Кыргызстандын жүрөгү деп эсептелген борбор шаарыбыз Бишкектин мэрлигине Кыргызстан боюнча жалгыз Азис Суракматов деген чала саясатчы, «киргизден» башка бирөө да табылган жок. Буга жалпы кыргыз коомчулугу жакасын кармап, тобо кылып турган чагы. 

 

“Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет” деген ушул экен. Бийлик сүрөп, күчкө салса, коррупционериӊ да, тил билбеген “киргизиӊ” да, иш билбеген макооӊ да, өӊү суук, жылдызы жок жырткычыӊ да мансапты басып жыгылат экен эй. Азыр элде ушундай эле түшүнүк пайда болуп, ал иш жүзүндө көрүнүп жатат. Ошентип бийлик Суракматовду эл менен эсептешпей, зордук-күч менен мэр кылганы калды. Анын аз күн мурун тил сынагынан өтпөй турган абалда болуп турса да, тилчи “сөрөйлөр” каратып туруп өткөрүп койду.


Чынында ошол бакандай деп эсептелген тилчилердин тил боюнча билими Суракматовдукунан да төмөн окшобойбу. Илимий даражалары деле шектүүбү? Неге дегенде Суракматов ал сынактан эки эмес, бир деген бааны  алмак.  Бир деген баага анын төмөндө жазгандары толук татымак: “Шаар” деген сөздү  “шар” деп жазды. Ошондой эле “Бишкек шаарынын эски таштанды полигонун жаап, жаңы эл аралык жакшы, жаңы таштанды полигонун ачуу” дегенди “Бишкек шаардын эскиз таштан полигонду жаап, жаңы эль аралы жакшы жаңы таштан полигон ачуу” деп жазган. Анын жазганы эле эмес, сүйлөгөнү да  көптөгөн туура эмес сөздөр менен коштолду, мындайча айтканда ал сөздөр  кыргыз тили үчүн жараксыз болуп эсептелет. Бирок тилчилер анын баарына көз жумуп коюшту. 

 

Эми ушундай каталарага көз жумуп, Суракматовду кыргыз тилин мыкты билет деген окумуштуулардын тизмесине төмөндө көз чаптырыӊыз:

 

Комиссиянын курамы:   

 

Абдесов Нургалый – КРнын эмгек сиңирген мугалими;

 

Абдувалиев Ибраим –филология илимдеринин доктору, профессор;

 

Байсабаев Бектурсун Ашымович-педагогика илимдеринин кандидаты, профессор;

 

Искендерова Суусар Искендеровна – филология илимдеринин доктору, профессор;

 

Кенжешев Каныбек Дуйшөналиевич–педагогика илимдеринин кандидаты, профессор;

 

Тиллебаев Садык Алаханович – филология илимдеринин доктору, профессор;

 

Чыманов Женишбек Арыпович – педагогика илимдеринин кандидаты, профессор.


Коомчулукта, өзгөчө соцтармактарда: “Бул адамдар ушунчалык кошоматчыбы, же миллионер  Суракматовго “оптомунан”  сатылып кетишкенби?” деген сөздөр ошондон бери байма-бай айтылып жатат. Тилчилер болсо азырынча тилдерин тишине катып уялып-уялбай олтурган чактары. Эртеӊ Суракматов мэр катары Бишкекти бир топ талкалап, өз билгенин кылса, анда ал маселе боюнча бул тилчилер да күнөөлүү болушат. Ушундай эле жоопкерчилик Бишкек шаарынын төрагасы Алмаз Кенебаев баштаган 45 депутатын мойнунда турат. Бирок Суракматовду сүрөп жатышкан булардын баары теӊ бийлик  баары теӊ бийлик үчүн жакшы иш кылып жатканы менен, тарых үчүн, кыргыз эли үчүн чоӊ кыянаттык иш жасап жатышат. Бир аз болсо да элди ойлошсо бомок.

 

Кыргыз коомчулугу 8-август күнү мэрди шайлоо учурунда былыгы көп Суракматовду өткөрбөө боюнча талапка ылайык аракеттерди көрбөсө болбойт. Бийликтин мындай өз билемдик кадр саясаты, мындай темпи менен Бишкек да, жалпы мамлекет да өнүкпөйт. Коомчулук мэрлик кызматка алтынай Өмүрбекованы суранды эле. Ошол талапты аткарып койсо, өздөрүнө да, элге да кыйла жакшы болмок.

 

Урмат Кабылбеков
Булак: "Чагылган"