Күнкарама экен... башка сөз жок! 

 

Жакында Жогорку Кеңештин депутаты, экс-президенттин учурдагы “оң колу” Мурадыл Мадеминов коррупция боюнча айыпталып, УКМКнын абагында жаткан бир катар чиновниктердин ал-акыбалдары менен таанышып чыкканын маалымат каражаттарына билдирди. Бул жөнүндө сөз кылбай койсок деле болмок. Бирок эл өкүлү калыс пикир айтуудан тайып, “УКМКнын абагында кармалып жаткандар саясий өңүттө камалып жатат”-  дегендин башын кылтыйтыптыр. Депутатты да түшүнсө болот, ал азыр КСДП партиясынын төрага орун басары, экс-президентин “көзгө басары” болуп калбабыды. “Саясий өңүт” дегенди  бетке кармоого аргасыз, башка тыңгылыктуу аргументтери жок…

 

Адегенде эле Мурадыл мырза коррупция менен айыпталган үлкөн экс-чиновниктер шарты начар жайда кармалып жатканын  айтыптыр. Албетте, алар үчүн атайын шарты начар камералар тандалып алынбагандыгы айтпаса да түшүнүктүү деңизчи. Коррупция менен күнөөлөнүп жаткан аткаминерлердин баары ошол камераларда кармалышып, соттун чечимин күтүшөт. Ал жерге камалчулар оппозиция, пропозиция, же аркы жээк, берки жээк деп иргелбейт. Анан да эл өкүлүнүн “Союздун кезинде камералар 1 адамга ылайыкталып курулган, азыр анда 3төн жатышат” дегенине жол болсун! Тилекке каршы, азыр 100 адам кармалчу абакта 150 адам, 500 бала окучу мектепте 1000 окуучу окуй турганын, 40 миң авто унаага ылайыкталган Бишкекте 500 миңден ашык автоунаа жүргөнүн урматтуу депутат  билбейби? Жаңыларын курууга мамлекеттин чама-чаркы болбосо, болгонуна, баарына батса бирден, батпаса 2-3төн камоого аргасыз. Анын да жөнү бар. Анткени, буга дейре коррупция менен күрөш тандалма түрдө жүрүп, УКМКнын абагына камалгандар аз болчу, камералар аңгырап бош турчу. Учурда өлкө бюджетине кол салып, коррупцияга малынгандар салмагына, санаалаштыгына, партиялаштыгына карабай коррупция менен айыпталып, иш козголуп камакка алынууда.  Коррупцияга каршы күрөш мындай темп менен жүрсө, эртең  камаганга жай калбашы ыктымал. Анда 3төн эмес, 4-5тен камоого да туура келет. Антпегенде, өлкө бюджетине кол салып, миллиондорду уурдоо “операцияларын” ишке ашырып, улуттун кызыкчылыгына кыянатчылык жасагандар камераларда орун жоктугунан эркиндикке кое берилмек беле? Урматтуу депутатыбыз андай эле кармалгандардын шарттарына бушайман болот экен, эмнеге өлкөнүн абактарында жаза мөөнөттөрүн өтөп жаткандар кандай шартта, абалда жашап жаткандарына, алардын жаткан жерлерине, жегендерине кызыгып койбойт? Же Мадемин мырза үчүн табакташ, санаалаштар гана Кыргызстандын жарандары болуп эсептелеби?

 

Ошондой эле депутат Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев жана Салайдин Авазовдун  ден-соолуктарына  катуу кабатырланып, экс-премьер камакка алынгандан бери бир да жолу суракка алынбаганын айтат. Ден-соолугу жакшыргыдай бул үчөөсү курортто же санаторияда жаткан жерлери жок. УКМКнын абагында камалып жаткандардын саламаттыктарынын начарлоосу күнүмдүк штаттык көрүнүштөрдөн. Кан басымы көтөрүлөт же түшөт, арыктайт, өңдөн азат, мурда бар оорулары козголот. Бирок алардын ден-соолуктары дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө, кароого алынып, текшерилип турулат. Саламаттыгы ого бетер начарлап баратса, атайын ооруканага которулуп, тийиштүү медициналык жардамдар көрсөтүлөт. Айыпталгандардын саламаттыктарынын начарлоосу коррупция менен айыпталгандарды үйлөрүнө чыгарып ийүүгө, же коюлган айыптарды жумшартууга негиз боло албайт.

 

Мындан сырткары депутат: “Жантөрө Сатыбалдиев камакка алынгандан бери бир да жолу суракка алынбаптыр. Бул тергөөчүлөрдүн колдорунда эч нерсе жок дегенди билдирет. Алардын качып кетейин деген ойлору жок, анткени, алар өздөрүн күнөөлүү деп эсептешпейт. Ошондуктан аларды үй камагына эле чыгарыш  керек”,- дейт. Суроо, Кыргызстанда качан коррупция менен айыпталган адам күнөөсүн мойнуна алчу эле? Эмне, уурулар тойгончо  жеп, өлгөнчө карганган мезгилде жашап атканыбызды эл өкүлү билбейби? А түгүл азыр өзү кожосундай көргөн экс-президент Атамбаев убагында  коррупционерлер жөнүндө айтып, “колунан кармап алсаң да күнөөлөрүн мойнуна алышпайт”- деп агынан жарылбады беле. Алардын күнөөлөрү жок деп айтканга эч кимдин укугу жок. Ал тергөө, иликтөө иштеринин жыйынтыгында гана айкын болот.

 

Жантөрө Сатыбалдиевдин  али күнчө суракка алына электигинин себеби, тергөө иштеринин тыкыр, дыкат жүргүзүлүп жатканында экенин талашсыз. Буга чейин боло келгендей шашылыш сурак иштерин жүргүзүп, жетишсиз айыптоолор менен ишти сотко жеткирип, соттун чечимин чыгарткан мезгил артта калды. Болбосо, буга чейин иш бат эле сотто каралып, күнөөлөрү далилденбей туруп, темир тор артына жөнөткөн вердикттерге далай эле күбө болбодукпу. Ал учурлардан айырмаланып, бүгүн тергөө процедуралары  мыйзам чегинде, укуктук-нормативдик актылардын сакталуусу менен жүрүп  атат. Тийиштүү айыптоо корутундулары топтолгондо, экс-премьер суракка алына баштайт, күнөөсүн мойнуна алууга же күнөөсүз экенин далилдөөгө убакыт келет. Андыктан ЖК депутаты тергөө иштеринин жүрүшүнө шек келтирип, өз бүтүмүн чыгаруудан, ишке саясий түс берүүдөн  алыс болуп турганы оң. Кылмыш иштерине саясий түс берип, кармалгандардын абактагы абалдарынан кыйкым издөө өткөн заман менен кошо калганын, бүгүнкү күндө мыйзамдуулук биринчи орунга чыкканын Мурадыл мырза көрбөсө, жалпы кыргыз эли, коомчулук  көрүп, билип турат.

 

А.Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити, №29 (366), 08.08.2018-ж