана жолдорду куруу гана эмес, руханий жактан өнүгүү. Кайсы жерде жүрсөк дагы адамдык абийир менен улуттук ар-намысты ыйык тутуп, мекенчилдик позициябызды бекем карманышыбыз парз. Мунун зарылдыгын ушул сыртта жүргөн кыргызстандыктардын мисалында эле түшүндүрүп берейин. Абийир менен ар намыска ар кандай мамиле кылган адамдардын эки чоӊ тобу бар десек болот. Биринчиси, Кыргызстанды тоноп, элдин энчин соруп, мекендин байлыгын алып чыгып кеткендер. Эл-журттун ырыскысын уурдагандарга мамлекеттин укуругу узун, эртеби-кечпи жооп берчү күн келет. Ошол эле учурда, биздин түпкү максатыбыз - мекендештерибиздин өз өлкөсүндө эмгек кылып, ата-журтунда татыктуу жашап, балдарын тарбиялоо үчүн толук шарт түзүү. Жарандарыбыз биринчи кезекте өз Мекенинде жашап жана эмгектениши үчүн бардык шарттарды түзүү - мамлекеттик саясаттын келечектеги артыкчылыктуу багыты”- дейт С.Жээнбеков.
Булак: “Майдан.kg” гезити, №30 (366), 15.08.2018-ж.