Талапкер тушунда... 

 

Бишкекке мэр болуп иштеген инсандардын артынан тескери кептер токтобой калган заманда борборубуздун тургундары “таза, чын дилинен эл үчүн иштеген мэрди канткенде табабыз?”- деген суроого баш катырып турушат. Анткени, буга чейинки мэрлерди шаардыктарга каалабаса да өйдө жактан таңуулап олтургузушкандыктан, аларың каалагандай чартаңбай тебишип, оңду-солду жеп-ичип, элдин канын мите курттай соруп келишкени жалганбы? Президент Жээнбековду мурда-кийин коррупцияга аралашпаган, таза адам катары билебиз, дал ошол себептүү, анын тушунда Бишкекке мэр болуп өзүндөй колу таза жана чарбачыл адам келеринен үмүттөнсөк болот.

 

Эске салсак, Бишкектин мурунку мэри Албек Ибраимов “Дастан” трансулуттук корпорациясынан шылуундук схемалар аркылуу 500 миң доллардын тегерегинде акча чыгарып байыгандыгы, Бишкектин түштүк бөлүгүнөн эбегейсиз жер аянттарын ишкерлерге пулдап жибергендиги, шаарга 9090 сомдон көчөт олтургузуп акча жегендиги үчүн камакка алынып, мэрлик креслосунан ажыраган. Бош калган орун үчүн шайлоо 8-августка дайындалды.

 

Учурда мэрликти Алмаз Кененбаев, Аргынбек Малабаев, Азиз Суракматов, Жамалбек Ырсалиев өңдүү инсандар мелжеп жаткандыгы белгилүү. Айрым салмактуу инсандар болсо: “жакшы иштеген күндө да мэрлик ушундай кызмат экен, баары бир аягында жаманатты болот экенсиң, андан көрө тынч олтурайын”- деген позицияны карманышууда.

 

Бирок, мэр болуп иштеген соң жаманатты болуп олтурганын оболу өздөрүнөн го. Таза иштеген адамга кантип эле ылай суу жабышсын?! Дал ошондуктан, Бишкекке биринчи кезекте чарбачыл, талапты коё билген, таза мэр керек болуп турган чагы. Айрым эксперттер бул талаптарга мурдагы ИИМ башчысы Мелис Турганбаев дал келерин айтышууда.

 

Белгилүү саясат таанучу Бакыт Бакетаевдин айтымында, эгерде Мелис Турганбаев шаардык мэрияны жетектеп калса, буга чейин шаардык көйгөйлөрүнөн акча жасагандан башканы билбегендер аргасыздан иштей башташат. “Муниципалитеттин иши ачык жаан эффективдүү болушу керек. Тажрыйбалуу күч орган жетекчиси буга бат эле жетише алат. Менин оюмча, бул орунга Мелис Турганбаев абдан туура келип турат”,- дейт ал.

“ИИМдин мурунку башчысы Бишкекти жана анын көйгөйлөрүн абдан жакшы билет. Шаарыбыздын ар бир бурчу менен тааныш. Ал кылмыштуулукка каршы күрөшүп жүргөндө ар дайым коомчулук менен тыгыз байланышта иштеген, ошондуктан, шаардыктар менен байланыш жагынан ойлонбой эле койсо болот. Генерал Турганбаевдин мэриянын аппаратын катуу кармап, бардык шаардык кызматтарды көзөмөлдөп, Бишкекти таза жана кооптуу шаарга айлана алышынан күмөн санабайм. Мен аны реформатор жана принципиалдуу адам катары билем. Анын колунан келет!

 

Мелис Турганбаев ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасында гана эмес, жөнөкөй элдин ичинде да кадыр-баркы бар генералдардан. Анын принципиалдуулугу 85 миллион доллар  каражат сарптап ишке ашырууну каалашкан “Акылдуу шаар” долбоорунан баш тартканынан улам даана билинген. Буга байланыштуу документтерге кол коюудан баш тартып, кызматтан алынган. Анткени, генерал бул долбоор коррупциянын чордону экенин сезген. Мына бүгүн “Акылдуу шаарга” ага таңууланган каражаттан 4 эсе аз акча кетери билине баштабадыбы.  ИИМ башчысы катары реформаларын айтсак болот. Анын тушунда шаарды көзөмөлгө алган мобилдик топтор түзүлүп, үзүрлүү иштеген. Анын ИИМге алып келген жаңылыктары кайрадан киргизилет го, анткени жаңы өкмөткө өлкөдө тартип орнотуу жагынан аксап жатканы багытында көп сын-пикирлер айтылып келатат”,- дейт Бакетаев.

 

“Мелис Турганбаевдин ар дайым өзүн карап, спорттук формасын кармап жүргөнү мен үчүн, потенциалдуу шайлоочу катары өтө маанилүү. Жакында ал ветерандар арасындагы дүйнөлүк чемпионаттан коло медаль утту. Спортко жакын жетекчини көрүү көзгө жагымдуу да. Мен анын шаардын көйгөйлөрүн ИИМде иштеп жүргөнүндөй – кошумча каражат сарптабай жана кредитке ири каражаттарды албай эле чечүү жолдорун таба аларына ишенем. Турганбаев элдик казынага абдан аяр мамиле жасайт, бул абдан принципиалдуу маселе”,- деп сөзүн жыйынтыктады Бакыт Бакетаев.

 

Генерал Турганбаев чынында эле иштин көзүн билген, ар дайым жыйынтыктуу иштеген жетекчилерден. Артынан жаман сөз ээрчибеген саналуу экстердин катарына кирет. Жөнөкөй. Карапайым адамдарга аралашып, баарлашканды жакшы көрөт. Башкача айтканда, мэр боло турган адамга керектүү бардык сапаттарга ээ. Демек, Бишкекке Мелис керек болуп турган учур! Бийлик да Мелистей кадрларга таянса, зоболосу көтөрүлөрү бышык!

 

А.Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити, 25.07.2018-ж.