Тобокел торго да түшүрөт 

 

“Кыңыр иш кырк жылда билинет” деп эл ичинде айтылып келаткандай, коррупцияга каршы өлкөдө жүрүп жаткан күрөш улам жаңы кылмыштуу аракеттерге кылтак салып, “көрбөйт деп ууру кылгандарды” тузагына илүүдө. Акыркы маалыматтардан эле мисал келтирсек, өткөн аптада, тагыраагы 5-июлда коррупция фактысы боюнча Бишкек шаарынын вице-премьери Р.Макенов менен борбор калаа мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгынын начальниги У.Мурзуканов кармалып, УКМКнын убактылуу камоочу жайына киргизилди.

 

Баарыбыз баамдап тургандай, аталган эки фигура жөн адамдардан эмес. Азыр аларга Бишкек шаарында жеке жактарга жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү боюнча айыптар тагылууда.

 

Бул майлуу-сүттүү орундарды ээлеген эки чиновник “кылмыштуу иштерге кайдан илешип жүрүшөт?”- деген суроо өзүнөн өзү жаралары шексиз. Ошондуктан, окурман журт үчүн Башкы прокуратура тарабынан берилген так маалыматтарды тааныштыра кетели.

 

Быйыл 28-апрелде өлкөбүздүн башкы көзөмөл органы – Башкы прокуратура Бишкек шаардык кеңешинин айрым депутаттары, Бишкек мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгынын жана “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын жетекчилери тарабынан “Премиум Контракшн” жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлдөрүнө жана Э.С.Исмантаев аттуу жаранга жер тилкесин убактылуу пайдаланууга мыйзамсыз берүү фактысы боюнча КР Кылмыш кодексинин коррупция беренеси (303-берене. 1-б) боюнча №150-18-87 кылмыш ишин козгогон. Ага ылайык жогоруда аталган мекемелерден жана “Премииум Контракшн” ЖЧКсынан тиешелүү документтер алынып, күбөлөр суралган.

 

Бишкек мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгынын жалпы бөлүмүнүн кызматкерлери Б.Кеңешбекова менен Б.Жакыповалардын айтымында, ижарадагы жерлерди бөлүштүрүү жана үчүнчү тарапка берүү боюнча өтүнүч арыз түшкөн учурда документтер ижаралык жер ээлеринин катышуусунда гана документтештирилет. Ал эми бул окуяда мэриянын Жер ресурстары башкармалыгы ижарага алынган жер тилкесинин ээси Э.Исмантаевдин катышуусусуз эле үчүнчү тараптын арызын каттоого алып, №288 Жобону бузуу менен башкармалыктын начальниги У.Мурзукановдун көрсөтмөсү боюнча жер тилкелерин ижаралоо бөлүмүн мурдагы начальниктери И.Үсөнбаев менен А.Маматовго справкалар берилген.

 

Суракка алынган И.Усөнбаев менен А.Маматовдордун көрсөтмөсү боюнча да Жер ресурстары башкармалыгынын начальниги У.Мурзакановдун өзүм билемдик аракети мыйзамдын талаптарын бузуу болуп эсептелет.

 

Мына ушундай далилдердин негизинде, жогоруда белгилегендей Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш аракеттерин жасагандыгы боюнча шектелген Жер ресурстары башкармалыгынын начальниги У.Мурзаканов 5-июлда кармалды.

 

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө ал 2017-жылдын сентябрь айында Бишкек шаарынын вице-мэри Р.Макеновдун көрсөтмөсү боюнча комиссиянын отурумунун күн тартибине шааркуруу корутундусун берүү жөнүндө маселени киргизгендигин, натыйжада комиссия аны бир добуштан жактыргандыгын моюндады. Ошентип Р.Макеновдун көрсөтмөсү боюнча 2017-жылдын ноябрь айында Э.Исмантаев менен ижара келишими түзүлгөн.

 

Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш аракеттери боюнча шектелген Бишкек шаарынын вице-мэри Ренат Макенов 2018-жылдын 6-июлунда кармалып, тергөө абагына киргизилди.

 

Учурда тиешелүү тергөө амалдары улантылууда жана У.Мурзаканов менен Р.Макеновго айып тагуу, ошондой эле алардын баш коргоо чараларын тандоо маселеси чечилүүдө. Ошону менен бирге эле сөз болуп жаткан кылмыш ишинин алкагында башка далилдерди жана күнөөлүүлөрдү табуу үчүн зарыл делген тергөө амалдары жана ыкчам иликтөө чаралары улантылууда.

 

А.Асанов

Булак: "Майдан.kg" гезити